КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 4825-V
"2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, заемчу катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Бирлигинин ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу " Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 9-декабрындагы № 699 токтому) "2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, заемчу катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Бирлигинин ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |