КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-февралы № 4755-V
"Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 22-сентябрдагы № 545 токтому) "Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |