КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 4353-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Макешев Жумадилдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Макешев Жумадилдин ыйгарым укуктары 2014-жылдын 11-сентябрынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Төрага | А.Жээнбеков |