Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 83 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 8-августу ПЖ №147
Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияны түзүү жөнүндө" Жарлыгы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссиясы (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракцияларынын лидерлеринин, бийликтин сот бутагынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарандык коомдун, көз карандысыз эксперттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн тартуу менен маанилүү иш жүргүздү.
Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жакынкы келечекке соттук реформанын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча баалуу талдоолордон жана ачык-айкын сунуштардан турган сот түзүлүшүнүн жана сот өндүрүшүнүн кыйла актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү боюнча рекомендацияларды сунуш кылды.
Сот системасын андан ары реформалоо азыр колдонулуп жаткан администрациялык, жазык, жазык-процесстик, жарандык процесстик мыйзамдарды, ошондой эле соттордун, укук коргоо органдарынын иштерин уюштурууну жөнгө салган мыйзамдарды жана сот адилеттигин жүргүзүү маселелерине түздөн-түз же кыйыр түрдө байланышкан башка мыйзамдарды жаңылоону талап кылат. Ал формасы жана мазмуну боюнча коомдук керектөөлөргө, илимий мамилелерге жана практикалык тажрыйбага жооп берип, эл аралык-укуктук стандарттарга ылайык келүүгө тийиш.
Сот системасы ачык-айкын жана анын иши жарандык коом тарабынан контролдоо үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Акыр аягында сот мамлекеттеги коомдук турмуштун айдыңына көз карандысыз, жеке таламдардан, саясый көшөкөрлөнүүдөн жана идеологиялык ынанымдардан оолак, мамлекетте мыйзамдын жана адилеттиктин кепили катары чыгууга тийиш.
Күчтүү сот бийлигинин болушу экономикалык укук мамилелеринин туруктуулугунун өбөлгөсү болуп калууга жана өлкөнүн экономикасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Кыргызстандын азыркы шарттарында соттордун жана укук коргоо органдарынын иштеп жаткан системасын аларды трансформациялоого, сапаттык жаңы түзүмгө өсүп жеткирүүгө чейин бузуп-жарбастан жаңылоо кыйла акылга сыярлык жана үнөмдүү болуп саналат. Сот системасындагы түзүмдүк өзгөрүүлөр орун алган уюштуруу түзүмдөрүнө таянуу менен этап боюнча өтүп, акырындык менен сапаттык жаңы мазмун менен толукталышы керек.
Жогоруда аталган жана башка маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин жигердүү катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен күч-аракети талап кылынат.
Соттук реформаны жүргүзүүдө, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын соттук коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күч-аракетин кыйла тыгыз өз ара аракетке келтирүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-, 60- жана 65-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияны түзүү жөнүндө" (тиркеме) Жарлыгы менен түзүлгөн сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия даярдаган рекомендациялар негиз катары алынсын.
2. Кыргыз Республикасында соттук реформанын негизги максаттары катары рекомендацияларга ылайык төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик бутактарынын бири катары өз алдынча жана көз карандысыз сот бийлигин калыптандыруу;
- сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
- сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү;
- адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу;
- кадрдык, финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү;
- сот адилеттигинин сапаттуу жүргүзүү үчүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын адам укуктары жагындагы эл аралык укуктун ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, бул жарандардын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылууга тийиш.
3. Соттук реформанын негизги багыттары катары төмөнкүлөр каралсын:
- сот түзүлүшүн жана сот өндүрүшүн өркүндөтүү;
- сот адилеттигин гуманизациялоо;
- сот системасынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин өнүктүрүү;
- судьялык кадрларды даярдоонун заманбап системасын түзүү, сот системасын судьялардын жогору квалификациялуу кадрлары жана сот аппараттарынын кызматкерлери менен чыңдоо;
- судьялар тарабынан өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын судьяларын абийир Кодексин сактоо боюнча аларга коюлган талаптарды жогорулатуу, судьялардын тартип жоопкерчилигинин натыйжалуу механизмдерин киргизүү;
- сот адилеттигинин ачыктык жана маалымдуулук принциптерин ишке ашырууну камсыз кылуу;
- сот адилеттигине карата жарандардын ишенимдерин жогорулатуу;
- жаңжалдарды чечүүнүн альтернативдик механизмдерин киргизүү;
- сот системасынын өз алдынчалуулугун чыңдоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу;
- демократиялык укуктук аң-сезимди жана укуктук маданиятты өнүктүрүүгө багытталган ырааттуу укуктук саясатты жүргүзүү.
4. Администрациялык, жазык мыйзамдарын, сот түзүлүшү жөнүндө мыйзамдарды, жарандык процесстик жана жазык-процесстик мыйзамдарды өнүктүрүүнүн негизги милдеттери деп төмөнкүлөргө багытталган чараларды жана механизмдерди киргизүү эсептелсин, атап айтканда:
- соттордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктарын толук жүзөгө ашыруу, ошондой эле соттук каталыктарды оңдоо максатында сот түзүлүшүн конституциялык принциптерде уюштуруу;
- сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактарды натыйжалуу коргоо жана бузулган укуктарын калыбына келтирүү;
- жазык мыйзамдарын либералдаштыруу жана коомдук, анын ичинде экономикалык чөйрөдө чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды декриминалдаштыруу, аларды администрациялык укук бузуулардын категориясына өткөрүү жана кылмыштарды жасагандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле айрым кылмыштардын оордук даражасына кайра баа берүү;
- сот өндүрүшүндө жараштыруу жол-жоболорун, анын ичинде медиация институтун өнүктүрүү, ошондой эле жазык иштеринин жеке жана жеке-ачык айыптоо категорияларын кеңейтүү;
- тараптарды жараштырууга байланыштуу адамдарды жазык жоопкерчилигинен бошотуу тартибин жөнгө салуу, анча чоң эмес жана орто оордуктагы экономикалык кылмыш жасаган адамдарга карата, алар келтирилген зыянды ыктыярдуу түрдө ордун толтурган учурда, камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чараларын колдонуу үчүн чектөөлөрдү белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бирдиктүү соттук тажрыйбаны калыптандыруу;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чаралар.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) түзүлсүн жана Кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
Кеңеш өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштарды даярдоо, соттордун, укук коргоо органдарынын ишин уюштурууну жана анын тартибин, судьялардын статусун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана кабыл алуу боюнча мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу максатында кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп санала тургандыгы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси мамлекеттик органдардын, юристтердин, адвокаттардын бирикмелеринин, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар менен жүргүзүлгөн консультациялардын негизинде жогоруда аталган Кеңештин жеке курамы боюнча сунуш киргизсин.
7. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттерине соттук реформалоо маселелери боюнча, ошондой эле соттордун ишин уюштурууну жана анын тартибин, судьялардын статусун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында соттук реформа боюнча Кеңешке алдын-ала экспертиза жүргүзүү үчүн берүү сунуш кылынсын.
8. Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте 2012-жылдын төртүнчү кварталынын аягына чейин сотторду финансылоону жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну, анын ичинде соттордун имараттарын жана жайларын капиталдык оңдоону, реконструкциялоону, курууну, аларды компьютерлештирүүнү жана башка техникалык жактан жабдууну олуттуу жакшыртууга багытталган "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө киргизүү сунуш кылынсын.
9. Иш-чараларды, анын ичинде ушул Жарлыктан келип чыккан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну эксперттик жумушчу топтор жүргүзө тургандыгы белгиленсин. Эксперттик топтордун саны, алардын жекече курамы жана ишмердигинин багыттары, ошондой эле аларды уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан аныкталат.
10. Кеңештин жана эксперттик жумушчу топтордун ишин уюштуруу-усулдук жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнө, материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
11. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
12. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |
| Тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссиянын РЕКОМЕНДАЦИЯЛАРЫ
Укуктун үстөмдүгүнүн негизинде акыйкат жана натыйжалуу сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуунун кепилдиги катары сот бийлигинин көз карандысыздыгын, адамдын, юридикалык жактардын, коомдун жана мамлекеттин бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо жана калыбына келтирүүдө сот бийлигинин өзгөчө ролун таанып, сот системасын андан ары реформалоонун жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн зарылдыгын түшүнүп, Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча бул сунуштар кабыл алынат.
Сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруудагы негизги көйгөйлөрдү көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын сот системасын реформалоонун негизги багыттарын аныктоо менен бул рекомендациялар Кыргызстандын сот системасын жакынкы беш жылга өнүктүрүүнүн багытын беришет.
1. Сот системасындагы кырдаалды талдоо
Кырдаалга талдоо жүргүзүүдө убактылуу жана адам ресурстарынын чектелгендигинен көйгөйлөрдү изилдөө боюнча кээ бир инструментарийлер, анын ичинде кызыкдар органдардын жана адамдардын кеңири катышуусу менен соттук реформалоо маселелери боюнча диалогдорду жүргүзүүнү кошо алганда, сот системасынын ишмердүүлүгү жана башкалар жөнүндө статистикалык маалыматтарды талдоо, ошондой эле, биринчиден, сот системасынын күчтүү жана алсыз жактарын, ошондой эле тышкы мүмкүнчүлүктөрдү, тобокелдиктерди жана коркунучтарды аныктоону, экинчиден, алардын ортосунда байланыштарды түзүүнү түшүндүргөн SWОТ-талдоо колдонулган.
Бул талдоо учурда иштеп жаткан сот системасы институттук сыяктуу эле, материалдык жана процесстик укук чөйрөлөрүндө сот адилеттүүлүгүн жүргүзүү боюнча толук көлөмдө конституциялык принциптерге жана эл аралык стандарттарга жооп бербей турганын түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
1) 1994-2009-жылдары жүргүзүлгөн кайра түзүүлөр сот системасын толугу менен саясаттан тышкары турган жана укуктун үстөмдүгүнө кепилдик берүүчү бийликтин өз алдынча бутагы болуусуна мүмкүнчүлүк бере албады. Сот системасы бийликтин башка бутактарынан дагы эле көз каранды бойдон калууда.
Судьялардын статусун бекемдөө үчүн көрүлгөн чараларга карабастан, сот адилеттүүлүгүн аткаруунун сапаты жана маданияты жакшырган жок. Соттордун аброю жана коомчулуктун судьяларга болгон ишеними төмөндөдү.
Судьяларды жана сот кызматкерлерин коргоо системасы жок.
2) Судьяларды тандоо жол-жобосу саясатташкан жана ал судьялардын айрым саясый күчтөрдөн көз каранды болушуна алып келет.
Бардык эле судьялар жана судьянын кызмат ордуна талапкер болгондор судьянын статусу - бул бийликке жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болуу эмес, ал жоопкерчилик экендигин жетиштүү түшүнө билишпейт.
Судьялардын жана соттордун, сот департаментинин аппараттарынын кызматкерлеринин квалификациясынын жана компетенциясынын деңгээли өркүндөтүүнү талап кылат.
Судьялык кадрларды даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу, милдеттүү жана квалификациялуу системасы жок (донордук жардамга көз карандылык, окутуучу персоналдын чектелген потенциалы, окуу стандарттарынын жана программалардын жоктугу).
3) Ушул кезге чейин сот системасын компетентсиз жана таза эмес соттордон өз алдынча тазалануунун натыйжалуу механизмин түзүүгө жана ишке киргизүүгө мүмкүн болбоду.
Судьялардын, атап айтканда, адилеттүү эмес чечим чыгаргандыгы, соттук функцияларды квалификациялуу эмес ишке ашыргандыгы жана соттук ыксыз создуктуруу үчүн жоопкерчилик механизмдери жеткиликтүү иштелип чыккан эмес.
Судьялардын ишмердүүлүгүнө объективдүү баа берүүнүн натыйжалуу системасы жокко эсе.
4) Соттук түзүлүштүн колдонулуп жаткан системасы сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүктү жана соттук катачылыктарды оңдоонун мүмкүнчүлүгүн толук өлчөмүндө камсыз кылбайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын иш жүргүзбөгөндүгү коомчулукту Конституция менен таанылган өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатат.
Сот процессинде тараптардын айкын мелдешүүчүлүгү үчүн механизмдер түзүлгөн эмес.
Судьялардын жетишсиз адистештирүүсүнүн, алардын функцияларынын кеңейүүсү менен (камакка алууга санкцияларды берүү ж.б.) соттордун ишинин оорчулугунун жана сотко чейинки элдешүүнүн натыйжалуу механизмдеринин жоктугунан улам сот адилеттүүлүгүнүн сапаты төмөндөгөн.
Соттук администрациялоодо (соттордо иштерди бөлүштүрүүдө ж.б.у.с.) коррупциялык көрүнүштөргө өбөлгө түзүүчү механизмдер сакталып калууда.
Сот системасын орун алган администрациялык-аймактык түзүлүшкө таңуулоо сотторго текши эмес оорчулук жүктөөгө алып келет жана сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүн чектеп турат.
5) Сот өндүрүшү башкы - калыс, ачык жана адилеттүү сотко болгон укукту камсыз кылуу маселени чечпейт.
Соттук териштирүүлөр жетиштүү деңгээлде ачык эмес, ал эми соттук актылар коомчулукка жеткиликтүү эмес, соттук материалдарга жана архивдерге кеңири жеткиликтүүлүк мыйзам тарабынан жөнгө салынган эмес.
Жазык сот өндүрүшүндө айыптоого басым жасалат, судьялык кароо үчүн мыйзамдуу аныкталган мүмкүнчүлүктөрдө бул кароолордун алкагында чыгарылуучу чечимди сот тарабынан негиздөө бөлүгүндө өтө жогорку талаптарды аныктоо зарыл.
Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик, Жарандык жана Жарандык процесстик, Жазык-аткаруу кодекстеринин жана башка мыйзамдардын жоболору өркүндөтүүнү талап кылат.
Материалдык жана процесстик мыйзамдардын ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү системалуу эмес мүнөздө, бул болсо мыйзамдарда жана ар кандай укук колдонуу тажрыйбанда ички коллизияларга алып келет.
Экспертизалар чөйрөсүндөгү мамлекеттик монополия көз карандысыз эксперттик уюмдарды өнүктүрүүгө жана аларды тиешелүү тармактарда адистештирүүгө өбөлгө түзбөйт.
6) Сот актыларын аткаруу системасы натыйжасыз.
Мамлекет тарабынан кепилдик берилген акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасы жетиштүү эмес.
7) Сот системасын мамлекеттик финансылоонун кыскаруусу сот адилеттүүлүгүн аткаруунун сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.
Сот системасынын бюджетин өз алдынча түзүүнүн жана аткаруунун мыйзамда бекитилген жол-жоболору иш жүзүндө тиешелүү түрдө ишке ашырылбай жатат.
Сот системасынын өкүлдөрү өздөрүнүн керектөөлөрүн аныктоодо жана түзүүдө начар потенциалга ээ.
Сот системасында эмгекке акы төлөөнү жана социалдык жактан коргоо системасын өркүндөтүү көйгөйлөрү чечилбеген бойдон калууда.
Соттук инфраструктура өркүндөтүлбөйт (атап айтканда, сот адилеттүүлүгүнүн муктаждыктарына ыңгайлаштырылган сот имараттары жок), маалыматтык технологияларды ишке киргизүү начар болууда (атап айтканда, сот процессин так белгилөө үчүн соттор техникалык каражаттар менен камсыз болгон эмес).
Калктын аялуу катмарлары жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн сот адилеттүүлүгүнө жетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү чектелген (пандустар, лифттер, сурдокотормочулар ж.б.).
Ошону менен бирге сот системасын андан ары реформалоо үчүн анын күчтүү жактарын жана тышкы мүмкүнчүлүктөрүн белгилөө жана колдонуу зарыл.
Кыргызстан эли, 2010-жылдагы Конституцияны кабыл алуу менен өзүнүн тандоосун көз карандысыз жана натыйжалуу сот системасынын пайдасына жасады, бийлик бутактарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда сот системасын реформалоо процессин чыңдоо зарылчылыгын түшүнүү орун алган.
Бул багыт мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калууда. Коомчулук сот системасында позитивдүү өзгөрүүлөрдү күтөт.
Өлкөнүн эксперттик потенциалы сот системасындагы реформаларга кесипкөйлүк менен көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Донордук коомчулук укуктун үстөмдүгү жана демократиянын принциптеринин негизинде сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөөдө өлкөнү колдоого даяр.
Азыркы учурда сот түзүлүшүнүн жана сот өндүрүшүнүн системасы түзүлдү жана иштей баштады.
Конституциянын талаптарына жооп берүүчү, конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө жаңы мыйзамдар кабыл алынган.
Мамлекет жана коомчулук тарабынан көз карандысыз сот системасы үчүн шарттарды түзүү боюнча күч-аракеттер көрүлүүдө.
Судьялык өз алдынча башкаруу органдары бар, алардын ишмердүүлүгү судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга жана алардын кесипкөй жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Судьялардын кызмат орундарына талапкерлерди тандоо маселелери менен иш жүргүзгөн өзүнчө, көз карандысыз орган катары судьяларды тандоо боюнча Кеңеш түзүлгөн.
Сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүккө кийлигишпөө принциби Конституция менен бекитилген.
Сот системасында белгилүү бир инфраструктура бар.
Судьянын кесибине болгон кызыгуу судьялардын кызмат орундарына талапкерлерди тандоодо кеңири эркиндикти кароого мүмкүндүк берет.
Соттук реформалоонун билдирилген маселелеринин натыйжалуу жыйынтыктарын алуу үчүн ички финансылык ресурстарды мобилдештирүү (кайра бөлүштүрүү) мүмкүнчүлүктөрү орун алган.
Ошол эле учурда төмөнкүлөр менен байланыштуу болгон белгилүү бир тобокелдиктер жана коркунучтар бар:
өлкөдө саясый күчтөрдүн конфигурациясынын өзгөрүүсү;
партиялык кызыкчылыктардын жана ушул макулдашылган сунуштарга каршы келген башка топтордун кызыкчылыктарынын басымдуулугу;
консервативдик күчтөрдүн каршылык көрсөтүүсүнөн арылуунун кыйынчылыгы;
социалдык-экономикалык кризистин айынан мамлекеттик финансылоонун өтө кыскарышы;
алдыга коюлган маселелерди жүзөгө ашыруунун жана конкреттүү иш-чараларды аныктоонун жүрүшүндөгү каталыктар, аракеттердин жана чечимдердин макулдашылбагандыгы жана системалуу эместиги;
мамилелердин ар түрдүүлүгү, соттук реформалоонун чараларын натыйжалуу администрациялоонун жоктугу.
2. Сот системасын реформалоонун өңүтү, максаттары жана милдеттери
Реформалоо натыйжалуу сот системасын түзүүгө жана жарандардын сот системасына болгон ишенимин кайтарып берүүгө багытталган, бул өлкөнүн инвестициялык кызыктыруу деңгээлин жогорулатууга жана калктын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт эле.
Бул макулдашылган сунуштар узак мөөнөткө эсептелген жана аларды жүзөгө ашыруу бир нече этаптарга каралган. Алардын ичинен өтө артыкчылыктуусун аткаруу 2012-жылдан 2017-жылга чейинки мөөнөткө пландаштырылган.
Ушул макулдашылган сунуштарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында төмөнкүлөр күтүлүүдө:
адамдардын сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет;
кесипкөйлүктүн жана кынтыксыздыктын негизинде судьяларды ачык-айкын тандоо жолу менен учурга ылайык судьялар корпусу жаңыланат, ошондой эле судьялардын өз алдынча тазаланышы жана алардын жоопкерчилиги жогорулайт;
сот системасы ачык-айкын болот жана анын ишмердүүлүгү жарандык коомчулук тарабынан контролдук жүргүзүү үчүн жеткиликтүү болот;
сот процессинде тараптардын айкын мелдешүүчүлүгү камсыздалат;
иштерди карап чыгуу жана соттук актыларды негизсиз кечиктирүүсүз чыгаруу камсыз болот;
сот өндүрүшүндө бузулган укуктук мамилелерге карата калыбына келтирүүчү ыкмасы киргизилет;
иштеп жаткан мамлекеттик институттар менен бирге чыр-чатактарды чечүүнүн альтернаттык механизмдери өнүгөт;
судьялардын кесипкөйлүгүнө баа берүү объективдүү индикаторлор менен аныкталат;
судьялардын, соттордун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системалуу негизде ишке ашырылат;
сот системасы анын реалдуу керектөөлөрүн эсепке алуу менен тиешелүү түрдө финансыланат.
Сот системасын реформалоонун максаты
Эл аралык стандарттарга ылайык укуктун үстөмдүгүнүн негизинде адамдын акыйкат сот адилеттүүлүгүнө болгон укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу соттук реформанын максаты болуп саналат.
Сот системасын реформалоонун милдеттери
Сот системасын реформалоонун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
2) кадрдык потенциалды чыңдоо;
3) судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
4) сот түзүлүшүнүн системасын өркүндөтүү;
5) сот өндүрүшүн өркүндөтүү;
6) аткаруучулук өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
7) сот системасын финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну бекемдөө.
3. Сот системасын реформалоонун негизги багыттары
3.1. Судьянын статусу
3.1.1. Судьянын көз карандысыздыгын камсыз кылуу
Судьянын көз карандысыздыгын камсыз кылуу жагында төмөнкүлөр зарыл:
- судьялардын жүрүш-турушунун маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды жана судьянын абийир Кодексинин өркүндөтүүдө судьялардын жүрүш-турушунун эл аралык принциптерин: көз карандысыздык, объективдүүлүк, компетенттүүлүк, ак ниеттик жана сатылбагандык, этикалык ченемдерди сактоону жетекчиликке алат;
- судьянын абийир Кодексин жеткире иштеп чыгуу жана ага иштиктүү комментарийди иштеп чыгуу;
- сот тажрыйбасын жыл сайын жалпылоону караштыруу, анын натыйжасы боюнча комментарийлерди, иштиктүү колдонмолорду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун түшүндүрмөлөрүнө сунуштоочу мүнөз берүү;
- каралуучу иштердин санынын өлчөмүнө жараша сотторду судьялардын жетиштүү саны менен камсыз кылууну караштыруу;
- судьялардын, соттордун жана Сот департаментинин аппараттарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын жашоонун кадимки шарттарын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жана алардын кесибинин жоопкерчилигинин деңгээлин чагылдыргыдай шайкеш деңгээлге жогорулатуу;
- судьялардын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кепилдиктерди кароо.
Соттук чечимди карап чыгууда жана чыгарууда көз карандысыздыкты жүзөгө ашыруу боюнча:
- судьялар кабыл алган чечимдер үчүн, анын ичинде соттор ортосунда юридикалык талкуулоолордун туура келбеген учурунда, айрым соттук катачылыктар жана сот системасын сындагандыгы үчүн аларды тартип жазасына тартууну алып салуу;
- судьяларга карата жекече аныктамаларды чыгарууну алып салуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
- сот адилеттүүлүгүн аткаруу процессинде басым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттери жөнүндө тиешелүү органдарга, коомчулукка билдирүүгө судьяны милдеттендирүүчү эрежелерди жана бул эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти өзүнчө мыйзамдарда кароо;
- сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүккө кийлигишкендиги үчүн адамдарды чындап жоопкерчиликке тартуу, мында андай адамдардын жоопкерчилигин, анын ичинде жазык жоопкерчилигин регламенттөө жана кызмат адамдарын кызмат ордунан бошотуу;
- судьянын функциялык кол тийбестигинин кепилдиктерин кароо, анын ичинде алардын ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да кароо.
3.1.2 Кадрдык потенциалды бекемдөө
Кадрдык потенциалды бекемдөө жагында төмөнкүлөр зарыл.
Судьяларды тандоо маселелери боюнча:
- судьяларды тандоо жол-жобосунун маалымдуулугун, ачыктыгын, айкындуулугун караштыруу;
- кесиптик компетенциясын (мыйзамды, эл аралык стандарттарды билүү, сот процессин жүргүзө билүү, негизделген чечимдерди жазуу жөндөмдүүлүгү), жеке компетенциясын (оорчулуктарда жеңе билүү жана чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү, жаңы технологияларда иштей билүү), коомдук компетенцияны (сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана тараптарды жараштыруу боюнча көндүмдөр, тараптарды урматтоо, этика-адеп-ахлактык сапаттар) кошо алганда, судьяларды тандоонун өзүнүн жол-жоболорунун жана так критерийлеринин ченемдик алкактарын караштыруу;
- саясый күчтөрдүн кийлигишүүсүн болтурбоо менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын курамын түзүү процессин биринчи кезектеги тартипте баштоо;
- Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешине талапкерлерди тандоо үчүн конкреттүү талаптарды жана так критерийлерди кароо (жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн түзүүнүн жетиштүү мөөнөттөрү, ак ниеттүүлүк, сатылбастык, адеп-ахлактык-этикалык сапаттар, саясый таасирлерге туруктуулук ж.б.), аны менен бирге жарандык коомдон талапкер (эң аз дегенде акыркы үч жылда) саясый партиянын мүчөсү болбоого, укук коргоо органдарынын кадрларынын карамагында болбоого, адвокат болбоого тийиш;
- региондордон келген судьялардын Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин курамында катышуу милдеттүүлүгүн бекитүү.
Судьяларга кесиптик баа берүү маселелери боюнча:
- мыйзамда судьянын ишмердүүлүгүнө кесиптик баа берүүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн төмөнкүлөрдү эске алуу менен так көрсөтүү:
а) кесипкөйлүк компетенциясын (мыйзамды билүү, сот процессин жүргүзө билүү, негизделген чечимдерди жазуу жөндөмдүүлүгү);
б) жеке компетенциясын (оорчулуктарда жеңе билүү жана чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү, өзүнө баа бере билүүсү жана жаңы технологияларда иштей билүү);
в) коомдук компетенцияны (сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана тараптарды жараштыруу боюнча көндүмдөр, тараптарды урматтоо, этика-адеп-ахлактык сапаттар);
- судьялардын квалификациясын милдеттүү түрдө системалуу жогорулатууну кароо, анын программасына материалдык жана процесстик укуктун тармактары боюнча курстардан тышкары, этика боюнча, Конституциянын жана эл аралык укуктун ченемдерин колдонуу боюнча, маалыматтык технологияларды колдонуунун көндүмдөрүн үйрөтүү боюнча курстарды киргизүү;
- судьяларга квалификациялык класстарды берүүнү алып салуу.
Окутуу программаларын институттук өнүктүрүү маселелери боюнча:
- судьялардын жана соттордун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун жогорку мектебин түзүү, ошондой эле судьялардын Окуу борборунун базасында судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу;
- илимий жана судьялык коомчулук менен биргеликте окутуунун комплекстүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүү, ал судьянын ишинде өзгөчө талап кылынышына жана университеттик билимин толуктап туруусуна топтоштурулушу керек;
- судьяларды, соттордун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Сот департаментинин аппараттарынын кызматкерлерин жогорку мектепте мезгили менен окутуунун милдеттүүлүгүн кароо;
- судьянын кызмат ордуна талапкерлер үчүн окутуунун ар кандай формаларын (күндүзгү, кечки, сырттан окуу ж.б.), анын ичинде экстернат формасында окутууну кароо;
- жогорку мектептин окутуучулар курамына жогорку илимий квалификациядагы адистерди, иштеп жаткан судьяларды жана прокурорлорду, практика жүзүндө иш алып барып жаткан адвокаттарды ж.б. тартуу;
- соттордун бюджетинде өзүнчө чыгашалар статьясын карап көрүү менен жогорку мектепти мамлекеттик финансылоону кароо.
3.1.3. Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу
Судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жол-жобосун өркүндөтүү жагында төмөнкүлөр зарыл.
Ачык соттук жыйналыштарда каралган иштер боюнча процесстердин катышуучулары болуп саналбаган адамдар үчүн соттук материалдарга жана архивдерге жеткиликтүүлүк тартибин мыйзамдарда жана нускамаларда карап жана жөнгө салып, мыйзамдарда ачыктыкты бекитүү менен сот өндүрүшүнүн кеңири ачыктыгы аркылуу судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу.
Тартип өндүрүшүнүн маселелери боюнча:
- жазык жоопкерчилигинин колдонулуп жаткан ченемдерин, айрым судьялар тарабынан кабыл алынган, материалдык жана процесстик укуктун ченемдеринин судьялар жана сот тарабынан орой бузууларын эске алуу менен жогору турган соттук инстанциялар тарабынан жокко чыгарылган чечимдерин кошо алганда, адилеттүү эмес чечим чыгаргандыгы үчүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуунун алкагында алардын сот адилеттүүлүгүн сапаттуу аткаруунун конкреттүү критерийлерин кароо;
- тартип өндүрүшүн козгоо жана иликтөө боюнча функцияларды карап чыгуу боюнча жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу менен бирге алар бир органдын судьялар - Кеңешинин карамагында болбошу үчүн аларды ченемдик жол менен ажыратуу;
- тартип маселелери боюнча судьялар Кеңешинен өзүнчө турган көз карандысыз органды - судьялар Кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө курамында ар бир региондо 5 мүчөдөн кем эмес жана төмөнкүлөрдөн турган тартип комиссияларын түзүү:
комиссиянын курамынын жарымынан ашыгы - судьялар Кеңешинин мүчөлөрү, соттордун төрагалары жана төрагалардын орун басарлары болуп саналбаган, судьялардын ичинен жергиликтүү соттордун судьяларынын (сот түзүлүшүнүн реформасы менен байланыштуу аймактуулукту эске алып) жыйналышы менен;
комиссиянын курамынын калган бөлүгү боюнча - практика жүзүндө иш алып барган адвокаттар болуп саналбаган, жарандык юридикалык коомдун өкүлдөрүнүн ичинен;
- судьялар Кеңешинин сунуштарына негизденген, судьянын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө кынтыксыз иштебеген судьяны кызмат ордунда сактап калуудан четтөөгө мүмкүндүк берүүчү жол-жобону аныктоо;
- тартип өндүрүшүнүн бардык этаптарында мыйзамда белгиленген тартипте маалымдуулукту, айкындыкты, ачыктыкты кароо;
- судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу маселелери боюнча судьялар Кеңешинин акыркы чечимдерин жарыялоону кароо.
Тартип өндүрүшүндө тараптардын укуктарын камсыз кылуу боюнча:
- судьянын орой жана кесипкөй эмес кечирилгис жүрүш-турушунун учурунда гана тартип өндүрүшүн козгоону кароо;
- судьянын аракетине арызы кабыл алынган адамга тартип комиссиясынын жыйналышында өзүнүн даттануу арызын колдоо укугу жана даттанылган судьяга тең укуктуу тараптар катары ишти кароого катышуу менен өзүнүн каршы пикирлерин берүү укугун кароо; даттануу арызды четке кагуу же кабыл алуу тараптардын каалоосу менен судьялар Кеңешинде даттануунун предмети болууга тийиш;
3.2. Сот түзүлүшү Сот түзүлүшүнүн системасын өзгөртүү
3.2.1. Соттордун системасы, инстанциялуулук
Соттор системасында сот түзүлүшүн өзгөртүү зарыл жана соттук катачылыктарды оңдоо үчүн инстанциялуулукту өзгөртүү жана төмөнкүлөрдү ишке ашыруу сунуш кылынат:
1) Кыргыз Республикасынын биринчи инстанциядагы соттору ишти маңызы боюнча карашат, мында иштерди кароо негизинен жеке, ал эми мыйзамдарда каралган учурларда, коллегиалдуу түрдө жүзөгө ашырылат;
2) Кыргыз Республикасынын экинчи инстанциядагы соттору - кассациялык даттанууну алып салганда, апелляциялык сот;
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту - кассациялык сот төмөн турган соттор тарабынан материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин колдонуунун тууралыгы боюнча гана тараптардын арыздарын карайт.
- аскер сотторун жоюу;
- иштердин белгилүү бир категориялары боюнча жараштыруучу судьялар институтунун компетенциясын кароо менен аларды жергиликтүү соттордун системасына колдонууга киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумуна (мындан ары Пленум) адвокаттардын, юридикалык жана илимий коомчулуктун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ичинен чакырылган адамдардын курамын кеңейтүү жана Пленумдун түшүндүрмөлөрүнө соттук тажрыйбаны жалпылоо жана түзүү боюнча орган катары анын позициясын күчтөндүрүү менен сунуштоочу мүнөз берүүнү сунуш кылуу.
3.2.2. Аймактуулук
Соттордун аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жагында сотторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн калктын жыштыгын жана жердин географиясын эсепке алуу менен жарандарга соттук же аппеляциялык округдарды кароо зарыл, алар аймагы боюнча мамлекеттин администрациялык-аймактык түзүлүшүнө ылайык келбеши мүмкүн.
3.2.3. Сотторду жана судьяларды адистештирүү
Сотторду жана судьяларды адистештирүүнү өркүндөтүү жагында төмөнкүлөр зарыл:
- биринчи этапта судьяларды адистештирүүнү киргизүү:
администрациялык иштер боюнча судьяларды жана коллегияларды;
кармоонун мыйзамдуулугу жөнүндө чечүүчү жана камакка алууга, тинтүү жүргүзүүгө, кароого жана башка аракеттерди ишке ашырууга, Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте турак жайларга жана менчиктин башка объекттерине кирүүгө санкция берүүчү судьяларды;
- узак мөөнөттүү келечекте администрациялык сотторду түзүү.
3.3. Сот өндүрүшү
3.3.1. Сот өндүрүшүнүн жалпы маселелери
Сот өндүрүшүнүн системасын өркүндөтүү жагында төмөнкүлөр зарыл:
- экинчи инстанциянын сотторуна аппеляциялык инстанциянын статусун берүү, анда сот иштери айкын жагдайлардын көз карашында акыркы чечимди кабыл алуу менен кандай болбосун негиздер (укуктук жана далилдүү) боюнча каралууга тийиш, бирок ал мыйзамдуу күчүнө кирбейт, укуктук негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда тараптардын даттануу укугу бар;
- иш боюнча жаңы чечимди кабыл алуу укугун алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассация тартибинде иштерди карап чыгууну өткөрүп берүү, ал үчүн төмөн турган соттордун соттук актыларын кайра карап чыгуу боюнча ага ыйгарым укуктарды берүү укуктук негиздер боюнча (материалдык укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу жана бул өңдүү негиздердин тизмесин мыйзамда аныктоо менен процесстик укуктардын ченемдерин олуттуу бузуу) жана бардык даттанууларды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тиешелүү соттук коллегиясынын бардык курамынын мыйзам менен белгиленген тартипте карап чыгуусу сунушталат;
- соттордун штаттарына котормочуларды киргизүү мүмкүнчүлүгү менен соттук жыйналышта котормочуну пайдаланууга укукту ишке ашырууну кароо;
- көз карандысыз эксперттик уюмдардын институттарын жана алардын тиешелүү адистештирүүсүн өнүктүрүү;
- жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра карап чыгуу институтун өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун, эл аралык соттордун жана эл аралык атайын органдардын чечимдеринин негизинде жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра карап чыгуу институтун киргизүү;
- Кыргызстандын укуктук системасынын бөлүгү болуп калган эл аралык макулдашуулар улуттук мыйзамдар менен катар судьялардын чыгарып жаткан чечимдери үчүн юридикалык негиз катары эске алынышына багытталган зарыл болгон кадамдарды кабыл алуу;
- соттордун ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коомдук мааниге ээ болгон соттук чечимдер жөнүндө өз учурундагы маалыматты коомчулукка берүү үчүн биринчи инстанциянын (көп курамдуу) жана экинчи инстанциянын сотторунда сот тарабынан чыгарылган чечимдердин мазмунун түшүндүрүү максатында бир жылдык мөөнөт менен тиешелүү соттордун судьяларынын ичинен шайлануучу, коомчулук менен байланыш түзүү маселелери үчүн жооптуу болгон судьялардын институтун киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- мамлекет тарабынан кепилдик берилген акысыз юридикалык жардамдашуу системасын реформалоо.
3.3.2. Жазык укугу жана сот өндүрүшү
Жазык мыйзамдарын гумандаштыруу жагында төмөнкүлөр зарыл:
- жазык жосундарын декриминалдаштырууну (жосунду кылмыштык эмес деп таануу менен байланышкан процесс) жана депенализациялоону (жосундун жазаланышын токтотуу менен байланышкан процесс) жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине ылайык келтирүүнү жүргүзүү;
- администрациялык жоопкерчилик тууралу мыйзамды реформалоонун алкагында жосундар жөнүндө Кодексти түзүү мүмкүндүгүн кароо.
Жазык процессинде тараптардын мелдешүүчүлүк жана тең укуктуулук принцибин жүзөгө ашыруу, жазык сот өндүрүшүндө айып коюу басымын жоюу жагында төмөнкүлөр зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине ылайык келтирүүнү жүргүзүү;
- адвокаттын өзүнүн коргоп жаткан (айыпталуучу, соттолуучу, соттолгон) адамына эркин жеткиликтүүлүк механизмин иштеп чыгуу;
- айыпталуучунун, соттолуучунун, соттолгон адамдын адвокатты айкын жана кепилдик берилген тандоосун кароо;
- иш жүзүндө кармоо учурун адамды кармоо учуру деп эсептөө;
- кармоонун мыйзамдуулугуна сот тарабынан милдеттүү түрдө текшерүүнү кароо;
- тергөөчүнүн процесстик аракеттерине даттануунун мөөнөттөрүн регламенттөө;
- жазык сот өндүрүшүнүн (процесстин) сотко чейинки стадияларында (жол-жоболорунда) соттук контролду кеңейтүү;
- процесстин бардык стадиясында медиация кызматын колдонууга киргизүү;
- пробация кызматын жана пробация кызматынын сотко чейинки докладынын институтун колдонууга киргизүү;
- адамдын жана жарандын укуктарын коргоо максатында бөгөт коюу чарасын сот тарабынан тандоо, өзгөртүү же алып салуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
- түздөн-түз изилдөө принцибин жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө далилдерге баа берүүнү кароо;
- жазык сот өндүрүшүндө соттук жыйналыштын даярдоо бөлүгүнүн стадиясында далилдерди таануу жол-жобосун жол берилген катары кароо;
- жазык иштерин татаалдыгына, кылмыш жосунунун оордугуна жана башка критерийлерге жараша карап чыгуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосун дифференциациялоонун оптималдуу критерийлерин иштеп чыгуу;
- айыпталуучу менен прокурордун ортосундагы процесстик макулдашуу институтун колдонууга киргизүүнүн максаттуулугун карап чыгуу;
- жазык сот өндүрүшүндө убактылуу чара катары тергөөнүн кемчиликтеринин ордун толтуруу үчүн сот тарабынан жазык иштерин кайтарып берүү институтун калтыруу, мындай кайтарып берүүлөр үчүн негиздемелердин тизмесин мыйзамда караштырып, андан кийин эл аралык стандарттарга ылайык мындай институттун болушунун максаттуулугун карап чыгуу;
- актоочу өкүм жарыяланган учурдан тартып соттолуучуну сот залында кайтаруудан бошотууну кароо;
- соттордо сот арачыларын киргизүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- соттолуучуларды адвокаттар менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү максатында адвокаттардын иштеп жаткан кесипкөй түзүмдөрүнүн негизинде Адвокатураны (евростандарт) - кесипке жеткиликтүүлүк, квалификациялык деңгээлди жогорулатуу, тартип жазаларын колдонуу, маалыматтык-техникалык камсыз кылуу ж.б. укуктарды Адвокатурага акырындык менен өткөрүп берүү.
3.3.3. Жарандык укук жана сот өндүрүшү
Жарандык мыйзамдарды жана сот өндүрүшүн өркүндөтүү жагында төмөнкүлөр зарыл:
- жарандык укукту андан ары өркүндөтүү боюнча Концепцияны иштеп чыгуу;
- жарандык жана жарандык-процесстик мыйзамдарды азыркы учурдун реалийлерине ылайык келтирүү;
- менчиктин колдо бар жана башка формаларынын түшүнүктөрүн так аныктоо;
- ак ниеттүү ээлик кылуучунун статусун тартипке келтирүү;
- мүлктү рейдерлик басып алуу аракеттерине каршы чаралардын комплексин кароо менен корпорациялык жана жарандык укук жаатында антирейдерлик мыйзамды иштеп чыгуу;
- ички карама-каршылыктарды четтетүү максатында күрөөгө коюлган мүлктөн соттон тышкары өндүрүп алуу жөнүндө тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү;
- доонун эскирген мөөнөтүн колдонуу тартиби жөнүндө мыйзам ченемдерин кайра карап чыгуу;
- аралаш жана башка формаларды караштыруу менен, коммерциялык эмес уюштуруу-укуктук формалардын тизмесин калтырып, коммерциялык уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларынын тизмесин толуктоо;
- интеллектуалдык менчик жаатында эл аралык укуктун ченемдерин улуттук мыйзамдар менен бир түргө келтирүү жана имплементациялоо;
- мурасты кабыл алуу боюнча мураскордун аракеттерин так аныктоо;
- мүлктүк талаштар тууралуу иштер боюнча материалдык абал жөнүндө далилдерди берүүдө мамлекеттик алымды төлөөдөн аз камсыз болгон жарандарды бошотуу институтун караштыруу менен;
- сотко кайрылуу үчүн мамлекеттик алымды сотко доо арызын (арызды) бергенге чейин төлөө каралат;
- мамлекеттик алымдын өлчөмүн кайра карап чыгуу;
- процесстик мыйзамды тараптардын, арыз берүүчүлөрдүн, кызыкдар болгон адамдардын аракеттерин алардын каршы пикирлерин, утурлама доо арыздарын, өтүнүчтөрүн, башка жазуу жүзүндөгү документтерди, далилдерди милдеттүү түрдө ишти соттук териштирүүгө дайындаганга чейин караштырган ченем менен толуктап, ишти соттук териштирүүгө даярдоо стадиясынын ролун күчөтүү, аны менен бирге документтерди, далилдерди түздөн-түз соттук жыйналышта кошумча берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарылбашы керек;
- процесстин катышуучуларына соттун (судьянын) макулдугу жок эле үн жаздыргыч түзүлүштөрдүн жардамы менен соттук териштирүүнүн жүрүшүн белгилөө мүмкүнчүлүгүн берүү;
- жарандык процесстин бардык стадияларында медиация институтун киргизүү;
- жарандык процесстик мыйзамдан администрациялык сот өндүрүшүнүн реформасы менен байланыштуу администрациялык иштерди кароонун тартибин жөнгө салуучу процесстик ченемдерди алып салуу;
- экономикалык иштер боюнча жарандык сот өндүрүшү жагында ишти соттук териштирүүгө даярдоо стадиясына колдонууга киргизүү жана доо арызын кайтаруу үчүн негиздердин тизмесин, жарандык иштерди карап чыгуунун жалпы тартиби сыяктуу эле кеңейтүү.
3.3.4. Администрациялык укук жана сот өндүрүшү
Администрациялык мыйзамды жана сот өндүрүшүн өркүндөтүү жагында төмөнкүлөр зарыл:
- администрациялык укукту өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуу;
- жарандык процесстик мыйзамдан администрациялык иштерди карап чыгуу тартиби жөнүндө ченемдерди алып салуу менен, Администрациялык процесстик кодексти иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;
- адистештирилген администрациялык сотторду түзүү (баштапкы этапта администрациялык иштерди карап чыгуу боюнча райондор аралык соттордо судьяларды адистештирүүнү киргизүү);
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана администрациялык мыйзам бузуулар тууралу иштер боюнча администрациялык жазалардын чараларын колдонууга ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын токтомдоруна даттануу жөнүндө иштерди карап чыгууну администрациялык соттордун соттук карамагынан чыгаруу жана райондук соттордун соттук карамагына (жазык иштери жана апелляциялык инстанциянын сотторунун тиешелүү коллегияларынын администрациялык укук бузуулары жөнүндө иштер боюнча судьяларга) өткөрүп берүү;
- администрациялык жоопкерчилик тууралуу маселелерди жөнгө салуучу, колдонулуп жаткан мыйзамдын базасында материалдык жана процесстик укуктун ченемдерин камтыган, бири-биринен өзүнчө болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
- администрациялык органдардын ишинин бирдиктүү принциптерин аныктоочу администрациялык жол-жоболор жөнүндө жаңы мыйзамды, администрациялык органдардын аракетине, аракетсиздигине жана актыларына даттануунун сотко чейинки жол-жобосун сактоонун милдеттүүлүгүн камтыган, бир түргө келтирилген администрациялык жол-жоболорду иштеп чыгуу.
3.3.5. Аткаруу өндүрүшү
Соттук актыларды сапаттуу аткаруу жагында төмөнкүлөр зарыл:
- аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулар тууралуу жаңы мыйзамды иштеп чыгуу, анда соттук актыларды натыйжалуу аткаруунун механизми каралат, анын ичинде:
1) соттордун чечимдерин аткарууга киргизүүнүн ыктыярдуулук принцибин алып салуу менен, соттук акты мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттор тарабынан дароо аткаруу баракчаларын берүүнүн милдеттүүлүгү;
2) соттун чечимдерин аткаруунун тартиби жана ыкмалары өзгөргөндө соттук аткаруучунун ыйгарым укуктарын ага соттук актыны алуу үчүн сотко кошумча кайрылуусуз карызкордун мүлкүнөн өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен кеңейтүү;
3) карызкордун мүлкүн издеп табуу боюнча соттук аткаруучулардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү, карызкорлордун бирдиктүү электрондук маалыматтар базасын түзүү;
4) бирдиктүү басма органын аныктоо, анда тооруктарды өткөрүү жөнүндө кулактандыруулар жарыяланып туруусу керек;
5) мажбурлатып аткаруунун натыйжасы боюнча соттук аткаруучуга төлөнүп берилүүчү акчалай сый акынын суммасын көбөйтүү, соттук аткаруучулардын социалдык кепилдиктерин кеңейтүү;
6) соттун чечимин аткаруунун өзгөрүшүндө соттук аткаруучунун аракеттеринин механизмин иштеп чыгуу;
- соттук аткаруучулардын штаттык санын көбөйтүү жана материалдык-техникалык базаны бекемдөө;
- жеке соттук аткаруучулардын институтун колдонууга киргизүү мүмкүнчүлүгүн окуп үйрөнүү;
7) бийликтин сот бутагынын системасында соттук аткаруучулар сыяктуу эле алардын иштөө ордун аныктоо менен соттук сакчылардын институтун киргизүү.
4. Сот системасын финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
Сотторду финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жагында төмөнкүлөр зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын алкактарында сот системасын өнүктүрүү бөлүгүн иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын сот системасынын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны кабыл алуу;
- бюджеттик укук жөнүндө мыйзамда сот системасынын муктаждыктары үчүн республиканын бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн 2%дан кем эмес өлчөмдө белгиленген өлчөм эрежесин кароо;
- сот системасынын керектөөлөрүн толук камсыз кылуу үчүн ар бир сотту, сот департаментин, судьяларды окутуу борборун финансылоону бюджетте өзүнчө сап менен караштыруу;
- корголгон катары бюджеттин бардык статьяларын аныктоо менен сот системасы үчүн финансылоону бүтүндөй бир жылга ачуунун тартибин өзгөртүү;
- Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сот системасынын бюджетти аткаруу тууралуу отчетун жарым жылда бир жолудан кем эмес угууну кароо;
- ченемдерди бир түргө келтирүү менен мамлекеттин алым жөнүндө мыйзамдын ченемдерин кайра карап чыгуу же болбосо ченемдердин өлчөмүн жана бардык өндүрүп алынуучу суммаларды соттордун тескөөсүнө өткөрүп берүүнү аныктоочу соттук жыйымдар жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алуу;
- базалык ченемдер, үстөк акылар ж.б. жөнүндө өзүнчө мыйзамды кабыл алуу жолу менен сот системасында эмгекке акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү;
- судьяларга жүктөлгөн оорчулуктардын ченемдерин колдонуу механизмин кароо, иштеп жаткан соттордун штаттарынын ченемдерине ылайык эсептерди жүргүзүү;
- бардык соттордо соттук маалыматтын жана башкаруунун мамлекеттик автоматташтырылган "Сот адилеттиги" системасын колдонууга киргизүү ("Сот адилеттиги" МАС), аудио/видео протоколдорду, видео-конференц байланыштарды, электрондук документ жүгүртүүнү, соттук статистиканы жүргүзүү;
- IТ-адистерин соттордун штаттарына киргизүү;
- соттордо судьялардын, прокурорлордун, адвокаттардын, башка өкүлдөрдүн жана тараптардын ишинин татыктуу шарттарын камсыз кылган сот имараттарынын, соттук жыйналыштар залдарынын типтүү долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды куруу же болбосо бөлүнгөн имараттарды реконструкциялоо үчүн каражаттарды этабы менен бөлүү жана аларды пайдаланууга киргизүү.
5. Реформаны тескөө
Кыргыз Республикасында сот системасын андан ары реформалоо боюнча бул рекомендациялар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-январындагы №6 Жарлыгы менен түзүлгөн Комиссия тарабынан иштелип чыккан.
Бул рекомендациялар Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен кабыл алынат. Андан соң рекомендациянын маалыматтары алардын негизинде сот системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт жана кийин ал бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилет.
Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн рекомендацияларды жүзөгө ашыруунун алкагында сот, аткаруу органдарынын, мамлекеттик башкаруунун башка органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле укук адистерин, эксперттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн курамына тартуу менен жумушчу комиссиялары түзүлөт.
Программаны ишке ашыруунун мониторингин жүргүзүү, контролдоо процесси өлкөнүн жарандары үчүн максималдуу түрдө ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш. Аракеттерди координациялоо, рекомендацияларды жана Мамлекеттик программаны жүзөгө ашырууну контролдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу сот системасын өркүндөтүү боюнча Кеңешти түзүү сунушталат.
Жогоруда аталган Кеңеш соттук реформалоонун бардык багыттары боюнча мамлекеттик программанын пландаштырылган мөөнөттөрүндө сурап алуу жана иш-чараларды талдоо укугу менен сот реформасынын жүрүшүнө көзөмөл жүргүзө алат. Зарыл болгондо бул комиссия кызыкдар тараптардын сунуштары боюнча сот системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча рекомендацияларга жана мамлекеттик программага тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү тактап жана сунуш кыла алат.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен рекомендацияларды жана мамлекеттик программаны аткаруу бир нече этаптарга бөлүнүшү болжолдонот. Жакынкы мезгилде, 2012-2017-жылдарга базалык институттук жана ченемдик укуктук негиздерди түзүү болжолдонот, алар сот реформасынын процесстеринин жана аны жүргүзүү үчүн белгиленген багыттын кайта жангыстыгына алып келет.