Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-декабры № 756
«2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык коомдоштугунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын “31” декабры № 756 токтому менен жактырылган |
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдин ченемдерине каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Келишимдин долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрынын № 443-б буйругу менен жактырылган.
2014-жылдын 10-октябрында, Беларусь Республикасынын Минск шаарында Евразия экономикалык коомдоштугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынында Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын президенттери Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимге кол коюшкан.
Өз ара аракеттенүүнүн форматын өзгөртүү жөнүндө жогоруда аталган Келишимге кол койгон мамлекеттердин чечими – бул азыркы тенденциялардын адекваттуу айкалышы.
Евразия интеграциясынын алга умтулган өнүгүшүн камсыздап, ЕврАзЭК маанилүү миссияны аткарды. Келишимдин 1-беренесине ылайык 2015-жылдын 1-январынан тартып мындан да алдыңкы интеграциялык уюм - Евразиялык экономикалык биримдиги иштей баштагандыгына байланыштуу Евразия экономикалык коомдоштугунун, ошондой эле Коомдоштуктун органдарынын иши токтотулат.
Келишимди ратификациялоо кандайдыр-бир социалдык, укуктук, укук коргочулук, гендердик, экономикалык, коррупциялык, финансылык-экономикалык терс натыйжаларга кириптер кылбайт.