Редакцияот 12.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 12-марты № 4883-V

"2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашууну (Атайын операциялар) ("Транспорттук коридор-1 БАРЭК" (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчү долбоору - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 18-февралындагы № 65 токтому) "2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) ("Транспорттук коридор-1 БАРЭК" (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчү долбоору - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков