КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 4923-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-марты № 3883-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 127-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Маматов парламенттик көпчүлүктүн өкүлү катары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.А.Аманбаева парламенттик оппозициянын өкүлү катары бир жылдык мөөнөткө Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин курамына дайындалсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы № 2815-V токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | А. Жээнбеков |