Редакцияот 13.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 13-ноябры № 4456-V

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 29-августундагы № 499 токтому) "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (К.С. Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчун Кыргыз Республикасынын Жогорку Каңешине киргизсин.

 

Төрага

А.Жээнбеков