Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-декабры № 718
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети кирешелер боюнча 40081449,4 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 39952594,2 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджетинин профицити 128855,2 миң сом суммасында белгиленсин.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-2017-жылдарга бюджетинин божомолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене
2015-жылы пенсиянын базалык бөлүгүн төлөп берүүгө каражаттардын жылдык керектөөсүнүн 95 пайызы, 2016-жылы жана андан кийинки жылдары - 100 пайызы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланаары белгиленсин.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2015-жылга - 16547700,0 миң сом суммасында, 2016-жылга божомол - 18058333,9 миң сом суммасында, 2017-жылга - 19705365,2 миң сом суммасында белгиленсин, анын ичинде:
- пенсиянын базалык бөлүгүнө 2015-жылга - 8776560,2 миң сом, 2016-жылга божомол - 9636269,5 миң сом, 2017-жылга - 10655303,3 миң сом;
- пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2015-жылга - 1846946,5 миң сом, 2016-жылга божомол - 1892363,5 миң сом, 2017-жылга - 1940958,3 миң сом;
- “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларга 2015-жылга - 2150581,3 миң сом, 2016-жылга божомол - 2272891,8 миң сом, 2017-жылга - 2393676,1 миң сом;
- аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2015-жылга - 25000,0 миң сом жана 2016-жылга божомол - 35000,0 миң сом, 2017-жылга - 35000,0 миң сом;
- пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашаган жана иштеген адамдарга, “Кыргызстан аба жолдору” улуттук авиаташуучу” ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сынак курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча, текстиль өндүрүшүндө, “PESAC” программасына кирген ишканаларда иштеген адамдарга), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптардын, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, “Баатыр-эне” же “Мать-героиня” ордендери менен сыйланган энелердин, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларды төлөөлөргө (Чернобыль АЭС жана башка жарандык же согуштук багыттагы атомдук объектилердеги кыйроонун кесепетин жоюунун катышуучуларына, эмгектик мертинүү же кесиптик оору боюнча, “PESAC” программасына кирген ишканаларда багуучусунан айрылган адамдарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2015-жылга - 3748612,0 миң сом, 2016-жылга божомол - 4221809,1 миң сом, 2017-жылга - 4680427,5 миң сом.
5-берене
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2013-жыл үчүн 100171,9 миң сом суммасында карыздар Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиштиги белгиленсин.
2015-жылы Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2013-жыл үчүн 14679,0 миң сом суммасындагы карыздар Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиштиги белгиленсин.
6-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашырууга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
7-берене
Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
| “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети
(миң сом)
| Позициянын № | 2015-жылга бюджет |
Бардык кирешелер (3+28+38+50 - позициялар) | 1 | 40 081 449,4 |
ИДПга карата % менен | 2 | 9,1 |
анын ичинде: |
|
|
I. Пенсиялык фонд | 3 | 37 056 666,9 |
1. Жыл башына калдык | 4 | 602 008,1 |
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 5 | 19 758 641,2 |
анын ичинде: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 6 | 11 487 458,6 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 7 | 6 521 956,1 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 8 | 30 132,7 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 9 | 210 470,0 |
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 10 | 440 190,4 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 11 | 8 433,4 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 12 | 1 060 000,0 |
3. Башка кирешелер | 13 | 148 317,6 |
анын ичинде: |
|
|
ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер | 14 | 23 000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн туумдар жана айыптар | 15 | 34 000,0 |
эсептердеги акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздар | 16 | 78 000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн пайыздар | 17 | 817,6 |
убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруудан кирешелер | 18 | 8 000,0 |
пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштыруучу суммалар | 19 | 500,0 |
регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар | 20 | 3 000,0 |
башка түшүүлөр | 21 | 1 000,0 |
4. Республикалык бюджеттен түшүүлөр | 22 | 16 547 700,0 |
анын ичинде: |
|
|
пенсиянын базалык бөлүгү | 23 | 8 776 560,2 |
жеткирүүнү эске алуу менен электр энергиясына компенсация | 24 | 1 846 946,5 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары | 25 | 2 150 581,3 |
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 26 | 25 000,0 |
пенсиялар жана пенсияларга үстөктөр | 27 | 3 748 612,0 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 28 | 1 735 301,9 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 29 | 1 635 130,0 |
анын ичинде: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 30 | 941 680,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 31 | 537 770,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 32 | 3 100,0 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 33 | 16 490,0 |
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 34 | 47 340,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 35 | 0,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 36 | 88 750,0 |
2. 2013- жыл үчүн карыздарды жоюу | 37 | 100 171,9 |
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 38 | 220 909,0 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 39 | 206 230,0 |
анын ичинде: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 40 | 117 760,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 41 | 67 220,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 42 | 290,0 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 43 | 2 040,0 |
жеке эмгек ишкердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 44 | 7 570,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 45 | 100,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 46 | 11 250,0 |
2. 2013-жыл үчүн карыздарды жоюу | 47 | 14 679,0 |
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд | 48 | 7 964 416,1 |
1. Жыл башына карата пенсиялык топтоо каражаттары | 49 | 6 102 309,7 |
2. Учурдагы жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 50 | 1 068 571,6 |
анын ичинде: |
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 51 | 661 998,8 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 52 | 304 489,7 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 53 | 1 432,1 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 54 | 0,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 55 | 10 501,3 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 56 | 149,7 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 57 | 90 000,0 |
3. Отчеттук мезгилде инвестициялоодон киреше | 58 | 793 534,8 |
Бардык чыгымдар (61+77+82+87 - позициялар) | 59 | 39 952 594,2 |
ИДПга карата % менен | 60 | 9,0 |
анын ичинде: |
|
|
I. Пенсиялык фонд | 61 | 36 927 811,7 |
пенсиялар | 62 | 31 396 146,4 |
электр энергиясына компенсация | 63 | 1 826 851,1 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары | 64 | 2 150 581,3 |
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 65 | 25 000,0 |
сөөк коюуга жөлөкпул | 66 | 322 500,0 |
пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана жеткирүү боюнча чыгымдар | 67 | 353 618,7 |
Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар | 68 | 17 398,7 |
жекелештирилген эсепке алуу боюнча чыгымдар | 69 | 5 500,0 |
Социалдык фонддун административдик-башкаруу чыгымдары | 70 | 648 000,0 |
резервдик фонд | 71 | 27 500,0 |
өнүктүрүү фонду | 72 | 34 000,0 |
мүчөлүк акыларды төлөө | 73 | 5 664,6 |
ММК фондуна карыздарды жоюуга чыгымдар | 74 | 100 171,9 |
ЭДЧ фондуна карыздарды жоюуга чыгымдар | 75 | 14 679,0 |
башка чыгымдар | 76 | 200,0 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 77 | 1 735 301,9 |
медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо | 78 | 1 596 301,9 |
административдик чыгымдар | 79 | 120 000,0 |
маалыматтык камсыздоого чыгымдар | 80 | 9 000,0 |
саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду | 81 | 10 000,0 |
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 82 | 220 909,0 |
санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу | 83 | 143 590,9 |
Санаторий-профилакторийлерде ден соолукту чыңдоо | 84 | 13 254,5 |
балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо | 85 | 59 645,4 |
уюштуруу-административдик чыгымдар | 86 | 4 418,2 |
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд | 87 | 1 068 571,6 |
пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүүгө | 88 | 114 620,1 |
МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгымдар | 89 | 10 685,7 |
учурдагы жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар (50-88-89 - позициялар) | 90 | 943 265,8 |
Дефицит (-), профицит (+) | 91 | 128 855,2 |
жыл аягына карата Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражаттары (48-88-89 - позициялар) | 92 | 7 839 110,3 |
ИДП | 93 | 442 808 100,0 |
| “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун
бюджетинин 2016-2017-жылдарга божомолу
(миң сом)
| Позициянын № | 2016-жылга бюджеттин божомолу | 2017-жылга бюджеттин божомолу |
Бардык кирешелер (3+28+37+48 - позициялар) | 1 | 42 324 324,0 | 45 641 885,5 |
ИДПга карата % менен | 2 | 8,4 | 7,9 |
анын ичинде: |
|
|
|
I. Пенсиялык фонд | 3 | 39 235 588,7 | 42 364 402,0 |
1. Жыл башына калдык | 4 | 128 855,2 | 293 259,7 |
2. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 5 | 20 893 752,4 | 22 207 581,3 |
анын ичинде: |
|
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 6 | 12 534 847,7 | 13 790 090,3 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 7 | 6 530 396,1 | 6 554 976,2 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 8 | 30 132,9 | 30 122,2 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 9 | 210 470,0 | 210 470,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 10 | 477 027,4 | 511 044,4 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 11 | 8 478,3 | 8 478,2 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 12 | 1 102 400,0 | 1 102 400,0 |
3. Башка кирешелер | 13 | 154 647,2 | 158 195,8 |
анын ичинде: |
|
|
|
ишканалардын акциялары боюнча дивиденддер жана аларды сатуудан кирешелер | 14 | 24 500,0 | 25 000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында эмес жана толук эмес которгондугу үчүн туумдар жана айыптар | 15 | 34 500,0 | 34 500,0 |
эсептердеги акча каражаттардын калдыгына эсептелген пайыздар | 16 | 81 600,0 | 84 000,0 |
камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн пайыздар | 17 | 547,2 | 195,8 |
убактылуу бош акча каражаттарын МБК, КРУБ ноталарына, кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруудан кирешелер | 18 | 9 000,0 | 10 000,0 |
пенсияларды төлөө үчүн капиталдаштыруучу суммалар | 19 | 500,0 | 500,0 |
регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлүүчү каражаттар | 20 | 3 000,0 | 3 000,0 |
башка түшүүлөр | 21 | 1 000,0 | 1 000,0 |
4. Республикалык бюджеттен түшүүлөр | 22 | 18 058 333,9 | 19 705 365,2 |
анын ичинде: |
|
|
|
пенсиянын базалык бөлүгү | 23 | 9 636 269,5 | 10 655 303,3 |
жеткирүүнү эске алуу менен электр энергиясына компенсация | 24 | 1 892 363,5 | 1 940 958,3 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары | 25 | 2 272 891,8 | 2 393 676,1 |
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 26 | 35 000,0 | 35 000,0 |
пенсиялар жана пенсияларга үстөктөр | 27 | 4 221 809,1 | 4 680 427,5 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 28 | 1 737 720,0 | 1 838 200,0 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 29 | 1 737 720,0 | 1 838 200,0 |
анын ичинде: |
|
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 30 | 1 035 870,0 | 1 131 120,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 31 | 538 840,0 | 539 900,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 32 | 3 100,0 | 3 100,0 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 33 | 16 490,0 | 16 490,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 34 | 51 120,0 | 55 290,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 35 | 0,0 | 0,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын түшүшү | 36 | 92 300,0 | 92 300,0 |
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 37 | 218 520,0 | 230 450,0 |
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү | 38 | 218 520,0 | 230 450,0 |
анын ичинде: |
|
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 39 | 129 500,0 | 141 330,0 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 40 | 67 320,0 | 67 420,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 41 | 290,0 | 290,0 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 42 | 2 040,0 | 2 040,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 43 | 7 570,0 | 7 570,0 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 44 | 100,0 | 100,0 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 45 | 11 700,0 | 11 700,0 |
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд (МТПФ) | 46 | 9 965 865,4 | 12 277 902,1 |
1. Жыл башына карата пенсиялык топтоо каражаттары | 47 | 7 839 110,3 | 9 834 257,9 |
2. Учурдагы жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү | 48 | 1 132 495,3 | 1 208 833,5 |
анын ичинде: |
|
|
|
өнөр жай жана башка ишканалардын жана уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 49 | 727 894,7 | 805 914,2 |
бюджеттик уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 50 | 298 089,1 | 296 153,0 |
уюшулган айыл чарба секторунун камсыздандыруу төгүмдөрү | 51 | 1 534,2 | 1 724,7 |
фермердик, дыйкан чарбаларынын камсыздандыруу төгүмдөрү | 52 | 0,0 | 0,0 |
жеке эмгек ишмердигин жүргүзгөндөрдүн камсыздандыруу төгүмдөрү | 53 | 11 236,5 | 11 301,1 |
жеңилдетилген тарифтер боюнча уюмдардын камсыздандыруу төгүмдөрү | 54 | 140,8 | 140,5 |
өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын түшүшү | 55 | 93 600,0 | 93 600,0 |
3. Отчеттук мезгилде инвестициялоодон кирешелер | 56 | 994 259,8 | 1 234 810,7 |
Бардык чыгымдар (59+73+78+83 - позициялар) | 57 | 42 031 064,3 | 45 542 778,4 |
ИДПга карата % менен | 58 | 8,3 | 7,9 |
анын ичинде: |
|
|
|
I. Пенсиялык фонду | 59 | 38 942 329,0 | 42 265 294,9 |
пенсиялар | 60 | 33 309 401,8 | 36 362 526,6 |
электр энергиясына компенсация | 61 | 1 871 774,0 | 1 919 840,1 |
аскер кызматчыларынын пенсиялары | 62 | 2 272 891,8 | 2 393 676,1 |
аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку төлөнүүчү жөлөкпул | 63 | 35 000,0 | 35 000,0 |
сөөк коюуга жөлөкпул | 64 | 327 000,0 | 351 425,0 |
пенсияларды, жөлөкпулдарды дайындоо жана жеткирүү боюнча чыгымдар | 65 | 373 793,3 | 406 028,1 |
Социалдык фонддун эсептерин тейлөө үчүн чыгымдар | 66 | 18 403,7 | 19 547,5 |
жекелештирилген эсепке алуу боюнча чыгымдар | 67 | 5 000,0 | 5 000,0 |
Социалдык фонддун административдик-башкаруу чыгымдары | 68 | 685 499,8 | 728 286,9 |
резервдик фонд | 69 | 2 500,0 | 2 500,0 |
өнүктүрүү фонду | 70 | 34 500,0 | 34 500,0 |
мүчөлүк акыларды төлөө | 71 | 6 364,6 | 6 764,6 |
башка чыгымдар | 72 | 200,0 | 200,0 |
II. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | 73 | 1 737 720,0 | 1 838 200,0 |
медициналык кызмат көрсөтүүнү каржылоо | 74 | 1 592 720,0 | 1 687 200,0 |
административдик чыгымдар | 75 | 125 000,0 | 130 000,0 |
маалыматтык камсыздоого чыгымдар | 76 | 10 000,0 | 11 000,0 |
саламаттык сактоону өнүктүрүү фонду | 77 | 10 000,0 | 10 000,0 |
III. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду | 78 | 218 520,0 | 230 450,0 |
санатордук-курорттук дарылануу жана эс алуу | 79 | 142 038,0 | 149 792,5 |
санаторий-профилакторийлерде ден соолукту чыңдоо | 80 | 13 111,2 | 13 827,0 |
балдардын ден соолугун чыңдоо борборлорунда ден соолукту чыңдоо | 81 | 59 000,4 | 62 221,5 |
уюштуруу-административдик чыгымдар | 82 | 4 370,4 | 4 609,0 |
IV. Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонд | 83 | 1 132 495,3 | 1 208 833,5 |
пенсиянын топтолмо бөлүгүн төлөп берүүгө | 84 | 114 620,1 | 114 620,1 |
МТПФ каражаттарын инвестициялоого жана администрациялоого байланышкан чыгымдар | 85 | 16 987,4 | 18 132,5 |
учурдагы жылда инвестициялоого багытталуучу каражаттар (48-84-85 - позициялар) | 86 | 1 000 887,8 | 1 076 080,9 |
Дефицит (-), профицит (+) | 87 | 293 259,7 | 99 107,1 |
жыл аягына карата Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражаттары (46-84-85 - позициялар) | 88 | 9 834 257,9 | 12 145 149,5 |
ИДП | 89 | 506 329 900,0 | 580 037 700,0 |