КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-декабры № 4561-V
"2013-жылдын 24-октябрында Минск шаарында кол коюлган Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 9-октябрындагы № 592 токтому) "2013-жылдын 24-октябрында Минск шаарында кол коюлган Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков |