КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 4923-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөсүн дайындоо жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин бешинчи бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тиленчиева Майрамкүл Бекчороевна Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына парламенттик көпчүлүктүн өкүлү катары бир жылдык мөөнеткө дайындалсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-мартындагы № 3883-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | А. Жээнбеков |