КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-июлу № 384
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана
өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж. № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
257-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
«14) банк жабдуулары.»;
- 2-бөлүктөгү «жана 13-пункттарында» деген цифралар жана сөздөр «, 13 жана 14-пункттарында» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|