Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2015-жылдын 18-февралы № 65
"Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия ѳнүктγрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) ("Транспорттук коридор-1 БАРЭК" (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчү долбоору - Кошумча каржылоо) ратифнкациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги Кыргыз жол-жоболорду Республикасынын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнγндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнуктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) ("Транспорттук коридор-1 БАРЭК" (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчγ долбоору - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүу банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Атайын операциялар) (Транспорттук коридор-1 БАРЭК" (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчү долбоору - Кошумча каржылоо) Кыргыз Республикасынын Өкмѳтγнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин,
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий ѳкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене
Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүγ банкынын ортосундагы Каржылоо жѳнγндѳ макулдашуу (Атайын операциялар) ("Транспорттук коридор-1 БАРЭК" (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчү долбоору - Кошумча каржылоо) ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши γчγн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жѳнүндө Азия ѳнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн он күн ѳткөндөн кийин күчүнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти