Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-майы № 258
Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө расмий тилде тиркелген отчету атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 89 281 912,4 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 92 116 122,6 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 2 834 210,2 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|