КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-январы № 4680-V"
Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгечилерге - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К. Иманалиевге жана К.Ж. Рыспаевге толуктап иштеп чыгууга кайтарылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети (К. Осмоналиев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун демилгечилер менен бирдикте депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |