Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-марты № 4880-V
"2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 27-январындагы № 28 токтому) "2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |