Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 11-мартындагы № 3784-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-октябры № 4388-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна келип түшкөн айрым мыйзам долбоорлорун кароону убактылуу токтото туруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛAТ:
"Кыргыз Республикасында сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы УП № 147 Жарлыгынын негизинде түзүлгөн эксперттик жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстеринин, жосундар жөнүндө кодекстин жаңы долбоорлорунун иштелип жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде али биринчи окууда карала элек Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун кароо убактылуу токтото турулсун.
Төрага | А. Жээнбеков |