КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 21-июну № 1910-III
"Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 15-январындагы № 12 токтом) "Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо кийинкиге калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын жарандардын өз ара барып-келүүлөрүнө тиешелүү маселелерди Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо максатында ар тараптуу жана тыкан иликтөө менен алгылыктуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |
|
|