Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-октябры № 601
"Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
1. Ушул Мыйзам жаштардын курактык жана башка өзгөчө көйгөйлөрүн, жаш жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууну камсыздоо зарылдыгын эске алуу менен социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары Кыргыз Республикасында бүтүндөй мамлекеттик жаштар саясатын түзүүнүн жана ишке ашыруунун укуктук негизи болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам мамлекеттик жаштар саясатынын максаттарын, принциптерин жана негизги багыттарын, жаш жарандардын социалдык жактан калыптанышы үчүн социалдык-экономикалык, укуктук жана уюштуруучулук шарттарын жана кепилдиктерин түзүү максатында аны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарында жаштардын потенциалын өнүктүрүүнүн жана ишке ашыруунун механизмин аныктайт.
2-берене. Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Мамлекеттик жаштар саясаты - жаш жарандардын өздөрүнүн конституциялык укуктарын ийгиликтүү ишке ашыруусу, коомдук мамилелер тутумунда жаштардын катышуусу, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарында өзүнүн экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын ишке ашыруусу үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө. багытталган чаралардын системасы;
жаш жарандар (жаштар) - 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары;
жаш үй-бүлө - жубайлардын ар биринин же болбосо балалуу толук эмес үй-бүлөдөгү бир ата-эненин жаш курагы 28 жаштан ашпаган үй-бүлө;
оор турмуштук кырдаалдагы жаштар - төмөнкүдөй себептер боюнча жаштардын өз алдынча чече албаган жагдайы:
1) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелгенден улам өзүн-өзү тейлөөгө жарамсыз болсо;
2) ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калса же өзүнүн багуусунда ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды кошо алганда жакын туугандары болсо;
3) аз камсыз болсо;
4) куралдуу жана улуттар аралык чыр-чатактардын, экологиялык жана техногендик бүлгүндөрдүн, табигый кырсыктардын курмандыгы болсо;
5) качкын жана аргасыз көчүп келген болсо;
6) атайын окуу-тарбия мекемелеринде турса;
7) зордук-зомбулуктан запкы тарткан субъект болуп саналса;
8) жазык жазасын өтөгөндөн кийин социалдык адаптацияланууга мүмкүнчүлүгү жок болсо;
жаш адис - 28 жашка толо элек, билиминин тиешелүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ менен ырасталган кесиптик билимге ээ болгон, адистиги (кесиби) боюнча эмгек стажы 3 жылдан ашпаган Кыргыз Республикасынын жараны;
ишкердикти жүзөгө ашырган жаштар - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген, 28 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандары;
жаш окумуштуу - Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билимге ээ болгон, 28 жашка толо элек, илимий-изилдөө уюмдарында, менчиктин бардык түрүндөгү билим берүү мекемелеринде илимий жана илимий-техникалык изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруучу жаш жаран;
таланттуу жаштар - илим, техника, билим берүү, искусство, маданият, спорт чөйрөсүндө натыйжаларга жетишкен жана экономиканын, социалдык чөйрөнүн инновациялык өнүгүүсүн, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөнү камсыздоочу Кыргыз Республикасынын жаш жарандары;
жаштар уюму - катышуучуларынын (мүчөлөрүнүн) кеминде 75 пайызын жаш жарандар түзгөн жана иш-аракети жаштардын өнүгүшүнө, өз жолун табуусуна, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле рухий жана башка керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган коммерциялык эмес уюм;
жаштардын кеңешме-консультациялык коомдук кеңештери - башкаруу чечимдерин иштеп чыгууга, аларга экспертиза жүргүзүүгө, кабыл алууга жана мониторинг жүргүзүүгө жаштарды катыштыруу максатында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүшү мүмкүн болгон, жаш жарандардан турган коллегиялык органдар;
жаштар менен иштөө - жаш жарандар өздөрүнүн конституциялык укуктарын ийгиликтүү ишке ашыруусу, коомдук мамилелер системасында жаштардын катышуусу жана жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коомдун кызыкчылыктарында өзүнүн экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын ишке ашыруусу үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүү, жаш жарандар жана жаштар уюмдары менен өз ара аракеттенүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши;
жаштардын ыктыярдуу иши (волонтерлук) - жарандардын эркин ыктыярдуулугу боюнча ишке ашырылуучу, социалдык маанилүү кызматтарды чын дили менен көрсөтүүгө багытталган, инсандык өсүүгө жана бул ишти аткаруучу жарандардын (ыктыярдуулардын) өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү ыктыярдуулардын (волонтерлордун) ыктыярдуу бекер социалдык маанилүү иши;
студенттик өз алдынча башкаруу - жогорку кесиптик билим берүүнүн окуу жайларында окуп жаткан адамдардын окуусун, турмуш-тиричилигин, бош убактысын уюштуруунун турмуштук маанилүү маселелерин чечүү боюнча студенттердин демилгелүү жана өз алдынча иши;
студенттик эмгек отряды - окуудан бош убакытта чарбанын ар кандай тармактарында эмгектенүү ниетин билдирген, жалпы өндүрүш милдеттерин аткаруучу жана бир эле учурда коомдук пайдалуу программаны ишке ашыруучу орто жана/же жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын окуучуларынын ыктыярдуу бирикмеси;
өспүрүмдөрдүн эмгек отряды - биргелешкен эмгек ишин жүзөгө ашырган, алардын убактылуу иш менен камсыз болуусун уюштуруу, аларда эмгекке карата оң мамилени тарбиялоо, эмгек көндүмдөрүн калыптандыруу, социалдык жактан ыңгайлаштыруу, ошондой эле окуудан бош убакытта алардын эмгегин материалдык жактан демилгелөө максатында түзүлгөн, 14төн 18 жашка чейинки курактагы жаш жарандардын ыктыярдуу бирикмеси;
жаштар үчүн социалдык инфратүзүм - жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон объекттердин (имараттардын, курулуштардын, курулмалардын), ошондой эле жаш жарандардын ден соолугун сактоо, аларга билим берүү, тарбиялоо, психикалык-педагогикалык, укуктук, реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү, алардын ишке орношуусун камсыздоо жана алардын коомдук керектөөлөрүн канааттандыруу боюнча иш жүргүзгөн, уюштуруу-укуктук формаларынан жана менчик формаларынан көз карандысыз уюмдардын системасы.
4-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын максаттары жана милдеттери
Мамлекеттик жаштар саясатынын максаты болуп өлкөнүн туруктуу жаңычыл өнүгүшүн, анын аймактык бүтүндүгүн жана Кыргызстан элинин маданий бирдейлигин камсыздоочу жаштардын жигердүү жарандык позициясын жана баалуулук багыттарын калыптандыруу эсептелет.
Коюлган максатка жетишүү төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашыруу аркылуу ишке ашырылат:
1) коомдук мамилелердин тутумуна жаш жарандардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү;
2) руханий-адептик баалуулуктарды жана маданиятты калыптандыруу;
3) жаш жарандарды патриотизм, өз өлкөсүн урматтоо духунда тарбиялоо;
4) ден соолукту чыңдоо жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
5) билим алуу, кесиптик даярдыктан өтүү үчүн шарттарды түзүү;
6) жумуштуулукка көмөк көрсөтүү;
7) сунушталып жаткан коомдук пайдалуу демилгелердин ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү;
8) бош убакытты өткөрүү жана чыгармачылык потенциалды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
9) жаштар чөйрөсүндө терс көрүнүштөрдүн алдын алуу;
10) коомдун жана мамлекеттин жашоо-тиричилик процесстерине тартуу, жарандык жоопкерчиликти тарбиялоо.
5-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун принциптери
Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этноско таандыктыгына, туткан динине, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан, жаш жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин теңдиги;
2) патриотизм - мамлекеттик жаштар саясатынын коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгына багытталышы, жаштарды Мекенди сүйүүгө, Ата мекенге жана элге берилгендикке, алардын кызыкчылыктары үчүн кызмат кылууга умтулууга тарбиялоо;
3) Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий баалуулуктарынын артыкчылыгы;
4) улуу муунга урмат көрсөтүү, кам көрүү жана кайрымдуу болуу деминде тарбиялоо, муундардын мураскорлугун сактоо;
5) жаш жарандын жана жаш жаран тарабынан башка адамдардын улуттук аброюн сыйлоо, жаштардын бардык категорияларынын улуттар аралык пикир алышуу маданиятын тарбиялоо;
6) жаштардын руханий, дене тарбиялык өнүгүүсүнүн, кесиптик даярдыгынын экономикалык, социалдык, укуктук шарттарын жана алардын окуудагы, эмгектеги, илимдеги, коомдук жана мамлекеттик иштеги жөндөмдүүлүгүн ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо;
7) жаштарга жана бүтүндөй коомго тиешелүү саясатты жана программаларды түзүүгө жана ишке ашырууга түздөн-түз катышууга жаш жарандарды тартуу;
8) жаш жарандардын жаш өзгөчөлүктөрүн жана социалдык жактан колдоого муктаждыгын эске алуу менен мамлекеттик жаштар саясатынын чараларын дифференциациялоо;
9) жаштар чөйрөсүндө, мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө чараларды иштеп чыгууда жагдайды иликтөөгө, талдоого жана божомолдоого илимий мамилелерди пайдалануу;
10) мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө бардык катышуучуларды, алардын биргелешкен стратегияны иштеп чыгуу боюнча координацияланган ишин интеграциялоо жана күч-аракеттерин бириктирүү;
11) мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндөгү чараларды ишке ашыруу маселелериндеги ачык-айкындуулук жана жеткиликтүүлүк;
12) конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди жүзөгө ашыруу боюнча жаш жарандардын жана жаштардын коомдук бирикмелеринин өз алдынчалыгы;
13) мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашырууда аткаруу бийлик органдарынын тармактар аралык өз ара аракеттенүүсү;
14) мамлекеттин социалдык-экономикалык, саясий жана маданий өнүгүүсүн камсыздоо боюнча анын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын катарына мамлекеттик жаштар саясатын киргизүү.
6-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын субъекттери
Мамлекеттик жаштар саясатынын субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууну жана ишке ашырууну камсыздоочу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
2) жаш жарандар;
3) жаш үй-бүлөлөр;
4) жаштар уюмдары;
5) жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга катышкан башка уюмдар жана айрым жарандар.
7-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун механизмдери
Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун механизмдери жаштар менен тикелей өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат жана өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) мамлекеттик жаштар саясатынын артыкчылыктуу багыттарына туура келген, жынысына, улутуна, кесибине, жашаган жерине жана социалдык статусуна көз карандысыз түрдө аларга бардык жаш адамдардын бирдей катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берген жаштар долбоорлорунун системасын түзүү;
2) жаштар үчүн мамлекеттик, региондук жана муниципалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
3) мамлекеттик жаштар саясатынын негизги артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу боюнча жаштардын коомдук бирикмелерин аткаруучулар катары конкурстук негизде тартуу;
4) мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу үчүн бюджеттен тышкары каражаттарды жана башка материалдык ресурстарды тартуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беш жылда бир жолудан кем эмес мамлекеттик жаштар саясатынын Концепциясын (стратегиясын), мамлекеттик жаштар саясаты тармагындагы мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат.
8-берене. Мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) бирдиктүү мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзүүнү камсыздайт;
2) мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө жөнгө салууну жана башкарууну жүзөгө ашырат;
3) мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ишин координациялайт;
4) мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндөгү программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат, алардын аткарылышын контролдойт;
5) мамлекеттик жаштар саясаты тармагында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана кабыл алат;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик жаштар саясаты тармагындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
7) жыл сайын Кыргыз Республикасындагы жаштардын абалы жөнүндө баяндама даярдайт;
8) мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча ишти маалыматтык жана методикалык жактан камсыздоону жүзөгө ашырат;
9) жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жобосун, башкаруу схемасын жана чектик штаттык санын бекитет;
10) жаштар жана жаш үй-бүлөлөр үчүн социалдык жардамдын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу деңгээлин бекитүүчү мамлекеттик социалдык чекти жана ченемдерди белгилейт.
9-берене. Мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
Мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чектеринде:
1) жеринде мамлекеттик жаштар саясатын жүргүзөт;
2) мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууга багытталган жергиликтүү программаларды бекитет;
3) жаштар үчүн социалдык инфратүзүмдөрдү түзөт, колдоого алат жана өнүктүрөт;
4) жашаган жери боюнча жаштар менен иштөөнү уюштурат;
5) жөндөмдүү жана таланттуу жаштарга колдоо көрсөтөт;
6) турмуштук кыйын жагдайда турган жаш жарандарды колдоо үчүн шарттарды түзөт;
7) жаш үй-бүлөгө колдоо көрсөтүүгө, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого жана нике институтун бекемдөөгө багытталган ишти жүзөгө ашырат.
10-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары
1. Төмөнкүлөр мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары болуп эсептелет:
1) жаштарды жарандык жана патриоттуулук багытында тарбиялоо;
2) жаштардын сергек жашоосун калыптандырууга көмөк көрсөтүү;
3) жаш үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
4) жаш жарандардын ишкердигине көмөк көрсөтүү;
5) жаштардын билим алуусуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
6) таланттуу жана зээндүү жаштарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
7) жаштардын биригүүгө болгон укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
8) жаштардын коомдук маанилүү демилгелерин өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
9) жаштардын мамлекеттик жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга натыйжалуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү;
10) эл аралык жана регион аралык жаштар кызматташтыгын өнүктүрүү;
11) жаштардын, жаштардын коомдук бирикмелеринин коомдук маанилүү демилгелерин, коомдук пайдалуу иштерин колдоо.
Мамлекеттик жаштар саясатынын багыттарын ишке ашыруу жаштардын социалдык керектөөлөрүн жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, улуттук каада-салтты эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жаштар саясатынын багыттарын ишке ашыруунун конкреттүү чаралары жана механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
11-берене. Жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо
Жаштарда мекенчилдикти, улуттук аң-сезимди, укуктук жана саясий маданиятты калыптандыруу, өлкөнүн коомдук турмушуна катышууга аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү жана жигердүү умтулууну өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаштарды жарандыкка жана мекенчилдикке тарбиялоо боюнча чаралардын системасын иштеп жатат.
Жаштарды жарандыкка жана мекенчилдикке тарбиялоо жаштар тарабынан жалпы адамзаттык гумандуу баалуулуктарды, кыргыз элинин маданий жана руханий каада-салттарын өздөштүрүүгө, жарандык милдетти аткарууга даярдыкты калыптандырууга багытталган.
Жаштарды жарандыкка жана мекенчилдикке тарбиялоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
- иштин тиешелүү максаттары менен жаштардын коомдук уюмдарын түзүүгө жана анын иштешине колдоо көрсөтүү;
- жарандык жана мекенчилдик тематика боюнча жаштардын республикалык (региондук) фестивалдарын өткөрүү;
- жаштарды жарандыкка жана мекенчилдикке тарбиялоо маселелери боюнча "тегерек столдорду", семинарларды уюштуруу;
- спорттук-мекенчилдик лагерлерди уюштуруу;
- жаштардын ыктыярдуу кошуундарынын ишине колдоо көрсөтүү;
- ардагерлердин уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- жарандык жана мекенчилдик тематика боюнча окуу-тарыхый, методикалык жана көркөм адабияттарды чыгаруу, көркөм, документалдуу фильмдерди жана театр оюндарын көрсөтүү;
- жаштарды жарандыкка жана мекенчилдикке тарбиялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган башка иш-чараларды өткөрүү.
12-берене. Жаштардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаштардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу үчүн зарыл шарттарды камсыздайт.
Жаштардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга көмөк көрсөтүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
- жаштар менен дене тарбия-ден соолукту чыңдоо иштерин уюштуруу, жаштарды дене тарбиянын такай өткөрүлүүчү сабактарына жана спортко тартуу;
- дене тарбия сабактарына жана спортко катышууну камсыздоо үчүн шарттарды түзүү;
- дене тарбия жана спорт уюмдары менен бирдикте жалпы спорттук иш-чараларды өткөрүү;
- сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо;
- өспүрүмдөргө алкоголдук, аз алкоголдуу, алкоголсуз энергетикалык суусундуктарды жана тамеки буюмдарын сатууга тыюу салуу;
- жаштардын сергек жашоо ыңгайын калыптандырууга багытталган башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү.
13-берене. Жаштар чөйрөсүндө терс көрүнүштөрдүн алдын алуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаштар чөйрөсүндөгү терс көрүнүштөрдүн алдын алууну төмөнкүдөй жолдор аркылуу жүзөгө ашырат:
1) аракечтиктин, баңгиликтин жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) жашы жете электердин иши жана алардын укуктарын коргоо, сергек жашоону жүргүзүү көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча каттоодо турган жаш жарандар менен даректүү тарбиялык иштерди уюштуруу;
3) социалдык, расалык, улуттук жана диний араздашуулардын алдын алууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу;
4) жаштар чөйрөсүндө үй-бүлөлүк мамилелердин маданиятын калыптандырууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
5) үй-бүлөлүк турмуштун баалуулуктарын пропагандалаган иш-чаралар жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо.
14-берене. Жаш үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Мамлекеттик органдар үй-бүлө институтун бекемдөө, жаштарга бир нече балалуу жана ата-энесинин экөө тең болгон үй-бүлөлөрдү түзүүгө дем берүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча чараларды көрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаш үй-бүлөлөрдү социалдык жактан тейлөө жана жаштарды никеге жана үй-бүлөлүк турмушка даярдоо тутумун түзүү боюнча чараларды жүзөгө ашырууну, китептерди жана окуу куралдарын чыгарууну, жалпыга маалымдоонун телекөрсөтүү жана радио берүү каражаттары менен программаларды уюштурууну, ошондой эле үй-бүлөлүк тарбиялоо жана үй-бүлөлүк мамиле маселелери боюнча жалпыга маалымдоонун басма каражаттарында жарыялоону кошо алганда, консультациялык жардам көрсөтүү тутумунун иштөөсүнө көмөк көрсөтөт.
15-берене. Жаштардын ишкердик жана инновациялык ишин өнүктүрүү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаштардын ишкердигине социалдык-экономикалык, уюштуруучулук жана укуктук колдоо көрсөтүү боюнча чаралардын тутумун белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жана инновациялык ишти жүзөгө ашырган жана мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндө мамлекеттик колдоону пайдаланган адамдарга төмөнкүлөр кирет:
1) юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жана инновациялык иш менен алектенген жаштар;
2) жаштар тарабынан уюштурулган дыйкан (фермердик) чарбалар;
3) уюштуруучулары жаш жарандар болуп эсептелген жана жумушчуларынын жалпы санынын 70 пайызынан кем эмесин жаштар түзгөн уюмдар.
3. Жаштардын ишкердик жана инновациялык ишине көмөк көрсөтүү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) жаштардын ишкердик жана инновациялык ишинин чөйрөсүндө программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) баштапкы кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик, жогорку окуу жайынан кийинки жана кошумча билим берүүнүн билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу окуу жайлардын окуу-өндүрүштүк базасында жаштардын ишкердик жана инновациялык ишин уюштурууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардам көрсөтүүсү;
3) жаш жарандарды ишкердиктин, инновациялык иштин негиздерине окутуу жана аларда ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү, жаш ишкерлерге жана жаңычылдарга маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
4) жаштардын арасынан калктын социалдык жактан корголбогон катмарын ишкердикке тартуу;
5) чакан ишкердиктин субъекттери үчүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтүү;
6) жаштардын ишкердик жана инновациялык ишинин оң тажрыйбасын кеңири пропагандалоо.
16-берене. Билим алууда жаштарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Кыргыз Республикасында баштапкы, негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга кепилдик берилет.
Жаштардын билим алуусуна колдоо көрсөтүү, ал үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана камсыздоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын иштөөсүн республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржылоо;
2) жаштардын жекече керектөөлөрүн, жөндөмүн жана суроо-талаптарын эске алуу менен билим алуу үчүн шарттарды түзүү;
3) билим берүү уюмдарын, билим алуунун формаларын, адистиктерди тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
4) психофизикалык өнүгүү өзгөчөлүктөрү менен жаш жарандардын билим алуусу үчүн атайын шарттарды түзүү;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте стипендиялык камсыздоону, өргүүлөрдү берүүнү, жатаканада орун менен камсыздоону кошо алганда социалдык жактан коргоонун чараларын белгилөө.
Көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү, айыл жеринде жайгашкан калктуу конуштарда жашаган ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катарындагы жаш жарандарга, жетим балдарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, жетим жана ата-энесинин камкордугунан сырткары калгандардын катарындагы балдарга, ошондой эле окууда, маданиятта, көркөм өнөрдө, спортто жана коомдук иште өзгөчө ийгиликтерге жетишкен жаштарга билим алууда кошумча колдоо көрсөтүлөт.
Билим алууда жаштар менен билим берүү уюмдарынын ортосундагы мамилелер теңчилик, укуктарды жана эркиндиктерди өз ара урматтоо принциптеринде түзүлөт.
17-берене. Таланттуу жана зээндүү жаштарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү
1. Жаштардын интеллектуалдык жана чыгармачыл потенциалын аныктоо, калыптандыруу, өнүктүрүү, ишке ашыруу жана сактоо, Кыргыз Республикасынын илимий жана маданий каада-салттарынын мурастуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү таланттуу жана зээндүү жаштарды колдоого жана анын натыйжалуу иши үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.
2. Таланттуу жаштарды мамлекеттик колдоо төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте таланттуу жаштар үчүн сыйлыктарды, стипендияларды белгилөө, мамлекеттик билим берүү гранттарын берүү;
2) илимдин, маданияттын жана көркөм өнөрдүн көрүнүктүү ишмерлеринин чыгармачыл чеберканаларын, мектептерди жана бирикмелерди түзүүсүнө көмөк көрсөтүү;
3) жалпы билим берүү мектептеринде спорттук секциялардын жана чыгармачыл ийримдердин ишин уюштуруу;
4) жаштардын чыгармачыл жетишкендиктерин аныктоо жана жайылтуу, жаштардын эл аралык алмашууларын уюштуруу максатында конкурстарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, кароолорду, концерттерди, симпозиумдарды, окууларды, конференцияларды жана семинарларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) зээндүү жана таланттуу жаштардын окутуу, кайра даярдоо программаларына жана чет өлкөлөрдүн билим берүү жана илимий-изилдөө уюмдарында стажировкадан өтүүгө конкурстук негизде жетүүсүн камсыздоо;
6) илимий-маданий иштерди өткөрүү үчүн жаш окумуштууларга, маданияттын, көркөм өнөрдүн жана билим берүүнүн ишмерлерине шарттарды түзүү, жаш окумуштуулардын иштеп чыгууларын практикалык колдонууга жардам көрсөтүү, ошондой эле жаштардын катарынан интеллектуалдуу кадрдык ресурстарды сактоо жана өнүктүрүү;
7) спорттогу таланттуу жаш спортчуларды колдоо, жаштар арасында спорттук мелдештерди өткөрүү;
8) таланттуу жаштарга колдоо көрсөткөн жеке адамдарды жана юридикалык жактарды сыйлоо.
18-берене. Жаштардын биригүүгө болгон укуктарын ишке ашыруу
Жаштар жаштардын уюмдарын түзүүгө укуктуу, алардын иши жарандык, социалдык, маданий жана башка укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталган.
Бир дагы жаштар уюму бардык жаштардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын монополиялык чагылдырууга талапкер болуу укугуна ээ эмес.
Жаштардын коомдук бирикмелерине кирүүгө жаштарды тикелей же кыйыр түрдө мажбурлоого, ошондой эле жаштар уюмдарынын ишине катышууга тыюу салууга жол берилбейт.
Кыргыз Республикасында коомдук турмушка катышуусу үчүн бардык жаштар уюмдарына бирдей мүмкүнчүлүктөр кепилденет.
19-берене. Жаштардын коомдук маанилүү демилгелерин өнүктүрүү жана ишке ашыруу
Жаштардын коомдук маанилүү демилгелерине колдоо көрсөтүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жаштар уюмдарынын ишин маалыматтык, илимий-методикалык жактан камсыздоо боюнча практиканы өркүндөтүү;
- мамлекеттик жаштар саясаты тармагында мамлекеттик бийлик органдарынын консультациялык ишине жаштарды тартуу, бийликтин аталган органдарында жаштардын көйгөйлөрү боюнча консультациялык органдарды түзүүгө жана алардын ишин жайылтууга коомдук демилгелерге колдоо көрсөтүү боюнча чараларды демилгелөө;
- жаштардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого жаштардын бирикмелерин тартуу.
20-берене. Эл аралык жаштар кызматташтыгы
Кыргыз Республикасы эл аралык жаштар кызматташтыгына төмөнкүдөй жол менен көмөк көрсөтөт:
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген жаштардын эл аралык алмашуулары жөнүндө эл аралык келишимдерди ишке ашыруу;
- жаштардын эл аралык алмашууларынын уюштуруучуларына жана катышуучуларына маалымат алууга, документтерди иштеп чыгууга жана эл аралык жаштар кызматташтыгы чөйрөсүндө өнөктөрдү тандоого жардам көрсөтүү;
- эл аралык жаштар кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү иш-чараларды уюштурууга катышуу;
- өлкөлөр ортосунда достук жана иштиктүү мамилелерди өнүктүрүүгө, жаштар саясаты тармагында, маданият, билим берүү, илим, туризм, спорт жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүүчү жаштардын эл аралык визиттерин уюштуруу жана өткөрүү.
21-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга жаштардын катышуусу
Жаштар коомдук маанилүү демилгелерди ишке ашыруу, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу, аталган органдар менен жаштар уюмдарынын өз ара аракеттенүүсү аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда мамлекеттик жаштар саясатын түзүүгө жана жүргүзүүгө катышат.
Жаштар, жаштар уюмдары тарабынан мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарга киргизилүүчү сунуштар сунуш берүү мүнөзүнө ээ жана мамлекеттик органдар тарабынан алардын ыйгарым укуктарына ылайык каралат.
Мамлекеттик органдар мамлекеттик жаштар саясатын түзүү жана ишке ашыруу тармагында жаштар уюмдарын алардын макулдугу менен консультациялар жана аракеттерди координациялоо үчүн тартууга укуктуу.
Жаштар уюмдары аныкталган иштерди аткаруу, мамлекеттик жаштар саясаты тармагындагы мамлекеттик жана региондук программалардын иш-чаралар планынын алкагында кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик органдар менен кызматташууга, ал эми алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү - мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча консультациялык-кеңешме органдардын курамына кирүүгө укуктуу.
Мамлекеттик жаштар саясатын түзүүгө жана ишке ашырууга жаштарды тартуу максатында эки жылда бир жолудан кем эмес Кыргыз Республикасынын жаштарынын жалпы республикалык форумун - жаштардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жаштар уюмдарынын форумун чакырат.
Кыргыз Республикасынын жаштарынын жалпы республикалык форуму жаштарга кайрылууларды кабыл алат, мамлекеттик жаштар саясатын түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды иштеп чыга алат.
22-берене. Жаштардын кеңешме-консультациялык коомдук кеңештери
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча аталган органдардын алдында жаштардын кеңешме-консультациялык органдары түзүлүшү мүмкүн.
Жаштардын кеңешме-консультациялык органдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруу чечимдерин иштеп чыгууга, экспертиза жүргүзүүгө жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө катышат.
Жаштардын кеңешме-консультациялык органдары төмөнкүлөрдү иштеп чыга алышат:
1) жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштар, ошондой эле жаштар саясатын ишке ашыруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды даярдоо боюнча сунуштар;
2) жаштар саясатын ишке ашырууну финансылык камсыздоо боюнча сунуштар.
Жаштардын кеңешме-консультациялык органдары мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун талкуулоого катышууга укуктуу.
Жаштардын кеңешме-консультациялык органдарын түзүүнүн жана анын ишинин тартиби алар түзүлүп жаткан мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.
23-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын маалыматтык камсыздоо
Мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чегинде жаштар саясатынын чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү:
- мамлекеттик жаштар саясатын маалыматтык камсыздоо, ден соолукту сактоого, билим берүүгө, социалдык жактан тейлөөгө, кесиптик багыт алууга, ишке орношууга, эс алууга, социалдык реабилитацияга, жаш үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө болгон укуктарын жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, жаштар уюмдары менен кызматташуунун жана мамлекеттик жаштар саясаты тармагында башка укуктарды ишке ашыруунун формалары жөнүндө жаштарга маалымат берүү боюнча ишти аткарышат;
- жаштар үчүн маалыматтык системаларды, маалымат борборлорун түзүү жолу менен жаштарды маалыматтык камсыздоону кеңейтүү үчүн шарттарды түзүшөт, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен кызматташтык ишке ашырылат;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча пландалып жаткан жана жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралар жөнүндө жаштарга, жаштар уюмдарына маалымат беришет.
24-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын илимий негиздери
Мамлекеттик органдар илимий жана илим-изилдөө уюмдары менен бирге мамлекеттик жаштар саясатынын көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштурат.
Аталган изилдөөлөр узак мөөнөттүү негизде жүзөгө ашырылат жана мамлекеттик жаштар саясаты тармагында мамлекеттик жана региондук программаларды иштеп чыгууда эске алынуучу милдеттүү шарт болуп эсептелет.
25-берене. Жаштар үчүн социалдык инфратүзүм
Мамлекеттик органдар жаштар үчүн социалдык инфратүзүмдүк объекттердин түзүлүшүн жана анын иштешин камсыздоо үчүн чараларды көрүшөт.
Жаштар үчүн мамлекеттик, муниципалдык менчикте турган социалдык инфратүзүмдүк объекттердин иштөө тартиби, аларга материалдык жана финансылык колдоо көрсөтүүнүн чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталат.
26-берене. Жаштардын ыктыярдуу (волонтерлук) иши
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жаштардын ыктыярдуу (волонтерлук) ишине көмөк көрсөтөт.
Жаштардын ыктыярдуу (волонтерлук) иши төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) жардам алуучуларга бекер кызмат көрсөтүү түрүндө жардам көрсөтүү;
2) коомдук-пайдалуу ишти жүзөгө ашыруу, кайрымдуулук программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга катышуу.
27-берене. Студенттик өз алдынча башкаруу органдары
Жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда окуп жаткан жаш жарандардын окуусун, турмуш-тиричилигин жана бош убактысын уюштуруу маселелерин чечүү максатында аталган билим берүү уюмдарында студенттик өз алдынча башкаруу органдары түзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасында студенттик өз алдынча башкаруу органдарынын ишине төмөнкү негизги социалдык маанилүү багыттар боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт:
1) студенттердин укуктарын коргоо жана алардын кызыкчылыктарын көрсөтүү;
2) студенттерге билим берүү, социалдык-тиричилик жана алардын кызыкчылыктарын коргоочу башка маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү;
3) студенттик мезгилдин демократиялык каада-салттарын сактоо жана аларды өнүктүрүү;
4) билим берүү жана илимий маселелерди чечүүдө, студенттердин билим жана тарбия берүү процессин, ошондой эле алардын бош убактысын жана тиричилигин уюштурууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына көмөк көрсөтүү.
28-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыздоо
1. Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан;
2) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрүнөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
Финансылык каражаттардын эсептик көлөмү мамлекеттик жаштар саясаты чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана финансылык ресурстарды эске алуу менен аныкталат.
2. Мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруунун алкагында иш-чараларды каржылоо мамлекеттик социалдык тапшырык формасында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
29-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № _____, _____-бер.) күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- "Кыргызстан жаштары" мамлекеттик максаттуу программанын долбоорун иштеп чыксын;
- ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|