ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 2-октябрындагы № 4353-V «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Макешев Жумадилдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому

Редакция02.10.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 2-октябры № 4353-V

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Макешев Жумадилдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы Макешев Жумадилдин ыйгарым укуктары 2014-жылдын 11-сентябрынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

Төрага

А.Жээнбеков