Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-октябры № 573
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 124, 2014-жылдын 17-октябрындагы № 603, 2015-жылдын 23-апрели № 247, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутумдун иштешин камсыздоо, "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин тутуму киргизилсин;
2. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - калктын реестри) жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуунун автоматташтырылган маалыматтык тутум (мындан ары - автоматташтырылган тутум) жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасында калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык кеңеш (мындан ары - Ведомстволор аралык кеңеш) жөнүндө жобо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Ведомстволор аралык кеңештин ишине ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- 2015-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине жана анын аймактык органдарына автоматташтырылган тутумду киргизүүнү ишке ашырсын;
- эки апталык мөөнөттө калктын реестрин киргизүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын жана Ведомстволор аралык кеңештин кароосуна киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-мартындагы № 124, 2014-жылдын 17-октябрындагы № 603, 2015-жылдын 23-апрели № 247 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте ведомстволор аралык жумушчу топ түзсүн жана эки апталык мөөнөттө андан аркы эриш-аркак иштешүү жана маалымат алмашуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде жана анын аймактык органдарында автоматташтырылган тутумду киргизүү аяктагандан кийин эки апталык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жеке адамдардын идентификациялык жеке номерлеринин (мындан ары - ИЖН) актуалдуу маалыматтык базасын ИЖНдин контролдук санын эсептеп чыгаруунун алгоритмин берүү менен кошо тапшырсын;
- ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |