Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 4921-V
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртуүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окуунун режимине кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Г. Бекматов, К.С. Дыйканбаев, Э.А. Кочкарова жана Г.А. Скрипкина тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КыргызРеспубликасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору «КыргызРеспубликасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык экинчи окуунун режимине кайтарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциалык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В. Никитенко) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана стенограммага ылайык жыйналышта айтылган сунуштарды эске aлуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |