Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-майы № 5068-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Нотариат жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө", "Ички жер которуу жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Нотариат жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө", " Ички жер которуу жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В.Никитенко) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |