Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 12-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 5057-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
Темир Аргембаевич Сариев - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;
Тайырбек Дүйшекеевич Сарпашев - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Абдырахман Мадакимович Маматалиев - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Валерий Исидорович Диль - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Дамира Абаскановна Ниязалиева - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Нурханбек Сакенович Момуналиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна;
Эрлан Бекешович Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин кызмат ордуна;
Мелис Токтомамбетович Турганбаев - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна;
Жылдыз Жээнбаевна Мамбеталиева - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;
Адылбек Алешович Касымалиев - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;
Олег Михайлович Панкратов - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;
Таалайбек Алимбекович Айдаралиев - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызмат ордуна;
Аргынбек Жумабекович Малабаев - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна;
Кубатбек Айылчиевич Боронов - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;
Кубанычбек Апышевич Турдубаев - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна;
Эльвира Кубанычбековна Сариева - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;
Талантбек Абдуллаевич Батыралиев - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;
Алтынбек Аскарович Максутов - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;
Кудайберген Базарбаевич Базарбаев - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;
Айбек Жаныбекович Азыранкулов - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин кызмат ордуна;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кызматы - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын кызматы - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлерди дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө";
2014-жылдын 1-октябрындагы № 4340-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 8-октябрындагы № 4356-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 23-октябрындагы № 4421-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 5-ноябрындагы № 4424-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 18-декабрындагы № 4618-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 24-декабрындагы № 4621-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
2014-жылдын 24-декабрындагы № 4623-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө";
2015-жылдын 18-февралындагы № 4796-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |