КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы №4732-V
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 9-июлундагы № 384-токтому) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду биргелешкен токтом менен бекитсин, анда Кыргыз Республикасынын айрым региондорун тийиштүү банк жабдуулары менен толук камсыз кылуу жөнүндө меморандумдун пункттарын аткаруу мөөнөттөрүн, ошондой эле меморандумдун шарттарын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын.
Төрага | Б. Мамырова |