Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 4938-V
"Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери" боюнча республикалык илимий-практикалык конференциянын резолюциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 10-11-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан өткөрүлгөн "Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери" боюнча республикалык илимий-практикалык конференциянын резолюциясын карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
"Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тил маселелери" боюнча республикалык илимий-практикалык конференцияда республикада мамлекеттик тилди өнүктүрүү, мыйзам чыгаруу жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу иштеринде мамлекеттик тилди кеңири колдонуу, анын механизмдерин жана колдонулушун жакшыртуу маселелери талкууланды.
Азыркы учурда кыргыз тилин өнүктүрүү, жайылтуу, ар тараптан иликтөө, аны коомдо кеңири пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгы белгиленди. Ошондой болсо да азыркы күндө мамлекеттик тилди пайдалануу коомдун бардык чөйрөсүндө, иш кагаздарын жүргүзүүдө тийиштүү деңгээлде ишке ашырылбай жатат. Азыркы учурда көптөгөн мамлекеттик органдарда, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда, орто, баштапкы кесиптик, жогорку окуу жайларында иш кагаздары расмий тилде жүргүзүлүп жана жергиликтүү жана эл аралык маанидеги жыйналыштар, семинарлар, кеңешмелер да синхрондук котормо менен камсыз кылынбай расмий тилде өткөрүлүп жатат.
Бүгүнкү күндө кыргыз тилин тереңдеп үйрөнүүгө, инновациялык технологияларды пайдаланууга, заманбап усулдук колдонмолорду иштеп чыгууга, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда мамлекеттик тилди окутууга жана колдонууга киргизүүгө көмөктөшкөн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү зарылчылыгы бышып жетилди. Биринчи кезекте, жооптуу кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчылар мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билүү жана колдоно алуу боюнча талаптар жүзөгө ашырылууга тийиш.
Эгемендүүлүктү алган мезгилден бери республикада мыйзам долбоорлору жана башка ченемдик укуктук актылар расмий тилде жазылып, андан кийин гана мамлекеттик тилге которулууда. Которуу процессинде көпчүлүк учурда так эместиктерге, которулуучу материалдын маанисинин бурмаланышына, кыргыз тилинин туура жазуу эрежелерин бузулушуна жол берилүүдө.
Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары деңгээлин жогору көтөрүү, илимий жактан өркүндөтүп кеңири жайылтуу жана аны мыйзам чыгаруу ишинде жана иш-кагаздарын жүргүзүүдө кеңири жана толук кандуу колдоону, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды сапаттуу иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши:
мамлекеттик тилде мыйзам долбоорлорун, башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана иш кагаздарын жүргүзүүнү өркүндөтүү боюнча чараларды карасын;
мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда лингвист-эксперттерди жана тармактык адистерди тартуу мүмкүнчүлүгүн карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-мартындагы № 114 токтомунун ишке ашырылышын камсыз кылсын жана 2015-жылдын 1-майына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү маалыматты берсин;
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик тилди зарыл көлөмдө билүүгө милдеттүү мамлекеттик кызматчылардын тизмесин аныктасын;
эл аралык документтерди даярдоо процессинде жана эл аралык сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды жүргүзүүдө мамлекеттик тилдин колдонулушун камсыз кылсын;
Терминологиялык комиссияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын карамагына өткөрүп берүү жана аны каржылоо жөнүндөгү маселелерди чечсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн бирдиктүү котормо-лингвистикалык кызматын түзүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
компьютердик кызмат көрсөтүүлөр борборлору менен кыргыз алфавитин (айрым тамгаларды) киргизүү программасын иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына төмөндөгүлөр сунушталсын:
Терминологиялык комиссиянын ишин жандандыруу жана аны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, киргизилген терминдерди расмий түрдө бекитүү маселелерин кароо;
басылып чыккан тармактык терминологиялык сөздүктөрдү кайрадан кароо жана тактоо боюнча чараларды кабыл алуу;
Терминологиялык комиссия тарабынан басууга сунушталган окуу китептеринин, окуу куралдарынын, колдонмолордун, сөздүктөрдүн заманбап талапка ылайыктуулугун контролго алууну, ошондой эле аларды Терминологиялык комиссиянын уруксаты менен жарыялоону камсыз кылуу;
жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдарда, эл алдында чыгып сүйлөөлөрдө кыргыз адабий тилинин, кыргыз тилинде туура жазылышынын жана сөз куруу маданиятынын нормаларынын бекем сакталышын контролго алууну камсыз кылуу;
мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, айыл аймактарынын башчылары, кредиттик уюмдардын, мамлекеттик каттоо бөлүмдөрүнүн, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнүн, юридикалык жана нотариалдык мекемелердин жана башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарда жетекчилери тарабынан мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү активдештирүү боюнча иштерди жана бланктарда, арыздардын, макулдашуулардын, келишимдердин ж.б. үлгүлөрүндө кыргыз тилинин орфографиясынын эрежелерин сактоону камсыз кылуусун контролдоо;
көрнөк-жарнактарды тийиштүү уруксаты жок орнотуу жана анда кетирилген одоно грамматикалык каталар жана маанисин бурмалоо фактылары боюнча мыйзамдуу чараларды кабыл алуу;
котормочулар үчүн атайын жобо иштеп чыгуу, алардын ассоциациясын түзүү жана котормочулардын статусун аныктоо боюнча чараларды көрүү;
мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен биргелешип "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарылышы жана ишке ашырылышы жана мамлекеттик тилдин айрым проблемаларын чечүү боюнча семинарларды, тегерек столдорду, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына төмөндөгүлөр сунушталсын:
кыргыз тилинин туура жазуу эрежелериндеги (2009-жылдагы редакциясы) кетирилген айрым карама-каршылыктарды жана так эместиктерди четтетүү жана белгиленген тартипте макулдашылган чечимди бекитүү;
2014-жылы басылып чыгарылган Юридикалык атоолордун жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгүн толуктап иштеп чыгуу жана кайра басып чыгаруу иштерин жүргүзүү.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |