Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 499
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2014-жылдын 14-январы, № 2) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын жарандык, бажы, салык жана башка тармактарынын институттары, терминдери жана аныктамалары мыйзамдардын жана Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын ушул тармактарында кандай пайдаланылса, ошол маанисинде колдонулат.".
2. 2-берененин 1-бөлүгүндөгү "бажы мыйзамдарында" деген сөздөр Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 6-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын" деген сөздөр "Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү "бажы режими" деген сөздөр "бажы жол-жоболору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы союзунун органдарына Кыргыз Республикасынын аймагында ЭЭЗ түзүү жөнүндө же ЭЭЗ иштөөсүн токтотуу жөнүндө маалыматтарды жиберүү боюнча мамлекеттик органды аныктайт.".
5. 9-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пунктундагы "бажы мыйзамдарынын" деген сөздөр "Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 11-берененин 11-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"ЭЭЗ башкы дирекциясы Бажы союзу тарабынан аныкталган тартипте ЭЭЗ субъекттеринин реестрине киргизилген, ЭЭЗ субъекти статусунан ажыраган же жоготкон ЭЭЗ субъекттери жөнүндө маалыматтарды Бажы союзунун органдарына берүүнү камсыздайт.".
7. 12-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын салык жана/же бажы мыйзамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. ЭЭЗ колдонулуучу бажы жол-жобосу
1. ЭЭЗ аймагы Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажы контролунун ченемдерин сактоо максатында Бажы союзунун бажы аймагынын бөлүгү болуп саналат.
2. Эркин бажы зонасы - ЭЭЗ субъекттери бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонбостон жана ата мекендик товарларга жана Бажы союзунун товарларына карата тыюу салууларды, чектөөлөрдү колдонбостон, ЭЭЗ аймагынын чегинде чет өлкөлүк товарларды жайгаштырган жана пайдаланган бажы жол-жобосу.
Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун алдында товарларды жайгаштыруу шарттары жана тартиби Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
3. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу Бажы союзунун бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык бажы контролун камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган ЭЭЗ аймагында же ЭЭЗ аймагынын бөлүгүндө (ЭЭЗ субъекти жайгашкан жерде) колдонулат.
4. ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагына алып келинген чет өлкөлүк товарлар ЭЭЗ аймагына эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун шарттарына ылайык жайгаштырылат жана пайдаланылат.
ЭЭЗ аймагынан товарларды алып чыгуу Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ субъекти тарабынан таңдалып алынган бажы жол-жобосунун шарттарында жүзөгө ашырылат.
5. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган ЭЭЗ аймагы бажы контролунун зонасы болуп саналат. ЭЭЗ субъекттеринин товарларын бажы жол-жобосунун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажы контролу жана бажы операциялары Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. ЭЭЗ аймагына ЭЭЗ субъекттери тарабынан алып келинген жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунда жайгаштырылган чет өлкөлүк товарлар бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаты үчүн Бажы союзунун бажы аймагынан сырткары жайгашкан катары каралат.
7. ЭЭЗ аймагында регионду тездетип өнүктүрүү максатында түзүлгөн, ЭЭЗ аймагында товарлар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъекттери алып келинүүчү, алып чыгылуучу, сакталуучу, даярдалуучу, кайра иштететилүүчү, утилдештирилүүчү, сатып алынуучу жана сатылуучу товарларды эсепке алууну жүргүзүүгө жана ЭЭЗ башкы дирекциясына бул товарлар боюнча отчетторду берүүгө милдеттүү. ЭЭЗ чегиндеги товарлар менен болгон кандай өзгөрүүлөр болбосун эсеп документтеринде чагылдырылышы керек.
8. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, ошондой эле ЭЭЗ башкы дирекциясы өз компетенциясынын чектеринде, Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ЭЭЗ субъекттери тарабынан товарлар менен жүзөгө ашырылуучу товарлар менен операцияларды контролдойт жана эсепке алат.
9. ЭЭЗ аймагынан Бажы союзунун бажы аймагынын калган бөлүгүнө алып чыгылган товарларга карата:
1) салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;
2) тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат.
10. Эгерде товар Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык толук өндүрүлсө же талаптагыдай иштетилсе/кайра иштетилсе товар ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн деп эсептелет.
11. ЭЭЗ өндүрүлгөн продукциянын экспорту Бажы союзунун бажы аймагына экспорттоону кошпогондо, квоталоодон жана лицензиялоодон бошотулат, анын көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бир жылдын ичинде ЭЭЗ ар бир субъекти боюнча өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн белгиленет. Квотанын өлчөмү ар бир ЭЭЗ үчүн белгиленет.
ЭЭЗ субъекти тарабынан ушул бөлүктө белгиленген Бажы союзунун бажы аймагына ЭЭЗ өндүрүлгөн продукцияны экспорттоонун белгиленген квотасынан ашырылган көлөмү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салынууга жатат.
ЭЭЗ өндүрүлгөн продукцияны экспорттоонун белгиленген квотасынын сакталышын контролдоону Кыргыз Республикасынын бажы органы жана ЭЭЗ башкы дирекциясы жүзөгө ашырат.
12. ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагына алып келинген товарларды жана ЭЭЗ субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагынан алып чыгылган товарларды бажылык декларациялоо ЭЭЗ башкы дирекциясына кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
13. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун алдына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык ЭЭЗ аймагына алып келүүгө тыюу салынган товарларды жайгаштырууга болбойт.
14. ЭЭЗ аймагына юридикалык жак тарабынан алып келинген товарлар юридикалык жак ЭЭЗ субъекти статусунан айрылгандан кийин, эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырылбайт.
15. Кыргыз Республикасьшын контролдонуучу продукцияларынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген, ЭЭЗ аймагына алып келинген товарларга карата тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык колдонулат".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|