ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 21-июнундагы № 1910-III «Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому

Редакция21.06.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 21-июну № 1910-III

"Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 15-январындагы № 12 токтом) "Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо кийинкиге калтырылсын.

2. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын жарандардын өз ара барып-келүүлөрүнө тиешелүү маселелерди Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо максатында ар тараптуу жана тыкан иликтөө менен алгылыктуу сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.

 

  Төрага  

 М. Султанов