Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 592
Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган "Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) кошулуу жөнүндө грамотаны белгиленген тартипте депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 592 токтому менен жактырылган |
Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келиши жана кошулгандан кийин болуучу финансылык, экономикалык жана башка натыйжаларды баалоо тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул макулдашууга кошулуу маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому менен бекитилген "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын" 123-пунктуна киргизилген.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуунун максаты Бажы союзунун бажы аймагында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү жана ташып жүрүү (ички транзит) тартибин аныктоо болуп саналат: - юридикалык жактар тарабынан, Тараптардын ортосунда сооданы жүзөгө ашырууда, клиникалык изилдөөлөрдү, экспертизаларды, мамлекеттик каттоо жана сапатына контроль жүргүзүү үчүн, ошондой эле унаанын айрым түрлөрүндөгү биринчи жардам аптечкаларында; - жеке жактар тарабынан - өздүк колдонуу үчүн.
Бажы союзунун бажы аймагы боюнча баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашуунун 3, 6 жана 8-беренелеринде баяндалган жоболор юридикалык жактар тарабынан - уруксат документтери болгондо баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, жеке адамдар тарабынан - медициналык көрсөтмөлөрү боюнча өздүк колдонуу үчүн аталган заттарды дары каражаттары түрүндө, ошондой эле өздүк колдонуу үчүн прекурсорлорду ташуу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгойт.
Ошентип аталган макулдашуунун 3-беренеси ишкердик иштин субъектиси катары катталган жеке адамдардын баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду импорттоосуна, экспорттоосуна жана транзит менен алып өтүүсүнө тыюу салууну белгилейт.
Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган макулдашуунун жоболорунун аткарылышын камсыз кылуу үчүн "Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалган. Анткени, аталган Мыйзамга ылайык баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу бул боюнча лицензиясы бар юридикалык жактар, ошондой эле жеке адамдар тарабынан дагы ишке ашырылып жатат.
Макулдашууда каралган жагдайлар, баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү мезгилге каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылышы мүмкүн жана республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт.
Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууга Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган.
Макулдашуунун максаты баңги каражаттарды, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун Бажы бирлигинин бажы аймактарында:
- юридикалык жактар тараптар менен соода, клиникалык изилдөөлөрдү өткөргөнгө, мамлекеттик каттоо жана сапатын контролдоого, ошондой эле айрым транспорт түрүндөгү тез жардам жыйындыларында;
- жеке жактар өздүк пайдалануу тартибин аныктоо болуп саналат.
Макулдашуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамынын 17-беренесинин ылайык жактырууга тийиштүү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге кошулуусу жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболор камтылган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге карата, - Жогорку Кеңеш тарабынан Мыйзам (кошулуу жөнүндө Мыйзам) формасында, ал кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Президент тарабынан кол коюуга жатат.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы КР "Баңги каражаттар, акыл эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө талап кылат.
Кабыл алына турган иш чаралар Бажы бирлигинин бажы аймактарында жана Жалпылаган экономикалык мейкиндигинде соода өткөргөндө ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарттарын түзүүгө зарыл.
Белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык натыйжаларга алып келбейт, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп берүүнү талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун усулунун долбооруна ылайык даярдалды.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22- жана 23-беренелерине ылайык, бул токтом долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын расмий сайттарында коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырылган www.gov.kg жана www.gskn.kg. Коомдук талкуулоо мезгилинде сын пикирлер жана сунуштар түшкөн эмес.
Көргөзүлгөндүн негизинде "Бажы биримдигинин бажы аймактары боюнча баңги каражаттарды, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндөгү макулдашууну жактыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кароого сунуш кылынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу БКМКнын төрагасы |
А.Султанов |
"Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууга кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жөндөө таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун усулуна ылайык даярдалды.
"Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууга кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын ("жол картасын") жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын 123-пунктуна ылайык иштелип чыкты.
Ушул мыйзамдын долбоору баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө лицензия берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүүнү көздөйт.
Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууну Минск шаарында 2013-жылдын 24-октябрында кол коюлган. Макулдашуунун максаты баңги каражаттарды, акыл эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун Бажы биримдигинин бажы аймактарында: юридикалык жактар тараптар менен соода, клиникалык изилдөөлөрдү өткөргөнгө, мамлекеттик каттоо жана сапатын контролдоого, ошондой эле айрым транспорт түрүндөгү тез жардам жыйындыларында; жеке жактар өздүк пайдалануу тартибин аныктоо болуп саналат.
Макулдашуу КР "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамынын 17-беренесинин ылайык жактырууга тийиштүү.
Бажы союзунун бажы аймагында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү эрежелери жөнүндө макулдашуунун 3, 6 жана 8-беренелериндеги жоболор юридикалык жактардын уруксат берүүчү документтери болгон учурда баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып өткөрүүсү, ал эми жеке жактардын аталган заттарды медициналык көрсөтмө боюнча дары катары жеке пайдалануусу, ошондой эле прекурсорлорду жеке пайдалануусу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын козгойт.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы КР "Баңги каражаттар, акыл эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө талап кылат.
Анткени ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу аталган ишкердиктин түрүнүн лицензиясына ээ болгон юридикалык жактар тарабынан дагы, жана жеке жактар тарабынан дагы жүргүзүлөт.
Бирок ушул макулдашуунун 3-беренеси тарабынан ишкердик субъект катары катталган жеке жактарга баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө тыюу салынат.
Көрүлгөн чаралар Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин бажы аймагында соода жүргүзгөн учурда ишкердик кылууга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышы терс социалдык-экономикалык жана укуктук кесепеттерди алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп берүүнү талап кылбайт.
Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ведомстволор аралык комиссиянын 2014-жылдын 18-июлундагы № 2 КПҮ протоколунун 3-пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын (мындан ары - БКМК) 2014-жылдын 24-июлундагы № 89 "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын ("жол картасын") жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" буйругу бекитилген.
БКМКнын ушул Иш-чаралар планы Иш-чаралар планынын ("жол картасынын") 123-пунктун жүзөгө ашыруу боюнча гана иш-чараларды камтыйт - "2013-жылдын 24-октябрындагы Бажы союзунун бажы аймагы аркылуу баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу". Прекурсорлорду (ацетон, күкүрттүү жана туздуу кычкылдык ж.б.) Кыргыз Республикасына экспортточу негизги өлкөлөр Россия Федерациясы жана Казакстан болгондугунан улам аталган Макулдашууга кошулуу зарылчылыгы келип чыгууда. Ошону менен бирге, бул өлкөлөр көпчүлүк учурда Европа союзунун өлкөлөрүнөн импорттолгон баңги кылуучу каражаттардын жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын транзиттик өлкөлөрү болуп саналат. Ушундан улам, аталган Макулдашуу Бажы союзунун бажы аймагы аркылуу баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорун алып келүү, алып чыгуу жана транзиттөө тартибин аныктаган Бажы союзунун өтө маанилүү документтеринин биринен болуп калат.
Кыргыз Республикасынын аймагында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор өндүрүлбөстүгүн жана даярдалбастыгын белгилей кетүү зарыл.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасын баңги каражаттары жана акыл-эске таасир берүүчү заттар менен камсыздоо жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр тарабынан ишке ашырылат. Өнөр жайда кеңири пайдаланылган баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды камтыган бардык дары-дармек каражаттары, ошондой эле прекурсорлор республикага импорттолуп келет.
Бүгүнкү күндө баңги каражаттары жана акыл-эске таасир берүүчү заттар медицина жаатында алмаштырылгыс катары саналып, бирок негизделген медициналык практикага ылайык гана колдонулат. Биздин мамлекеттин саламаттык сактоо жаатындагы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, ооруну үзгүлтүккө учуратуу, он миңдеген адамдардын азап чегүүсүн жеңилдетүү (онкологиялык, психоневрологиялык оорулуулардын, хирургиялык кийлигишүүлөр учурунда ооруу сезимин жоготуучу каражаттар ж.б.у.с.) үчүн дары препараттары катары керектелген баңги жана акыл-эске таасир берүүчү каражаттарына болгон калктын керектөөсүн камсыз кылуу саналат.
Баңги каражаттары жана акыл-эске таасир берүүчү дары-дармек заттары менен жетишсиз камсыздалган учурда катуу оорулуулар арасындагы өлүмдүн гана эмес, суициддин дагы саны өсүүдө: мотивдештирилбеген киши өлтүрүүлөрдүн, мыкаачылык актыларынын, үй-бүлө чыр-чатактарынын саны.
Курамында баңги кылуучу каражаттар жана акыл-эске таасир берүүчү заттар камтылган дары каражаттарынын таңсыктыгы өз кезегинде мыйзамсыз баңги базарынын өсүшүнө алып келип, натыйжада баңги мафиясынын кирешеси өсөт ж.б.у.с. Баңги кылуучу каражаттар жана акыл-эске таасир берүүчү заттар Кыргыз Республикасынын бардык саламаттык сактоо мекемелеринде жана Кыргыз Республикасынын жеке клиникаларында дарылоо максатында колдонулат жана ооруну үзгүлтүккө учуратуу, наркоз берүү, дарылоо жана түрдүү психикалык оорулардын алдын алуу үчүн зарыл деп саналган дары препараттарынын курамына кирет. Кыргыз Республикасынын калкын баңги каражаттары, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлорду камтыган дары-дармек препараттары менен камсыздоо бир кыйла маанилүү ролду ойнойт. Эксперттик баалоолор боюнча Кыргыз Республикасында 49000ден кем эмес адам паллиативдик жардамга (онкологиялык жана дайыма ооруну үзгүлтүккө учуратууга муктаж башка оорулуулар), ошондой эле төмөнкүдөй дары каражаттарын колдонууга муктаж, мисалы:
- борбордук таасир берүүчү аналгездөөчү каражаттар - морфин, промедол, фентанил;
- карышууга каршы каражаттар - фенобарбитал, тетразепам;
- тынчтантуучу каражаттар - диазепам, альпразолам, ривотрил;
- жөтөлгө каршы каражаттар - кодеин препараттары (солпадеин);
- барбитураттарды камтыган жүрөк препараттары - корвалол;
- курамына акыл-эске таасир берүүчү заттарды камтыган жана башка дарылык комбинирленген препараттар.
Макулдашуунун текстин талдап чыгуу, макулдашууга кошулуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келерин көргөздү, мисалы:
Макулдашуунун 3-беренесинин экинчи абзацы ишкердиктин субъектилери катарында катталган жеке жактарга, аларга көрсөтүлгөн ишмердикти ишке ашыруу менен байланышкан өткөрүүнү, ошондой эле ташууну (ички транзит) ишке ашырууга тыюу салынгандыгын аныктайт.
Аталган норма "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү - буга уруксаты бар, баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, салып жиберүүгө, башкага берүүгө, өткөрүүгө, бөлүштүрүүгө, алууга, пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүүгө, Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алып кетүүгө байланыштуу болгон мамлекеттик органдардын, жеке жактардын, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалар менен мекемелердин иши деп белгиленген 1-беренесине карама-каршы келет.
Азыркы учурда БКМКда катталган Кыргыз Республикасында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүрткөн субъектилердин саны 557ни түзсө, алардын ичинен 54ү жеке ишкерлер болуп саналат. Бул жалпы сандын (баңги кылуучу каражаттары боюнча 35, прекурсорлор боюнча 19) 9,7%ын түзөт.
Кыргыз Республикасында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду контролдоонун бардык системасы эл аралык конвенциялар жана башка эл аралык келишимдер жана макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруунун натыйжасы болуп саналып, ал коюлган талаптарга шайкеш келет жана БУУнун Баңги заттарын контролдоо боюнча эл аралык комитети жана БУУнун баңги заттары жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан контролдонот.
Кыргызстан 1994-жылдын 16-апрелинен тартып 1961-жылдагы Баңги кылуучу каражаттар жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1971-жылдагы Акыл-эске таасир берүүчү каражаттар жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдагы БУУнун баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясынын катышуучусу болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1498-XII, № 1499-XII жана № 1500-XII токтомдору).
Ошону менен катар, Кыргыз Республикасы эл аралык деңгээлде баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө лицензия берүүнү жана улуттук контролго алууну ишке ашыруу боюнча милдеттенме алган.
БУУнун аталган конвенцияларынын талаптарына ылайык баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүнү мамлекеттик контролдоонун негизги формалары болуп квота берүү, бөлүштүрүү, эсепке алуу жана отчеттуулук саналат.
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө лицензия берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүү мыйзам долбоорун кабыл алуунун негизги себеби болуп саналат, тактап айтканда: төмөндө саналып өткөн - 2013-жылдын 24-октябрындагы Бажы союзунун бажы аймагында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү эрежелери жөнүндө.
Мыйзам долбоорун кабыл алуунун максаты баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө лицензия берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы өз ишмердигин төмөнкүдөй эл аралык макулдашуулардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана мыйзамдык актыларынын негизинде түзөт:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын;
1961-жылдагы баңги кылуучу каражаттар жөнүндө бирдиктүү конвенциянын;
1971-жылдагы акыл-эске таасир берүүчү заттар жөнүндө конвенциянын;
1988-жылдагы БУУнун баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциясынын(*);
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (1998-жыл);
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарга контролдук кылуу боюнча органы жөнүндө" Мыйзамынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун тиркелген эрежесин бекитүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому.
2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- токтом төмөнкү мазмундагы 21-пункту менен толукталсын:
"21. Евразиялык экономикалык уюму үчүнчү өлкөлөр менен соода кылуу алкагында бажы бирлигине катышуучу мамлекеттерде алып кирүүгө же чыгарууга тыюу салуу же чектөө колдонулган товарлардын Жалпы тизмесинин 2.12 бөлүмүнө киргизилген баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн алып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ушул өлкөлөргө чыгаруу товарлар менен тышкы соода кылуу чөйрөсүндө лицензиялоо эрежелери жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат.".
2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде:
24-пунктта:
"ишкердик субъекттери" сөздөрүнөн кийин "- юридикалык жактар" сөздөрү менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жеке жактар баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана алардын прекурсорлорунун чектелген санын мындай каражаттардын жана заттардын аталышы жана саны көрсөтүлүүгө тийиш болгон тастыктоочу медициналык документтери болгон учурда медициналык көрсөтмөсү боюнча дары-дармек түрүндө жеке пайдалануу, ошондой эле прекурсорлорду жеке пайдалануу үчүн (коммерциялык максатта эмес) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган көлөмдө Бажы союзунун аймагы боюнча ташууну жүзөгө ашырышат.".
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укук карама-каршы келбейт жана башка укуктук ченемдик актыларды кайталабайт.
Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлу № 241 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын жана Жогорку Кенештин 2006-жылдын 8-июну № 1064-III "Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомунун талаптарына жооп берет.
Долбор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" жана башка мыйзамдарына ылайык саламаттыкты сактоо боюнча конституциялык укуктарды ишке ашырууда көмөк көрсөтөт.
Бул долбор колдонуудагы мыйзамдарга кошумча коррупциялык механизмдерди жана басмырлоочу чараларды киргизбейт ошондой эле гендердик бейтарап болуп саналат.
Сунушталган долборду кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылынбайт.
Экономикалык талдоо жүргүзүү (чыгымдар жана пайдалар эсеби) бир жолку жана кайталануучу (тикелей коромжулар) катарында убакыт чыгымдарын (кыйыр коромжулар) жана акчалай чыгымдарды камтыйт.
1) Ишкананын (ишкердин) чыгымдарынын (Ич) эсеби төмөнкүдөй формулада эсептелинет:
Ич = кыйыр чыгымдар (Кч) + тикелей чыгымдар (Тч),
Тикелей чыгымдар (Тч) = i1 + i2 + i3 +... + in,
болсо:
i - ченемдик укуктук актыны сактоо учурундагы тигил же бул жол-жобонун сом менен бааланган наркы;
Тикелей чыгымдар:
лицензия үчүн төлөм 1000 сом;
башка чыгымдар 500 сом.
Тч = 1000 + 500 = 1500 сом.
Кыйыр чыгымдар (Кч) = Оэа * nt/t,
болсо:
nt - бир жол-жобого жумшалган сааттын саны;
t - бир айдагы жумушчу сааттын саны.
Оэа - ишканадагы/экономикадагы орточо эмгек акы.
Кч = 11500 * 48 / 176 = 3136 сом.
Эа = Кч + Тч = 3136+ 1500 = 4636 сом.
2) Мамлекеттик органдардын чыгымдарынын (Моч) эсеби төмөнкүдөй формулада эсептелинет:
Моч = мамлекеттик органдын тикелей чыгымдары (Мотч) + мамлекеттик органдын кыйыр чыгымдары (Мокч).
Мамлекеттик органдардын лицензия берүү жана уруксат берүү учурундагы тикелей чыгымдары:
- лицензиянын бланкын даярдоо - 30 сомду;
- лицензия жана уруксат берүү реестрин жүргүзүү алкагында кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөргө документтештирүүнү жүргүзүү жана сактоо чыгымдары - 100 сомду;
- транспорт чыгашалары 300 сомду түзөт.
Мамлекеттик органдардын кыйыр чыгымдарын эсептөөдө мамлекеттик кызматчылардын функциялык жүктөмдөрүнүн коэффициенттери дагы пайдаланылат:
1. Жетекчи - 5%.
2. Жетекчинин орун басары - 5%.
3. Бөлүмдүн начальниги - 30%.
4. Адис - аткаруучу - 60%.
Бир лицензияны же уруксатты берүү жол-жобосуна жумшалган убакыттын саны:
№ | Жол-жобонун аталышы | Бир саатта жумшалган убакыттын саны |
1 | Мамлекеттик кызматчылардын изденүүчүнүн лицензия же уруксат алууга тапшырган документтерин экспертизалоого, корутунду даярдоого (1 лицензияны же уруксатты берүүгө), буйрукту даярдоого жумшаган орточо саатынын саны | 2 саат |
2 | Мамлекеттик кызматчылардын кагаз жана расмий сайттагы электрондук реестрди толтурууга жумшаган (1 лицензияны же уруксатты берүүгө) орточо саатынын саны | 1 саат |
3 | Мамлекеттик кызматчылардын изденүүчүнүн арызы боюнча лицезиарларды текшерүүгө, буйруктун долбоорун даярдоого, текшерүү актысын түзүүгө жумшаган саатынын саны | 10 саат |
| Бардык жумшалган орточо сааты | 13 саат |
Мамлекеттик органдардын кыйыр чыгымдары (Мокч) төмөнкүдөй формулада эсептелинет:
Мокч = k * (Оэа * ntp / t), болсо:
k - функциялык жүктөмдүн коэффициенти;
nt - бир жол-жобого жумшалган сааттын саны;
t - бир айдагы жумушчу сааттардын саны;
Кзг = 52+44+265+399=760 сом
Оэа - мамлекеттик мекемедеги орточо эмгек акы;
Мокч = 5% * (14000 * 13 / 176) = 52 сом - жетекчи
Мокч = 5% * (12000 * 13 / 176) = 44 сом - жетекчинин орун басары
Мокч = 30% * (10000 * 13 / 176) = 265 сом - бөлүмдүн (башкармалыктын) начальниги
Мокч = 60% * (9000 * 13 / 176) = 399 сом - адис - аткаруучу
Мокч = 52+44+265+399=760 сом.
Жыйынтыгында мамлекеттик органдын 1 лицензияны же уруксатты берүүгө жумшаган кыйыр чыгымдары орточо - Мокч = 760 сом.
Мч = Тч + Мокч = 430 + 760 = 1190 сом.
3) Өлкөнүн экономикасы үчүн жалпы коромжулар (Эк)
Эк = Ик + Мк = 4636 + 1190 = 5826 сом.
4. Ишкердиктин жана мамлекеттин пайда алуу эсеби, аларды эсептеп чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу эсептелген жок, пайда алуулар ушул Талдоонун 7-пунктунда белгиленген критерийлер боюнча альтернативдик варианттарды салыштыруу менен бааланды.
Проблеманы чечүүдө альтернативалык вариант жок, себеби сунушталган долбоор "Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууга кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоору Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын ("жол картасын") жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын 123-пунктуна ылайык иштелип чыкты.
"Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууга кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна ылайык долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын расмий сайтына (www.gskn.kg) коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.
2014-жылдын 28-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан, ишмердик коомдун - лицензиаттардын өкүлдөрү менен "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору, ошондой эле Бажы союзунун бажы аймагында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү эрежелери жөнүндө макулдашууга кошулуу боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү.
Талкуу учурунда Бажы союзунун бажы аймагында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү эрежелери жөнүндө макулдашуунун негизги жоболору каралды. Ошондой эле, баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун Бажы союзуна кирген мамлекеттердин аймактары аркылуу өткөрүү боюнча маселелер талкууланды.
"Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууга кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан лицензиаттар - ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан.
Талкуулоо учурунда кызыкдар тараптардын сунуштары жана сын-пикирлери эске алынган.
Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө лицензия берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Көрүлгөн чаралар Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин бажы аймагында соода жүргүзгөн учурда ишкердик кылууга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышы терс социалдык-экономикалык жана укуктук кесепеттерди алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүп берүүнү талап кылбайт.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде "Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууга кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кароого киргизилет.
(*) Кыргыз Республикасы бардык үч конвенцияга 1994-жылы кошулган.
Тиркеме
Орган: | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы |
Ченемдик укуктук актынын долбоорунун аталышы: | "Бажы бирлигинин бажылык аймагы аркылуу баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун өткөрүү тартиби жөнүндөгү макулдашууну кошулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору |
Ушул ченемдик укуктук актыны кабыл алуу менен чечүү белгиленип жаткан проблема | Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө лицензия берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүү |
Ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдаган жумушчу топ (аты-жөнү, кызматы, уюм/ведомство): | Жумушчу тобунун төрагасы: Шыйкымбаев С.К. - БКМК төраганын орун басары; Жумушчу тобунун мүчөлөрү: Исаков Т.А. - БКМК БКБК начальниги; Балмухамбетов Т.Б. - БКМК ФЧБ финансы бөлүм башчысы; Иманбеков Р.Т. - БКМК Штабынын башкы инспектору; Мураталина А.М. - БКМК БКБК жетектөөчү адиси; Кожоканов Э. - "НеманФарм" ЖЧКнын өкүлү; Мусс М. - "ЮниХелп" ЖЧКнын өкүлү; Белоконев А. - "ДатаДжет" ЖЧКнын өкүлү |
Ченемдик укуктук актыны баалоо мөөнөтү (долбоорду баалоо башталган жана аяктаган күндөрүн көрсөтүү): | 2014-жылдын июль-августу |
Долбоордун аракет чөйрөсүнө кирген субъектилер (саноо керек): | |
1) мамлекеттик органдар | 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы |
2) мамлекеттик эмес уюмдар | 1. Жеке жактар |
2. Юридикалык жактар | |
3) жарандар |
|
Долбоорду кабыл алгандагы чыгымдар (тартылган тараптардын чыгымдарын да, жалпы эле экономиканын чыгымдарын да камтыйт), сом/$ | Мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоолорду талап кылбайт жана аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүнү талап кылбайт |
Долбоорду кабыл алуудан күтүлгөн пайдалар (тартылган бардык тараптардын пайдаларын да, жалпы экономиканын пайдаларын да камтыйт), сом/$ | Киргизилип жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин бажы аймагында соода жүргүзгөн учурда ишкердик кылууга жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу терс социалдык-экономикалык жана укуктук кесепеттерди алып келбейт |
Көйгөйдү чечүүнүн альтернативалуу варианттары: | |
1) эч нерсени өзгөртпөө керек (баарын мурдагыдай калтыруу керек) | Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө лицензия берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүү |
2) дерегуляция же рыноктук механизмдер | Жок |
Каралып жаткан ченемдик акт менен жөнгө салуу максаттарына жетишилеби: | Киргизилип жаткан мыйзам долбоорун кабыл алуу: - баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө лицензия берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүү; - Бажы бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү, жана ушул мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык коомдоштугунун үчүнчү өлкөлөр менен соода кылуу алкагында бажы союзунун катышуучу мамлекеттер тарабынан ташып кирүүгө же ташып чыгууга чектөө же тыюу салуу колдонулган товарлардын жалпы тизмегинин 2.12-бөлүмүнө киргизилген баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып чыгуу, 2009-жылдын 9-июнундагы товарлар менен тышкы соода кылуу чөйрөсүндө лицензия берүү эрежелери жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынат; - Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин бажы аймагында соода жүргүзгөн учурда ишкердик кылууга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл |
Ченемдик укуктук актыга өзгөртүү/толуктоо киргизүүнүн зарылчылыгы (эмне өзгөртүлөрүн көрсөтүү керек): | Киргизилип жаткан мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамга карама-каршы келбейт жана баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду импорттоого, экспорттоого жана транзиттөөгө лицензия берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө багытталган |
Сын-пикирлер: | Министрликтерден жана ведомстволордон, ошондой эле ишкердик коомдоштуктарынан алынган сын-пикирлер жана сунуштар эске алынды жана кабыл алынды |
Коомдук угуу өткөрүлгөнбү (тиешелүүсүн астын сызуу керек) | Ооба |
Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: | |
Аты-жөнү | С.К.Шыйкымбаев |
Кызматы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгазаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын opyн басары |
Датасы | 2014-жылдын 27-августу |