Редакцияот 05.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 5-февралы № 4754-V

"Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 22-сентябрдагы № 545 токтому) "Кыргыз Республикасынын Генетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жөнгө салуунун жана аларды колдонуудан алынган пайданы Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенцияга карата адилеттүү жана теңдеш негизде биргелешип пайдалануунун Нагоя протоколуна кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Заместитель Төрага

Т. Зулпукаров