Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-январы № 28
“Доха шаарында 2014-жылдын 1-июнунда кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- “Доха шаарында 2014-жылдын 1-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Доха шаарында 2014-жылдын 1-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Катар тарапка кабарласын.
3-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27 январындагы № 28 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 169-б буйругу менен жактырылган.
Аталган Макулдашууга 2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган.
Ушул Макулдашуунун максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- экинчи мамлекетте салык салынуучу объектке ээ болгон бир мамлекеттин субъекттерине салык алуу боюнча ар бир макулдашуучу мамлекеттин укуктарын бөлүштүрүү эрежелерин аныктоо;
- бир макулдашуучу мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекеттин басмырлоочу салык салуусунан коргоо;
- макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу салык төлөөдөн качууну же макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо.
Буга байланыштуу Макулдашуу республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун каражаты болуп саналат, анткени ал чет өлкөлүк фирмалардын аларга салык бир гана өлкөдө салынаарын билүүлөрү менен өлкөнү инвестициялоосуна мүмкүндүк берет.
Макулдашууну ратификациялоо терс финансылык - экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.