Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-декабры № 4544-V
«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 29-августундагы № 509 токтому) «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (Ж.К. Исаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. « Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 13-ноябырындагы № 4465-V токтому күчүн жоготту деп танылсын.
Төрага | А.Жээнбеков |