Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 545
"Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" (мындан ары - Нагоя протоколу) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Нагоя протоколунун жоболорун ишке ашырууга жооптуу аткаруучу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциянын бюджетине мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө Кыргыз Республикасы Нагоя протоколуна кошулгандан кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин тиешелүү жылга сметасында каралган каражаттарынын эсебинен ишке ашырылсын.
4. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктуү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны Депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти