Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 4820-V
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 22-декабрындагы № 718 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондусунун иштеп туруусунун максатка ылайыктуулугун карасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин;
- калкка пенсияны төлөп берүү жана жеткирүү боюнча "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ишин карасын жана анын ишин оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду административдик-башкаруу чыгымдарына каралган каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |