КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 19-июну № 1897-III
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине (А.Э.Момункулов):
- анын альтернативдүү варианттарын, салык салууга тиешелүү мыйзам долбоорлорун, ошондой эле башка сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аларды парламенттик угууларда талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 31-мартындагы № 212 токтом) Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйындар жөнүндө кодексинин долбоорун жеткире иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйындар жөнүндө кодексинин жеткире иштеп чыгылган долбоорун 2007-жылдын сентябрь-октябрында парламенттин кароосуна киргизүү тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |
|
|