Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-декабры № 699
“Бишкек шаарында 2014 - жылдын 2 - октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- “Бишкек шаарында 2014 - жылдын 2 - октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду, Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну, зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу;
- Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашуга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу;
- зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2014-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашуу, зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Меморандумдун, Грант жөнүндө макулдашуунун, Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Европа Союзуна кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 - жылдын «9» декабрында № 699 токтому менен жактырылган |
Зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы Кредиттик макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан жактырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 418-б буйругу менен жактырылган.
Зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы Кредиттик макулдашууга 2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Кредиттик макулдашууну ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка натыйжаларынын маселелери боюнча.
Европа Союзунун Кыргызстан үчүн макрофинансылык жардамы 50 % - кредит жана 50 % - грант компоненттери менен 30 млн еврону түзөт. Бул жардам Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоого багытталат.
Макрофинансылык жардам гранттык жана кредиттик бөлүктөрдөн тең пропорцияда эки транш менен берилет. Биринчи транш (15 млн евро, анын ичинен 10 млн евро – грант, 5 млн евро - кредит) кыргыз тарап ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганда жана Макулдашуулар жана Меморандум күчүнө киргенде которулат. Экинчи транш (15 млн евро, анын ичинен 10 млн евро – кредит, 5 млн евро - грант) Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда айтылган шарттарды аткаруу менен коштолот, бирок биринчи траншты алган учурдан кийин үч айдан эрте эмес берилет. 15 млн евро өлчөмдөгү гранттык бөлүк Европа Союзунун каражаттарынан берилет, 15 млн евро өлчөмүндөгү кредиттик бөлүк үчүн Европа Союзу «ААА» эң жогорку кредиттик рейтингине ээ болуп, ыңгайлуу шарттарда эл аралык финансылык рынокто кредитти тартат жана кандайдыр бир үстөктөрсүз Кыргыз Республикасына кайра кредиттейт.
Траншты төлөө үчүн Кыргыз Республикасы финансылык шарттарда б.а. жоюу мөөнөтү, жеңилдетилген мезгил, пайыздык ченди көрсөтүү менен Европа Союзуна каржылоо боюнча суроо-талапты берүүсү зарыл. Мында пайыздык чен боюнча Кыргыз Республикасы үчүн алгылыктуу болгон, бирок 1 %дан аз эмес максималдуу өлчөм көрсөтүлүшү керек.
Ошону менен бирге, кредит менен грант Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-мартындагы № 188 токтому менен жактырылган 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун Стратегиясына ылайык келүүчү жеңилдетилген шарттарга алып келе тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Кредиттик каражатты төлөө аталган Кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык, республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды тартуу менен ишке ашырылат.
Зайымчы катары Кыргыз Республикасы менен кредитор катары Европа Союзунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу финансылык-экономикалык жана башка терс натыйжаларга кириптер кылбайт.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 - жылдын «9» декабрында № 699 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы комитети, эл аралык иштер боюнча комитети жана экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан жактырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 419-б буйругу менен жактырылган.
Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууга 2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Макулдашууну ратификациялоонун мүмкүн болгон финансы-экономикалык жана башка натыйжаларынын маселелери боюнча.
Кыргызстан үчүн Европа Союзунун макрофинансылык жардамы 50 % - кредит жана 50 % - грант компоненттери менен 30 млн еврону түзөт. Бул жардам Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоого багытталат.
Макрофинансылык жардам гранттык жана кредиттик бөлүктөрдөн тең пропорцияда эки транш менен берилет. Биринчи транш (15 млн евро, анын ичинен 10 млн евро – грант, 5 млн евро - кредит) кыргыз тарап ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганда жана макулдашуулар жана меморандум күчүнө киргенде которулат. Экинчи транш (15 млн евро, анын ичинен 10 млн евро – кредит, 5 млн евро - грант) Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда айтылган шарттарды аткаруу менен коштолот, бирок биринчи траншты алган учурдан тартып үч айдан эрте эмес берилет. 15 млн евро өлчөмдөгү гранттык бөлүк Европа Союзунун каражаттарынан берилет, 15 млн евро өлчөмүндөгү кредиттик бөлүк үчүн Европа Союзу «ААА» эң жогорку кредиттик рейтингине ээ болуп, ыңгайлуу шарттарда эл аралык финансылык рынокто кредитти тартат жана кандайдыр бир үстөктөрсүз Кыргыз Республикасына кайра кредиттейт.
Траншты төлөө үчүн Кыргыз Республикасы финансылык шарттарда б.а. жоюу мөөнөтү, жеңилдетилген мезгил, пайыздык ченди көрсөтүү менен Европа Союзуна каржылоо боюнча суроо-талапты берүүсү зарыл. Мында пайыздык чен боюнча Кыргыз Республикасы үчүн алгылыктуу болгон максималдуу өлчөм көрсөтүлүшү тийиш, бирок 1 %дан аз болбойт.
Ошону менен бирге, кредит менен грант Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-мартындагы № 188 токтому менен жактырылган 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун Стратегиясына ылайык келүүчү жеңилдетилген шарттарга алып келе тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Макрофинансылык жардам гранты жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу финансылык-экономикалык жана башка терс натыйжаларга кириптер кылбайт.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 - жылдын «9» декабрында № 699 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум (мындан ары - Меморандум) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Меморандумдун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан жактырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 417-б буйругу менен жактырылган.
Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2014-жылдын 2-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Меморандумдун максаты Кыргыз Республикасынын туруктуу тышкы финансылык абалын калыбына келтирүүнү, төлөм балансынын абалын жеңилдетүүнү жана ошону менен өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү көздөйт.
Европа Союзунун Кыргызстан үчүн макрофинансылык жардамы 50 % - кредит жана 50 % - грант компоненттери менен 30 млн еврону түзөт. Бул жардам Кыргыз Республикасынын бюджетин колдоого багытталат.
Макрофинансылык жардам гранттык жана кредиттик бөлүктөрдөн тең пропорцияда эки транш менен берилет. Биринчи транш (15 млн евро, анын ичинен 10 млн евро – грант, 5 млн евро - кредит) кыргыз тарап Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду күчүнө киргизүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктаганда которулат. Экинчи транш (15 млн евро, анын ичинен 10 млн евро – кредит, 5 млн евро - грант) Меморандумда айтылган шарттарды аткаруу менен коштолот, бирок биринчи траншты алган учурдан үч айдан эрте эмес берилет.
Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду ишке ашыруу финансылык-экономикалык жана башка терс натыйжаларга кириптер кылбайт.