Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 токтому менен бекитилген |
|
1. Кыргыз Республикасында калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык кеңеш (мындан ары - Ведомстволор аралык кеңеш) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин (мындан ары - бирдиктүү реестр) киргизилишин координациялоочу орган болот.
2. Ведомстволор аралык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин актыларына жана ушул Жобого таянат.
3. Ведомстволор аралык кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
4. Ведомстволор аралык кеңештин негизги милдеттери төмөнкүдөй:
- Бирдиктүү реестрдин иштелип чыгышын жана киргизилишин жалпы жетектөө;
- Бирдиктүү реестрдин маалыматтарынын чогултулушун, алардын пайдаланылышын жана корголушун контролдоо.
5. Ведомстволор аралык кеңештин негизги функциялары төмөнкүдөй:
- Бирдиктүү реестрди киргизүүдө мамлекеттик бийликтин органдарынын иштерин координациялоо;
- Бирдиктүү реестрди киргизүү жана иштетүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну жетектөө;
- Бирдиктүү реестрди иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча программаларды (долбоорлорду) ишке ашырууга керектүү финансылык ресурстардын булактарын жана көлөмүн аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Бирдиктүү реестрди киргизүү процессин мониторингдөө.
6. Ведомстволор аралык кеңеш төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардан өзүнүн функцияларын аткаруу жана маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте маалыматтарды суроого;
- мамлекеттик органдардын жетекчилерин өзүнүн жыйындарына чакырууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизүү үчүн өзүнүн компетенциясындагы маселелер боюнча тийиштүү сунуштарды белгиленген тартипте даярдоого;
- Бирдиктүү реестрди киргизүү маселеси боюнча тийиштүү сунуштарды жана рекомендацияларды даярдоо үчүн адистерди тартууга жана жумушчу топторду түзүүгө;
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Ведомстволор аралык кеңештин чечимдерин аткарууну өз компетенциясынын чегинде талап кылууга;
- жумушчу топтордун отчетторун угууга жана бекитүүгө.
7. Ведомстволор аралык кеңешти Ведомстволор аралык кеңештин төрагасы зарылдыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес чакырат.
8. Ведомстволор аралык кеңештин жыйындарын төрага же анын орун басарлары өткөрөт.
Ведомстволор аралык кеңештин жыйындары анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса жарактуу деп эсептелет, мында чечимдер жыйынга катышып отурган мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9. Ведомстволор аралык кеңештин жыйындарын даярдоону жана өткөрүүнү, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоону, ошондой эле Ведомстволор аралык кеңештин учурдагы иштерин камсыздоону Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте ишке ашырат.