ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-июнундагы № 1897-III «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине тапшырма жөнүндө» токтому

Редакция19.06.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 19-июну № 1897-III

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине тапшырма жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Фискалдык саясат боюнча комитетине (А.Э.Момункулов):

- анын альтернативдүү варианттарын, салык салууга тиешелүү мыйзам долбоорлорун, ошондой эле башка сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аларды парламенттик угууларда талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2006-жылдын 31-мартындагы № 212 токтом) Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйындар жөнүндө кодексинин долбоорун жеткире иштеп чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйындар жөнүндө кодексинин жеткире иштеп чыгылган долбоорун 2007-жылдын сентябрь-октябрында парламенттин кароосуна киргизүү тапшырылсын.

 

  Төрага  

 М. Султанов