Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-октябры № 600
«Сауд Арабиясы Королдугунун Жидда шаарында
2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош – Баткен – Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча
(№ KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Сауд Арабиясы Королдугунун Жидда шаарында 2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош – Баткен – Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№ KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Сауд Арабиясы Королдугунун Жидда шаарында 2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош – Баткен – Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№ KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене
Сауд Арабиясы Королдугунун Жидда шаарында 2014-жылдын 25-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош – Баткен – Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№ KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Ислам өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|