Редакцияот 18.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 18-февралы № 4807-V

"2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 31-декабрындагы № 756 токтому) "2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров