Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-декабры № 4580-V
"2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 13-майындагы № 258 токтому) "2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
республикалык бюджетке кирешелердин толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын; төмөндөгү чараларды кабыл алсын:
- бюджеттик каражаттарды максатсыз, натыйжасыз жана негизсиз пайдалануунун алдын алуу боюнча;
- 2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинде белгиленген, финансылык бузууларга жол берген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине карата;
- акциялардын мамлекеттик пакетине түшкөн дивиденддердин республикалык бюджетке толук түшүүсүн камсыз кылуунун механизмин иштеп чыгуу, алардын толук жана өз убагында төлөнүшү үчүн мониторинг жүргүзүү боюнча;
- мамлекеттик баалуу кагаздарды пайдалануунун максатка ылайыктуулугун жана натыйжалуулугун эске алуу менен аларды чыгарууну чектөө боюнча;
- бюджеттик маселелерди жөнгө салуу боюнча мыйзамдарды бекем сактоо боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинде аныкталган бюджеттик каражаттарды толук калыбына келтирүү боюнча;
- салыктык карыздарды кыскартуу боюнча;
- финансылык жөнгө салууга тийиштүү белгиленген нормативдерди тескөөнү күчөтүү боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы төмөндөгүлөр боюнча аудит жүргүзсүн:
- 2013-2014 жылдар үчүн Токтогул ГЭС каскадынан иштелип чыккан электроэнергиясынын каскаддан чыккан суу ресурстарынын көлөмүнө дал келүүсүн;
- ташылып чыккан алтын кен концентраттарынын республикалык бюджеттин кирешесине түшүүсүнүн 2013-2014-жылдар үчүн аны импорттоонун көлөмүнө ылайык келүүсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет^кзда финансы боюнча комитетке жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |