Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 4933-V
«Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Реепубликасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 16-октябрындагы № 601-токтому) «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Э.А. Сакебаев) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Реепубликасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |