Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-октябры № 4381-V
Кыргыз Республикасында сапариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" маселени карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Санариптик телекөрсөтүү чагылдыруунун санатын бир кыйла жогорулатууга жана программалардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Телекөрсөтүүнүн жаңы фоматына өтүү бирдиктүү жалпы европалык жана дүйнөлүк стандартты жана жер үстүндөгү санариптик телерадиоберүү тутумун киргизүү тенденциясынын күчөшү менен да шартталат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2011-жылдын 2-ноябрында № 692 токтомун кабыл алган, токтом менен ага өтүүнүн программасы жана аны жүзөгө ашыруунун иш-чаралары бекитилген.
Эл аралык коомчулук алдында "Женева-2006" макулдашуусунун алкагында алган милдеттенмесине ылайык, 2015-жылдын июнь айына чейин республиканын бүткүл аймагында толугу менен санариптик берүүгө өтүү жүргүзүлүүгө, коңшу мамлекеттер менен чектешкен тилкелерде аналогдук уктуруулар өчүрүлүүгө тийиш.
Бирок, Кыргызстанда санариптик берүүнүн техникалык тармактарын түптөө жагы, телевизиондук тейлөө рыногун улуттук сапаттуу көрсөтүүлөр жана берүүлөр менен жабдуу жагы кечеңдеп жатат. Жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан Программаны жүзөгө ашыруу боюнча ырааттуу аракеттердин планынын толук аткарылбай жатышынын себептеринин бири - бул финансы маселелеринин жетиштүү чечилбегендиги болуп саналат. Телерадиоуктурууну андан ары өркүндөтүү, анын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн "Санариптик телерадиоберүүгө өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Программасын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө" маселе боюнча Жогорку Кеңештин парламенттик угууларынын сунуштарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Программаны жүзөгө ашыруунун жүрүшүн контролго алуу жана буга жоопкер мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү, ошондой эле телерадиоберүүнүн улуттук мекемелерин өнүктүрүү шарттарын эсепке алуу менен Программаны кайра карап чыгуу сунушталган.
Санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү ушул күнгө чейин демилгелене элек. 2014-жылдын республикалык бюджетинде мамлекеттик жана коомдук телерадиокомпанияларды санариптик телерадиоберүүгө өткөрүүнү каржылоо үчүн 550 млн. сом кароо белгиленгени менен республикалык бюджетте мындай сумма каралган эмес. Улуттук телерадиоберүүлөрдү көбөйтүүгө көмөктөшө турган мамлекеттик заказдардын системасын киргизүүгө 2014-жылдын республикалык бюджетинен 100 млн. сом бөлүнсө да ушул күнгө чейин ал максаттуу колдонулбай, областтык телерадиокомпанияларга берилбей жатат.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин берген маалыматына караганда, мамлекеттик жана коомдук телерадиоберүүлөргө 80 млн. сом бөлүнүп, 10 млн. сом социалдык пакетке, 11 млн. сом аудиовизуалдык продукцияларга, 9 млн. сом РПО РМТРге жумшаларын билдирген.
Жеке телеберүү компанияларынын аналогдук берүүлөрдөн санариптик телерадиоберүүлөргө өтүүсү үчүн 2 жыштыктуу чыгарууларды бөлүп берүүнүн маселелерин чечүү боюнча иштерди жүргүзүү да талаптагыдай эмес.
Санариптик каналдарды кабыл алуу блогу менен жабдылбаган сатып алынуучу телевизиондук кабылдама жабдууларына карата чектөөлөрдү киргизүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу да кечеңдөөдө. Республика боюнча санариптик телерадиоберүүгө өтүүдө Баткен областына санариптик телерадиоберүүнү киргизүүнүн пилоттук долбоорун ишке ашыруудан улам келип чыккан көйгөйлүү маселелер, ошондой эле башка өлкөлөрдүн санариптик телерадиоберүүнү киргизүү боюнча тажрыйбасын талдоого алуу каралса да.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине сунушталган Кыргыз Республикасынын социалдык жактан аз камсыз болгон катмарына санариптик телевизиондук коюлмаларды жайылтуу жана камсыздоо маселелери боюнча иштерди активдештирүү белгиленгенине карабастан, ал иштер тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунушталган телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программаларынын социалдык пакетинин тизмесин түзүү боюнча иштер, санариптик телерадиоберүүлөргө өткөрүүнү маалыматтоо жана калкты ага даярдоо максатында мамлекеттик (жеке) телерадиокомпанияларда ал жөнүндөгү видеороликтерди күн сайын кайталап көрсөтүүнү камсыз кылуу жана санариптик форматта берүүнү уюштуруу үчүн материалдык-техникалык базаларды жакшыртуу, модернизациялоо боюнча техникалык иш-чаралардын планы иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна санариптик телерадиоберүүлөр тармактарын долбоорлоону бүтүргөндөн кийин, 2014-жылдын аягына чейин, биринчи иретте, Кыргыз Республикасынын чек арага жакын райондорунда тутумдук түйүндөрдү курууну баштоо тапшырылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин каралган иштер аткарыла элек. Санариптик телерадиоберүүлөргө өтүүнүн кечеңдетилиши өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жетишсиз деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланыштуу иштерди толук каржылоо үчүн республикалык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүү маселесин карасын;
областтык мамлекеттик телерадиокомпанияларды артыкчылыктуу өнүктүрүүнү эске алуу менен 2014-жылы санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө арналган 100 млн. сомду бөлүштүрүүнү кайра карасын;
санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча иш-чаралар ушуп жылдын 1-декабрына чейин аткарылсын;
ушул жылдын 20-декабрына чейин аткарылган иштер боюнча Жогорку Кеңешке маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү. илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
|
| |
Төрага | А. Жээнбеков
| |