Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-ноябры № 4476-V
"2014-жылдын 25-июнунда Сауд Арабиясы Королдугунун Жидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№ KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 15-октябрындагы № 600 токтому) "2014-жылдын 25-июнунда Сауд Арабиясы Королдугунун Жидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№ KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К.Иманалиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |