Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-апрели № 4995-V
2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаеванын отчётун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаеванын отчёту канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин 6-пунктуна ылайык мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата прокуратура органдарындагы тийиштүү кылмыш иштери боюнча кылмыштарды иликтөөдө тергөөгө тийиштүүлүктү бекем сактасын; укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ортосундагы бардык жылдардагы тергөөнүн тийиштүүлүгү боюнча кылмыш иштерин өз ара өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;
- "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушунун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3111-V токтомунун аткарылышын камсыз кылсын; прокуратура органдарына № 150-13-109 кылмыш ишин өзүнүн өндүрүшүнө кабыл алуусу сунуш кылынсын жана А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактылары боюнча кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартсын;
- укук коргоо органдары тарабынан бүткөрүлгөн экономикалык кылмыштар боюнча кылмыш иштери боюнча жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыш иштери боюнча өзүнчө мамлекетке келтирилген жана реалдуу түрдө орду толтурулган зыяндар боюнча отчеттулуктун бирдиктүү формасын иштеп чыгуу үчүн сот органдарынын (Сот департаментинин), Финансы министрлигинин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн жумушчу тобун түзсүн;
- мыйзамсыз кармагандыгы, кылмыш жоопкерчилигине тарткандыгы жана мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмдөрүн чыгаргандыгы үчүн, кылмыш ишин козгоону кошуп алганда кызмат адамдарынын (тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун) жеке жоопкерчилигин кароону камсыз кылсын;
- Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын кызмат адамдарына карата кылмыш иштерин иликтөөдө ыксыз создуктурууну жокко чыгарсын; ээлеген кызмат орундарына карабастан күнөөлүү кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартсын жана мамлекетке келтирилген зыяндын реалдуу ордун толтурууну камсыз кылсын;
- мыйзамсыз жерлерди бөлүштүрүүнүн, курулуш объектилерин куруунун жана объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүүнүн фактыларын четтетүү боюнча прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (К.С.Бокоев) жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| А.Жээнбеков |
2014-жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө", "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө", "2014-жылды мамлекеттүүлүктүн Жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин "Коомдо коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" чечиминин, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2015-жылга чейинки өнүгүү Стратегиясынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктарынын, тескемелеринин, көрсөтмөлөрүнүн жана коллегиясынын чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлдү.
Прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясында ыйгарылган укуктардын алкагында төмөндөгүдөй иштерди жүргүздү.
2014-жылы прокурорлор тарабынан жалпысынан 9416 текшерүү жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгында 17569 прокурордук чара көрүү акты, анын ичинен 1038 кылмыш иш козгоо жөнүндө токтому кабыл алынып, 8278 адам тартиптик жана административдик жоопкерчиликке тартылган.
Прокурорлор өздөрүнүн чара көрүү актылары, доо арыздары жана тергелген кылмыш иштери аркылуу 700 миллион сомдон ашык келтирилген зыянды өндүрүшкөн.
Прокурордук ишмердүүлүк багыттары боюнча алсак көрсөткүчтөрдүн абалы төмөнкүдөй.
Мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү
2014-жылы прокуратура органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүүдө белгиленген артыкчылыктуу багыттарга таянуу менен жүргүзүлдү.
Өзгөчө көңүл жарандардын конституциялык укуктарын коргоого багытталган, жер, бюджеттик мыйзамдарынын аткарылышына, контролдоочу жана укук коргоо органдарынын иштеринин мыйзамдуулугуна көзөмөл кылууга бурулду.
Алсак, отчеттук мезгилде прокуратура органдары аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөө иретинде 6425 (6654) текшерүү жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында төмөнкү прокурордук чара көрүү актылары келтирилген:
- 3264 (3425) каршылык, алардын ичинен 3186 (3315) канааттандырылып, 26 (31) четтетилген каршылыктар боюнча прокурорлор тарабынан доо арыздар келтирилип, азыркы учурда соттун кароосунда;
- 3832 (3780) сунуш киргизилип, анын ичинен прокурордун катышуусу менен 2786 (2669) сунуш каралган, 3118 (3103) талап, - 1166 (1241) алдын ала эскертүү, тартиптик жоопкерчиликке 4845 (4389) адам, административдик жоопкерчиликке 681 (637) адам тартылды. Республика боюнча тартиптик жоопкерчиликке тартылган адамдардын саны 456 көбөйгөн.
Мындан тышкары, отчеттук мезгилде 1259 (1171) тартиптик жана административдик өндүрүш иштери козголгон. Бул жагдай, Башкы прокуратуранын 2014-жылдын 16-майындагы коллегиянын 1-чечиминде белгиленген талаптардан кийин күчөтүлүп иштер жүргүзүлгөндүгү байкалат.
Прокурордук актылардын негизинде өндүрүлгөн зыяндын көлөмү 49821560 (91024475) сомду түздү.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 458 (548) кылмыш иши козголгон.
Статистикалык маалыматтар мыйзамдын тармактары боюнча төмөндөгүдөй мүнөздөлөт.
Мамлекеттик менчик жөнүндө мыйзамын аткаруу боюнча 651 (661) текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 44 (66) ченемдик укуктук актыларга прокурордук каршылык билдирүүлөр, ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 292 (279) сунуш, 389 (348) талап жана мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө 54 (48) адамга эскертүү берилип, 152 (189) кылмыш иштер жана 42 (30) тартиптик жана административдик өндүрүш иштери козголгон. 26260009 (45328949) сом зыян өндүрүлгөн.
Жеке ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестиция ишмердүүлүгү жөнүндөгү мыйзамдарын аткаруу боюнча 155 (173) текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 133 (120) ченемдик укуктук актыларга прокурордук каршылык билдирүүлөр, ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 117 (106) сунуш, 32 (23) талап жана мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө 22 (48) адамга эскертүү берилип, 2 (3) кылмыш иштери жана 12 (12) тартиптик жана административдик өндүрүш иштери козголгон.
Жер мыйзамдарын аткаруу боюнча 830 (712) текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 1641 (1610) ченемдик укуктук актыларга прокурордук каршылык билдирүүлөр, ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 381 (294) сунуш, 263 (180) талап, 118 (137) кылмыш иштери козголгон.
Келтирилген прокурордук актыларды кароонун натыйжасында 349 (244) адамга карата тартиптик чаралар көрүлгөн. 10276253 (8245540) сом зыян өндүрүлгөн.
Бул чөйрөдө укук бузуулардын негизги түрлөрү болуп төмөндөгүлөр эсептелет: жер тууралуу мыйзамдарды туура эмес түшүнүү жана колдонуу; жерлерди бекитилген талаптарды бузуу менен берүү; жер комиссияларынын туура эмес топтолушу; жер тилкелерин колдонгондугу үчүн аренда акыларын убагынан кечиктирип төлөө; жерди арендага берүүдө массалык маалымат каражаттарына жерди сатууга коюу жөнүндөгү маалыматтарды кечиктирип чыгаруу менен, жарандардын укуктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө чек коюу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгилүү тартипти бузуп айыл чарбага тийиштүү жерлерди үй куруу үчүн таратуу ж.б.
Жарандардын социалдык укуктарын коргоо мыйзамдарын аткаруу боюнча 918 (1025) текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 679 (734) каршылык, 554 (564) сунуш, 315 (354) талап адамга эскертүү берилип, 43 (41) кылмыш иштери козголуп, 742 (667) адамга карата тартиптик чаралар көрүлгөн. 2093513 (7955065) сомдук зыян өндүрүлгөн.
Мамлекеттик органдардагы административдик ишмердүүлүк мыйзамдарынын аткаруу боюнча 343 (330) текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен 308 (291) сунуш, 333 (377) каршылык, 34 (34) талап жана мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө 10 (21) адамга эскертүү берилген.
Келтирилген прокурордук актыларды кароонун натыйжасында 446 (416) адамга карата тартиптик чаралар көрүлгөн, 13500 (295190) сомдук зыян өндүрүлгөн.
Коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү
2014-жылы прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча 1803 (1825) текшерүү жүргүзүлүп, алардын натыйжасында: 890 (880) сунуш, 217 (173) каршылык 491 (478) талап, 316 (303) эскертүү, 230 (134) административдик жана тартиптик өндүрүш козголду.
Келтирилген прокурордук актылардын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 1333 (1261) адам тартылып, алардын саны 72 көбөйгөн. Административдик жоопкерчиликке 155 (78) адам тартылып 77 адамга көбөйгөн.
Прокурордук чара көрүү актылардын негизинде өндүрүлгөн зыяндын суммасы 15125233 (20252363) сомду түздү. 545 (626) кылмыш иши козголгон.
Ал эми, коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдарынын тармактары боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иш төмөндөгүчө көрүнөт.
Кыргыз Республикасынын "Коррупцияга каршы аракеттенүү" жөнүндөгү Мыйзамынын аткарылышы боюнча 866 (860) текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 291 (230) сунуш, 132 (68) каршылык, 259 (222) талап, 83 (73) эскертүү берилген, 60 (43) административдик жана тартиптик өндүрүштөрү козголгон. Прокурордук чара көрүү актылардын негизинде 404 (303) адам тартиптик жана 31 (24) адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Козголгон жазык иштердин саны 464 (568) түздү.
Кыргыз Республикасынын "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Мыйзамынын аткарылышы боюнча 159 (137) текшерүү жүргүзүлгөн, жыйынтыктары боюнча 45 (42) сунуш, 110 (154) талап, 127 (97) эскертүү киргизилген, 44 (47) адам административдик жана 63 (20) адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" жөнүндө Мыйзамдын аткарылышы боюнча 492 (518) текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча 365 (422) сунуш, 28 (22) каршылык, 27 (34) талап, 49 (57) эскертүүлөр берилип, 71 (48) кылмыш иши козголуп, 675 (739) адам тартиптик жана 20 (8) адам административдик жоопкерчиликке тартылган.
Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамын аткаруу боюнча 286 (310) текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 189 (186) сунуш, 57 (83) каршылык, 95 (68) талап, 57 (76) эскертүү берилип, 10 (10) кылмыш иши козголуп, 210 (172) адам тартиптик жана 9 (0) адам административдик жоопкерчиликке тартылган.
Кыргыз Республикасынын "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесинин талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча ишин координациялоо багытында тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлдү.
Көрсөтүлгөн мезгилде жалпы республика боюнча 229 Координациялык кеңешме өткөрүлгөн.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан коррупция багытындагы 1250 (1282) кылмыш иши козголгон, анын ичинен 1018 (1085) же 81,4% (84,6%) прокуратура органдары тарабынан көзөмөл жүргүзүү учурунда козголгон, улуттук коопсуздук комитетинин органдары тарабынан (УКМК) 144 (74) кылмыш иши же 11,5% (5,7%), экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан (ЭККМК) 66 (97) же 5,1% (5,2%) кылмыш иши жана ички иштер органдары тарабынан 22 (26) же 1,7% (2%) кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иштер боюнча алдын-ала баа бергенде 886365046 (876624897) сом түзгөн зыян аныкталып, 148075766 (183330729) сом же 16,7% (20%) өндүрүлгөн, анын ичинен:
- 727566791 (761328731) сомду же 82% (86,8%) түзгөн зыян прокуратура органдары тарабынан аныкталып, 129941867 (169509858) сомго же жалпы зыяндын ичинен 17,9% (22,2%) өндүрүлгөн;
- 34878000 (68089670) сомдук же 3,9% (10,5%) зыян улуттук коопсуздук комитетинин органдары тарабынан аныкталып, анын ичинен 3256405 (10324571) сом же 9,3% (15,1%) өндүрүлгөн;
- 5179876 (12339591) сомдук же 0,58% (1,4%) зыян ички иштер органдары тарабынан аныкталып, 671933 (77361) сом же 12,9% (0,62%) өндүрүлгөн;
- 118740379 (36699477) сом же 13,3% (3,9%) зыян экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы органдар тарабынан аныкталып, анын ичинен 14205561 (2035939) сом же 11,9% (5,8%) өндүрүлгөн.
Козголгон кылмыш иштердин көбү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жер мыйзамын бузуу, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу жана паракорлук фактылары боюнча козголгон.
2014-жылы республиканын прокуратура органдары тарабынан 303-бер. (коррупция) боюнча 12 (8) кылмыш иши козголгон.
Прокуратура органдары тарабынан козголгон 1018 кылмыш иштердин ичинен: сотко 504 (49,5%) иш жөнөтүлгөн, 142 (13,9%) иш тергелүүдө, 149 (14,6%) иш токтотулган, 60 (5,8%) иш кыскартылган, 58 (5,6%) иш кошулган, 106 (10,4%) иш башка органдарга жиберилген.
Коррупциялык кылмыштуулукту аныктоо боюнча иш чараларын Жалал-Абад областында 179 (206), Башкы прокуратуранын борбордук аппаратында 162 (155), Ош 139 (138), Чүй - 104 областтарында, Бишкек ш. жана Аскер прокуратуралары тарабынан 72 кылмыш иши козголуп, жергиликтүү иш алып барылды десе болот.
Талдоо көрсөткөндөй, коррупциялык кылмыштуулуктун санынын көбү: айыл өкмөтүндө - 275 (294) иш; мэрия, акимиаттарда - 93 (79); билим берүү тармагында - 75 (74); мамлекеттик каттоо - 58 (42); ИИМ - 48 (54); коргоо министрлигинде - 51 (79); саламатты сактоодо - 30 (39); бажы кызматында - 33 (16), транспорт, байланыш тармагында - 25 (19); курулуш жан архитектура тармагында - 24 (44); маданият жана спорт - 18, салык кызматы - 19 (25); сот - 17; соцфонд - 9 (28) иш аныкталган.
Жашы жете электер жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жашы жете электер жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча 2014-жылы 1188 (1230) текшерүү жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча 85 (103) мыйзамсыз укуктук актыга каршылык келтирилген, мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө 939 (962) сунуш, 485 (459) талап, 154 (207) адам эскертилген, 85 (72) тартиптик жана административдик өндүрүш козголгон, 1264 (1009) адам тартиптик жана административдик жоопкерчиликке тартылган, 35 (54) кылмыш иши козголгон. Жашы жете электердин укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн сотко 42 (81) доо арызы келтирилген.
Мыйзамдарын тармактар боюнча аткарылышы төмөнкүдөй көрүнүштө:
Алсак, билим берүү чөйрөсүндө 253 (263) текшерүү жүргүзүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча 12 (20) каршылык, 231 (202) сунуш, 138 (85) талап, 29 (77) адам алдын ала мыйзам бузууларды болтурбоо жөнүндө эскертилген, 15 (29) адамга карата тартиптик жана административдик өндүрүш козголгон, 418 (343) адам тартиптик жана административдик жоопкерчиликке тартылган жана 7 (12) адамга карата кылмыш иши козголгон.
Эмгек жөнүндө мыйзамдардын сакталышы боюнча жашы жете элек өспүрүмдөр арасында 94 (116) текшерүү жүргүзүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча 1 (0) каршылык, 59 (92) сунуш, 46 (85) талап келтирилген, 40 (76) адам алдын ала эскертилип, 1 (28) адамга карата тартиптик өндүрүш козголгон. Прокурордук чара көрүү актылары боюнча 52 (343) адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Жетим балдарды коргоо жөнүндө 129 (155) текшерүү жүргүзүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча 34 (8) каршылык, 98 (126) сунуш, 48 (55) талап келтирилген, мыйзамды бузууга жол берилбестиги жөнүндө 19 (8) адам эскертилген, 10 (8) адамга карата тартиптик өндүрүш козголгон, 137 (143) адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган. 2013-жылы бадамга карата кылмыш иши козголсо, отчеттук мезгилде бул багытта кылмыш иши козголгон эмес. Жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо сотко 7 (6) доо арызы берилген.
Үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты коргоо жөнүндө 234 (294) текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча 25 (52) каршылык, 166 (196) сунуш, 81 (139) талап, 24 (13) эскертүү берилген, 12 (12) тартиптик жана административдик өндүрүш козголгон, прокурордук чара көрүү актылары боюнча 243 (200) адам тартиптик жана административдик жоопкерчиликке тартылган, 21 (28) адамга карата кылмыш иши козголгон жана сотко 31 (38) доо арыз берилген.
Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу жөнүндө 225 (241) текшерүү жүргүзүлгөн, алардын жыйынтыгы боюнча 4 (10) каршылык келтирилген, 236 (229) сунуш, 78 (57) талап, 19 (24) адам алдын ала мыйзам бузууларды болтурбоо жөнүндө эскертилген, 27 (9) адамга карата тартиптик жана административдик өндүрүш козголгон, прокурордук чара көрүү актылары боюнча 236 (182) адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Бул багытта 2013-жылы 3 кылмыш иши козголсо, отчеттук мезгилде кылмыш иштери козголгон эмес.
2014-жылы жашы жете электер тарабынан 876 (810) кылмыш жасалган, бул республиканын аймагында катталган 23611 (23246) жаппы кылмыштын 3,2% (3,2%) түзөт.
Балдар тарабынан жасалган кылмыштардын көбү мурдагыдай эле менчикке каршы кылмыштарды түзөт (уурдоо, тоноо, каракчылык ж.б.) 78,8% (73,9%), 3,6% (2,5%) - инсандарга каршы кылмыштар (өлтүрүү, зордуктоо, саламаттыгына залал келтирүү), башка кылмыштар 17,4% (23,4%).
Кылмыштардын 12,1% (18,2%) жашы жете электердин тобу менен жана 6,5% (13,2%) өздөрүнөн улуу адамдар менен биргеликте жасалат.
Республика боюнча ички иштер органдарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциялардын каттоосунда бардыгы болуп 3789 (3691) тартип бузган жашы жете элек жана 471 (407) начар үй-бүлөлөрдө өскөн (ата-энелери терс таасир берген) балдар турат.
2013-жылы балдарга карата 909 (1045) кылмыш жасалган, анын ичинен 147 же 16,1% (149 же 14,6%) инсанга каршы кылмыштар түзөт (өлтүрүү - 10 (11); зордуктоо - 66 же 7,2% (72 же 6,9%), 16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашка баруу - 21 же 2,3% (26-2,5%), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери - 33 же 3,6% (19 же 1,8%), ыплас аракеттер - 17 же 1,8% (19 же 1,8%), башка кылмыштар - 762 же 83,8% (898 же 85,4%).
Жашы жете электерге карата жасалган жыныстык кылмыштардын саны жалпы кылмыштардын ичинен Чүйгө - 29,9%, Бишкек шаарына - 27,2% туура келет, Жалал-Абадка - 16,7%, Ысык-Көлгө - 8,7%, Ош шаары - 5,8%, Баткенге жана Нарынга - 3,6%, ал эми, республиканын калган региондоруна кылмыштын бул категориясы 2% чейин туура келет.
Жашы жете электердин арасында өзүн-өзү өлтүрүүнүн саны 22 фактыга же 125тен 103кө чейин азайган. Өспүрүмдөр арасында суициддин саны Ош шаарында (1ден 3кө), Ысык-Көл областында (10дон 12ге) жогорулашы байкалат. Ал эми төмөндөөсү Бишкек шаарында, Чүй, Нарын, Ош, Баткен областтарында болгон. Ал эми Жалал-Абад областында жашы жете электердин арасында өзүн-өзү өлтүрүүнүн саны жогору боюнча 25 (25) кала берүүдө.
Жашы жете электердин арасында баңгилик менен күрөшүүнүн абалы жөнүндө 57 (45) текшерүү жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы боюнча 42 (28) сунуш, 17 (16) талап, 3 (6) адам алдын ала мыйзам бузууларды болтурбоо жөнүндө эскертилип, 2014-жылы 1 (0) адамга карата тартиптик өндүрүш козголгон, 42 (17) адам тартиптик жана административдик жоопкерчиликке тартылган, ал эми 2013-жылы бул багыт боюнча 1 кылмыш иши козголгон.
Кылмыштуулуктун, тергөөнүн жана прокурордук көзөмөлдүн абалы жөнүндө
2014-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында 27070 (27217) кылмыш катталып, кылмыштуулуктун деңгээли 0,5% төмөндөгөн. Кылмыштуулуктун байкалаарлык деңгээлде төмөндөшү Бишкек шаарында 6,7% түзүп, ал эми Ош шаарында 15,2%, Жалал-Абадда 3,9%, Чүйдө 2,8% жана Баткен областында 5%га көбөйгөн.
Катталган кылмыштардын ичинен квалификациясы боюнча:
- оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 15,0% (13,8%) түздү;
- адам өлтүрүүлөрдүн жана өлтүрүү аракеттеринин саны дагы 301ден 320га (+6,3%) көбөйүп, бул көрсөткүчтөр боюнча өсүү Бишкек шаарында жана Нарын областында болгон. Ал эми башка региондордо адам өлтүрүүлөрдүн жана өлтүрүү аракеттеринин саны төмөндөгөн;
- каракчылык жасоо кылмыштары 306дан 380ге чейин (+24,1%) өскөн. Байкалаарлык өсүү Бишкек шаарында, Чүй жана Ош областтарында болгон;
- 981 (853) мал уурдоо фактысы катталып, 2013-жылга салыштырмалуу 15% көп катталган. Аталган кылмыштын байкалаарлык өсүүсү Жалал-Абад (+34), Талас (+27) жана Чүй (+23) областтарында байкалат;
- кызматтык кылмыштардын саны 745ке (820) азайып, бирок кызматтык абалынан аша чабуу 125тен 133кө жана паракорчулук 79дан 122ге (+54,4%) көбөйгөн, паракорчулук негизинен Чүй областында кескин түрдө, 6дан 29га чейин өскөн;
- аялдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны жалпысынан 2148ден 2091ге (-57) азайганы менен, Ош шаарында 269дан 337ге, Чүйдө 390дон 408ге жапа Талас областында 62ден 81ге көбөйгөн.
Прокуратура органдары боюнча
2014-жылы 1909 (2217) кылмыш иши козголгон, 2158 (2123) материалдар боюнча кылмыш иштерин козгоодон баш тартылган, 409 (314) жокко чыгарылып, анын ичинде 20 (12) боюнча кылмыш иштери козголгон. Төмөндөгү прокуратураларда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтомдору кылмыш ишин козгоо менен жокко чыгарылган: Ысык-Көл жана борбордук аппаратта 5тен, Баткенде - 3, Бишкек жана Жалал-Абадда - 2, ошондой эле, калган прокуратураларда 1ден (Ош областтык жана адистештирилген прокуратураларда жок).
Прокуратура органдары тарабынан тергелген кылмыш иштер
Прокуратура органдарынын өндүрүшүндө 3141 (3281) кылмыш иши болгон, алардын ичинен: 1139 (1118) тергөөсү аяктаган, 897 (955) - сотко жөнөтүлгөн, 242 (163) - кыскартылган; 681 (669) - токтотулган; 1117 (1667) - тергөөнүн караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.
Бүткөн иштердин жалпы санынын ичинен: 1026 (1060) кайталап бүткөрүүсүз тергелген, алардын ичинен: 12 иш (1,6%) инсанга каршы кылмыштар жөнүндө, 164 (15,9%) - экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, 29 (2,8%) - коомдук коопсуздук жана коомдук тартипке карата кылмыштар, 761 (74,1%) - мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар, 61 (5,8%) - аскердик кылмыштар.
Прокуратура органдары тарабынан 146 (130) иш мунапыс жана эскирүү мөөнөтүн эсептебей кыскартылуу менен кескин түрдө көбөйүү Бишкек шаарында 108 (65) жана Чүй областында 31 (14) орун алып, Жалал-Абад областында болсо 22 (18) ишке өсүү менен бул багытта аталган прокуратураларда абал начарлаган. Ал эми, Ысык-Көл, Нарын жана Ош областтарында бул көрсөткүч жакшыргандыгын белгилеп кетүү болот.
Реабилитациялык негизде кыскартылган иштердин саны 33кө көбөйүп, жалпы кыскартуунун 37,2% түзгөн.
Жандандырылган иштерден тышкары тергөө мөөнөтүн бузуу менен бүткөрүлгөн иштердин абалы республика боюнча жакшырып, алардын саны 180ден 159га азайган.
Соттор тарабынан тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайтарылган кылмыш иштердин саны бир аз 35тен 32 ишке азайган.
Токтотулган кылмыш иштердин саны жалпы республика боюнча 12ге жогорулаган.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 94-ст. негизинде прокуратура органдары тарабынан бардыгы 137 (156) адам кармалып, 19 адамга азайган.
11 (12) адам статистикалык отчет боюнча тергөө мезгилинде, аларга карата кылмыш куугунтуктоосу реабилитациялык негиздер менен кыскартылышынын натыйжасында, мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылган чындыгында - 6 адам. себеби 2 адамга карата кыскартуу токтому бузулуп, бүгүнкү күндө тергөө жүргүзүлүүдө (Бишкек ш.), ал эми 3 адам кылмыш жоопкерчилигине ИИБү тарабынан тартылып, кийин аскер прокуратурасына өткөрүлүп, ал жерден реабилитациялык негизде кыскартылган. Региондор боюнча алып караганда.
2014-жылы прокуратура органдары боюнча мыйзамсыз камакка алуу фактылары болгон эмес.
Мурдагыдай эле прокуратуранын ишмердигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары кыйноолордун жана башка мамиле жасоонун катаал түрлөрүн колдонуу менен күрөшүү маселелери болду.
2014-жылы прокуратура органдарына 220 (265) кайрылуу түшүп, алардын саны 45ке азайган, т.а. прокуратура органдары тарабынан кыйноолордун жана башка мамиле жасоонун катаал түрлөрүн колдонуу тармагында иш алып баруу күчөтүлгөндүгүнүн натыйжасында болгонун белгилеп кетүү зарыл.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 16 (19) кылмыш иши козголуп, 203 (246) боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, 8 (11) кылмыш иши 24 (21) адамга карата соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 (4) кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, прокуратура органдары тарабынан 3220 (3226) капыстан текшерүү өткөрүлгөн. Ошондой эле, кыйноого байланышкан арыз, даттануулардын саны 2013-жылга салыштырмалуу 42ге азайып, бул тармакта Бишкек, Ош шаарлары, Чүй, Ысык-Көл, Ош областтары боюнча арыздар кескин азайган.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМнин 2 кызмат адамына карата 1 айыптоо өкүмү кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө республикабыздын сот органдарында 58 кызмат адамдарына карата кыйноого байланышкан 14 кылмыш иштери каралууда.
Прокуратура органдары тарабынан 2014-жылы экономикалык кылмыштар боюнча мамлекетке 753370093 (539075084) сомдук суммадагы зыян келтирген 348 (363) кылмыш иши бүткөрүлүп, анын 623612563 (285172188) сому, 82,8% (52,9%) өндүрүлгөн.
Ички иштер органдары боюнча
Ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн өндүрүшүндө бардыгы 32683 (34334) кылмыш иши болгон. 13706 (13860) кылмыш иши өндүрүштөн аяктаган. Бүткөн иштердин жалпы санынын ичинен: сотко 10268 (10825) иш жөнөтүлгөн; 3438 (3035) иш өндүрүштөн кыскартылган, анын ичинен 2864 (2853) иш мунапыс жана эскирүү мөөнөтүн өткөрүүсүн эсептебегенде кыскартылган; белгиленген мөөнөтүн өткөрүп - 3159 (3173). Анын ичинде, кайрадан жандандырылган иштерди эске албаганда, 331 (385) иш бүткөрүлгөн. Тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн соттор тарабынан 143 (171) иш кайтарылган, 11098 (12570) иш токтотулган. Мамлекетке келтирилген 7327072 (5299527) сомдук зыян аныкталып, анын 37,5% (79,7%) өндүрүлгөн.
Прокурорлор тарабынан мурда ички иштер органдары тарабынан катталбаган 362 (487) кылмыш табылган жана эсепке коюлган. Региондордогу ички иштер органдары боюнча бул позициянын абалы төмөнкүчө: Жалал-Абад - 79 (100), Бишкек ш. - 31 (63), Ысык-Көл - 59 (87), Ош - 58 (91), Чүй - 26 (44), Ош ш. - 54 (41), Нарын - 27 (24), Талас - 17 (25), Баткен - 8 (8).
2014-жылдын жыйынтыгы менен республиканын ички иштер органдарынын өндүрүшүндө болгон кыскартылган иштердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 25,1%га чейин өскөнү байкалат. Алардын ичинен, мунапыс жана эскирүү мөөнөтүн эсептебей кыскартылган иштердин саны 20,9% көбөйгөн.
Негизинен статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, бул позиция боюнча абал Бишкек (76,5% 28-бер. 1-бөл. 12-п. менен кыскарган), Ош (69,2%) шаарларында жана Чүй (60,5%) областында кыйла начарлаган. Бирок, аталган региондордо жалпы кыскартылган иштерди алып караганда, алардын 70% ашыгы Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 28-бер. 1-б. 12-п. менен кыскартылган.
Реабилитациялоочу негиздер менен кыскартылган иштердин саны 355тен 272ге ( - 89) кыскарган.
Соттон кайтарылган иштердин саны 28 ишке же 171ден 143кө азайып, аталган көрсөткүч республиканын бардык ИИБда жакшырган.
Жандандырылган иштерден тышкары тергөө мөөнөтүн бузуу менен бүткөрүлгөн иштер 385тен 331 ишке азайган. Бирок, бул көрсөткүч Жалал-Абад областынын ички иштер органдарында 11ден 43кө начарлап кеткендигин белгилеп кетүү зарыл.
Бул жагдай, 2014-жылы тергөө мөөнөтүн бузуу менен бүткөрүлгөн 43 иштин ичинен 30 иштин тергөө мөөнөтү узартылып (айрым кылмыш иштер боюнча дайындалган экспертизалардын жыйынтыктары өз учурунда даяр болбогон учурлар көп болууда), ал эми калган 13 иш сот тарабынан тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайтарылгандыктан болгон деп негизделген.
2014-жылы республика боюнча 308 (261) адам өлтүрүү фактысы (адам өлтүрүүгө аракет жасоо фактылары эсептөө менен) болгон.
Токтотулган кылмыш иштеринин саны жалпы республика боюнча азайганы менен Чүй областтык ички иштер органдарында 110 ишке өскөн, ошондой эле, Жалал-Абадда 41, Таласта 19 жана Баткен областында 36 ишке көбөйүү байкалат.
Түзүлгөн абал боюнча, Чүй областынын шаар райондун прокурорлору тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында токтотулган 74 кылмыш ишинин тергөөсү жандандырылып, 68 токтотуу токтомдору жокко чыгарылган. Ошондой эле, 142 иштин тергөөсү формалдуу түрдө жандандырылып, кайра эле ошол негиз менен токтотулгандыгы аныкталган. Натыйжада, бул көрсөткүч көбөйүп кеткен.
Текшерүүнүн жыйынтыгы Чүй областтык прокуратурасында шааррайпрокурорлордун жана областтык ИИБнин жетекчилигинин катышуусунда каралып, анда шааррайпрокурорлорго токтотулган иштерге болгон көзөмөлдү күчөтүү боюнча катуу көрсөтүлүп, ал эми ИИБнин жетекчилигине мындан ары аталган кемчиликтерди кетирбөө белгиленген.
Ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 94-бер. ылайык 7249 (7427) адам кармалып.
Тергөө учурунда 16 (42) жаран кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган, аларга карата иштер реабилитациялоочу негиздер менен кыскартылган, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 11, Ош областы - 1, Чүй областы - 2, Ысык-Көл - 2.
Жыйынтыктап айтканда, мыйзамсыз жоопко тартуу, камакка алуу 2014-жылы бир кыйла азайып, бул багытта иштин абалы жакшырган.
Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан 275 (168) кылмыш иш аяктап, 155 (142) иш сотко жиберилген.
Кыскартылган кылмыш иштеринин саны 26дан 120га көбөйгөн, алардын 42 (26) иши мунапыс жана мөөнөтүнүн өткөндүгүн эсепке албаганда кыскартылган. Белгиленген мөөнөттөн өтүп 189 (100) иш бүткөрүлгөн, анын ичинде кайрадан жандандырылган иштерди эсепке албаганда 1 (3) иш.
Сот тарабынан тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн 1 (1) кылмыш иш кайтарылган. Ошондой эле, токтотулуп турган кылмыш иштеринин саны 176дан 186га көбөйгөн.
Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 448 (409) кылмыш иш бүткөрүлгөн, алардан сотко жиберилгени - 274 (291), 174 (118) иш кыскартылган, мунапыс жана эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу кыскартылган иштерден тышкары - 106 (106) ишти түзөт. Тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюуга 18 (18), анын ичинде 4 (8) иш сот тарабынан кайтарылган. Токтотулган иштердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 50 ишке, 533төн 588ге көбөйгөн. 5 (10) адам кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган, аларга карата козголгон кылмыш иштери реабилитациялык негиздер менен кыскартылган. Мыйзамсыз кармоо жана камакка алуу фактылары жок.
Мамлекетке келтирилген 695496730 (304196312) сомдук зыян аныкталып, анын 75,3% (74,5%) өндүрүлгөн.
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин органдарынын тергөө бөлүмдөрү 362 (285) иш аяктап, алардан сотко 285 (228) жиберилип, кыскартылган иштердин саны мунапыс колдонулгандыгына байланыштуу 50дөн 73кө көбөйгөн (реабилитациялык негизде кыскартылган иштер азайган, бирок өсүшү Ош областынын башкармалыгында 2ден 8ге байкалган). Белгилеп кетчү жагдай, борбордук аппарат боюнча реабилитациялоочу негиздер менен 17 (17) кылмыш иш кыскартылган, анын ичинен 4 иш боюнча пара талап кылуу фактылары болбой калгандыгы үчүн кыскартылган, ал эми калган 13 иш боюнча иш козгобостон аныктоого мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу кылмыш иши козголуп, жыйынтык чыгарылган.
Кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган 3 (10) адам реабилитациялык негизде тергөөдө кыскартылган (борбордук аппарат), алардын ичинен КР ЖПКнын 94-ст. негизинде кармалгандар жок.
Токтотулган кылмыш иштеринин саны 205тен 257ге көбөйгөн. Тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн 18 (14) иш кайтарылган, анын ичинен соттон 4 (3) иш кайтарылган. Мамлекетке келтирилген 197561018 (210639179) сомдук зыян аныкталып, анын 92,3% (78,3%) өндүрүлгөн.
КР Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 128 (123) иш бүткөрүлүп, сотко 10 (10) иш жиберилип, 118 (113) иш кыскартылган, алардын ичинен мунапысты жана мөөнөтүнүн өткөндүгүн эсепке албаганда 115 (113) ишти түзгөн. Сот тарабынан акталган адамдар жок (2). Токтотулуп турган кылмыш иштеринин саны 31ден 42ге көбөйгөн. Тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн соттон 1 (0) кылмыш иш кайтарылган (Ош областы боюнча). Мамлекетке келтирилген 3671671 (69036589) сомдук зыян аныкталып, анын 98,2% (57,3%) өндүрүлгөн.
КР Баңги заттарын контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 234 (193) иш бүткөрүлүп, сотко 231 (190) жиберилип, 2 (3) иш кыскартылган, белгиленген мөөнөттөн өткөрүп 14 (24) кылмыш иш бүткөрүлгөн. Тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн 3 (7) иш кайтарылган, анын ичинен сот тарабынан - 2. Мыйзамсыз айыпкер катарында жоопко 1 адам тартылып, мыйзамсыз камакта болгон.
Мындан тышкары, 2014-жылы республиканын баардык укук коргоо органдары боюнча прокурорлор тарабынан жалпы 2779 (3001) токтотуу жана 503 (376) кыскартуу жөнүндө токтомдору жокко чыгарылган. Укук коргоо органдары боюнча жокко чыгарылган токтомдордун статистикасы төмөндөгүдөй:
- токтотуу жөнүндө: прокуратурада - 258 (255); ИИБ - 2232 (2503); ЭКККБ - 186 (139); МУКК - 60 (51); ЖАМК - 27 (42); БКБМК - 11 (6) жана МБК – 5 (5);
- кыскартуу жөнүндө: прокуратурада - 69 (55); ИИБ - 373 (286); ЭКККБ - 35 (22); МУКК - 17 (10); ЖАМК - 7 (3); БКБМК - 1 (0) жана МБК -1 (0);
Мыйзамдуулукту бузуунун ар кандай түрлөрүнө жол бергени үчүн прокурорлор тарабынан укук коргоо органдарына 998 (1017) сунуш киргизилген (883 (908) - ИИБ боюнча, 15 (16) - прокуратурага, 29 (45) - МУКК, 47 (28) - ЭККККБ, 4 (7) - ЖАМК, 15 (12) - БКМК, 5 (1) - МБК,) жана 425 (506) тартиптик өндүрүш козголгон (403 (477) - ИИБ боюнча, 9 (12) - ЭКККБ, 6 (5) - ЖАМК, 3 (9) - МУКК, 4 (2) - БКМК, 0 (1) - МБК).
Келтирилген прокурордук чараларды кароонун жыйынтыгы менен 660 (622) адам (576 (543) - ИИБ боюнча, 23 (35) - прокуратура, 13 (4) - ЖАМК, 6 (15) - МУКК, 30 (14) - ЭКККБ, 4 (0) - МБК, 8 (11) - БКМК) тартиптик жаза алышкан.
Белгилеп кетчү жагдай, изин суутпай издөөнү, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан гана жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Башкы прокурордун буйругу менен 90 прокуратура органдарынын кызматкерлери тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан (алардын ичинен 4 - ээлеген кызмат ордунан бошотулган, 2 - ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүлгөн, 3 - ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегендиги тууралуу жарыяланган).
Талдоо көрсөткөндөй, тергөө жана кылмыштардын тергөөсүнө жүргүзүлгөн иш-аракеттер жана бүгүнкү күндөгү абалы боюнча негизги көрсөткүчтөр, т.а. мыйзамсыз кармоо, кылмыш жообуна тартуу, камакка алуу, сот тарабынан тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайтарылган иштер жана зыянды өндүрүү боюнча жакшыртылган.
Прокурорлордун мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттогу өкүлчүлүк иштери жөнүндө
2014-жылы биринчи инстанциялык соттор тарабынан 16718/19603 кылмыш иш каралган, ал эми 2013-жылы 18529/21479 кылмыш иш каралган. Жалпы каралган иштердин саны 2013-жылга салыштырмалуу 1811 кылмыш ишке 9,8%, 1876 адамга 8,7% аз каралган.
Апелляциялык инстанцияда 2184/2926 (1996/2663) кылмыш иш каралып, 2013-жылга салыштырмалуу 188/263 кылмыш ишке 8,6% көп каралган.
Кассациялык инстанцияда 1262/1383 (1237/1398) кылмыш иш каралып, салыштырмалуу 25 кылмыш ишке 2% көп, ал эми 15 адамга карата 1% аз каралган.
Көзөмөл инстанцияда 1695/1854 (1639/1848) кылмыш иш каралса, 2013-жылга салыштырмалуу 56/6 кылмыш ишке 3,3% көп каралган.
Биринчи инстанциядагы соттор тарабынан 2014-жылы жалпы каралган 16718 (18529) кылмыш иштер боюнча:
- айыптоо өкүмү 5619 же 33,6% (6101 же 32,9%) кылмыш иши боюнча 6874 же 35,1% (7242 же 33,7%) адамга карата кабыл алынган;
- 174 же 1% (64 же 0,4%) кылмыш иши 184 же 0,9% (68 же 0,4%) адамга карата айыптоо өкүмү КР ЖПКнын 328-3-бер. (соттук териштирүү жүргүзүлбөстөн каралган) негизинде кабыл алынган;
- 205 же 1,2% (169 же 0,9%) кылмыш иш боюнча 326 же 1,6% (260 же 1,2%) адамга карата актоо өкүмү кабыл алынган;
229 же 1,3% (278 же 1,5%) кылмыш иш боюнча 327 же 1,7% (409 же 1,9%) адамга карата кылмыш иши тергөөдө мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн сот тарабынан прокурорго кайтарылган;
- 1715 же 10,3% (2013 же 10,8%) кылмыш иш 2111 же 10,7% (2358 же 11%) адамга карата тараптар сотко камсыз болбогондугу боюнча соттук токтом чыгып, камсыз кылуу үчүн прокурорго кайтарылган;
- 4862 же 29% (5365 же 29%) кылмыш иштин ичинен 5745 же 29,3% (6510 же 30,3%) адамга карата сот тарабынан кыскартуу жөнүндө токтом кабыл алынган;
- 111 же 0,6% (155 же 0,7%) адамга карата 110 же 0,7% (155 же 0,9%) кылмыш иши боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан белгиленген;
- 294 же 1,8% (212 же 1,1%) кылмыш иши боюнча 408 же 2,1% (304 же 1,4%) адамга бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 265-ст. негизинде убактылуу токтотулган;
- 3510 же 21,0% (4172 же 22,5%) кылмыш иштин ичинен 3517 же 18% (4173 же 19,4%) адамга карата КР ЖПКнын 132, 132-1-ст. негизинде каралган.
2014-жылы биринчи инстанциялык соттор тарабынан 16718 кылмыш иш боюнча 19603 адамга каралса, 205 (1,2%) кылмыш иши боюнча 326 (1,6%) адамга актоо өкүмү кабыл алынган. Ал эми, экинчи инстанциялык сот тарабынан 26 кылмыш иш боюнча 35 адамга карата актоо өкүмү кабыл алынган. Ошондо биринчи жана экинчи инстанциялык соттор тарабынан 231 кылмыш иш боюнча 361 адамдын үстүнөн актоо өкүмү кабыл алынган.
2014-жылы баардык кабыл алынган актоо өкүмдөрдүн ичинен 81 кылмыш иш боюнча 114 адамга карата актоо өкүм күчүнө кирген.
78 кылмыш иш боюнча 145 адамга карата сунуш келтирилип кароо алдында турат. Калган 72 кылмыш иш боюнча 102 адамга карата кабыл алынган актоо өкүмдөр жогору турган сот тарабынан жокко чыгарылган.
2014-жылы жеке тартипте 278 (281) кылмыш иш боюнча сунуш келтирилип каралган болсо, алардын ичинен прокурордун сунушу менен 180 (152) соттук акт бузулган жана өзгөртүлгөн, ал эми 98 (129) сунуш канааттандыруусуз калтырылган. Ошондо прокурордун сунушу менен бузулуп же өзгөртүлгөн эффективдүүлүк 64,7% (54%) түзгөн. 2014-жылы былтыркы жылга салыштырмалуу жеке сунуштардын канааттандыруусу 10,7% өскөн.
Апелляциялык тартипте 528 (493) кылмыш иш боюнча сунуш келтирилип каралган болсо, алардын ичинен прокурордун сунушу менен 318 (267) соттук акт бузулган жана өзгөртүлгөн, ал эми 210 (226) сунуш канааттандыруусуз калтырылган. Ошондо прокурордун сунушу менен бузулуп же өзгөртүлгөн эффективдүүлүк 60,2% (54,1%) түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу апелляциялык сунуштардын канааттандыруусу 6,1% өскөн.
Кассациялык тартипте 501 (455) кылмыш иш боюнча сунуш келтирилип каралган болсо, алардын ичинен прокурордун сунушу менен 338 (247) соттук акт бузулган жана өзгөртүлгөн, ал эми 163 (208) сунуш канааттандыруусуз калтырылган. Прокурордун сунушу менен бузулуп же өзгөртүлгөн эффективдүүлүк 67,4% (54,2%) түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу кассациялык сунуштардын канааттандыруусу 13,2% өскөн.
Көзөмөл тартипте 388 (370) кылмыш иш боюнча сунуш келтирилип каралган болсо, алардын ичинен прокурордун сунушу менен 221 (189) соттук акт бузулган жана өзгөртүлгөн, ал эми 167 (181) сунуш канааттандыруусуз калтырылган. Прокурордун сунушу менен бузулуп же өзгөртүлгөн эффективдүүлүк 57% (51%) түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу көзөмөл сунуштардын канааттандыруусу 6% өскөн.
Жарандык соттук иштер боюнча жасалган жумуштардын абалы
2014-жылы жергиликтүү соттор тарабынан 67287 жарандык иш каралып 46952 иш боюнча чечим кабыл алынган, ал эми былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 63292 иштерден 43712 иш боюнча чечим чыгарылып, былтыркы жылга салыштырмалуу 3995 иш жана 3240 соттук чечим көп чыгарылган.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 45-беренесинин талабына ылайык милдеттүү түрдө прокурорлор катышуучу 1941 (2147) жарандык иштерден 1941 (2138) иш боюнча прокурорлор камсыз болгон же катышуу 100% (99,6%) түзгөн.
Бирок, прокурорлор тарабынан административдик иштерге катышууну камсыз кылуу тиешелүү деңгээлде колго алынбай 2014-жыл ичинде биринчи инстанциядагы соттор тарабынан административдик тартиптеги 4243 иш каралса, прокурорлор тарабынан болгону 247 ишке же болбосо 5,8% гана катышуу жүргөн.
Бул иштеги одоно кемчиликтердин себептери Башкы прокуратура тарабынан талдоого алынып чыгып, аталган кемчиликтерди четтетүү максатында бул категориядагы иштерге катышууну камсыз кылуунун тартибин белгилеп кеткен "Соттордо өкүлчүлүк кылуу ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча чаралар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 21.10.2014-жылдагы № 90 көрсөтмөсү даярдалып, жер жерлерге жөнөтүлгөн.
Отчёттук мезгилде республиканын жалпы прокуратура органдары тарабынан сотторго жалпы суммасы 53972698 (126772461) сомду түзгөн 1010 (744) доо арыз келтирилген. Б.а., былтыркы жылга салыштырмалуу доолордун саны 266 доого өскөнү менен, алардын суммасы 72799763 сомго азайган.
Доо арыздарды келтирүү учурларынын өсүшү Бишкек шаары, Ош областы жана Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратураларынан башка баардык региондордо орун алган. Булардын ичинен Чүй областында 98 доого, Ош шаарында 55 доого кескин түрдө өскөн.
Соттор тарабынан 15169799 (40306933) сомду түзгөн 642 (475) доо арыз каралган, алардын ичинен 10489567 (36227481) сомдук 374 (326) доо арыз канааттандырылган. Өз ыктыяры менен келтирилген зыян толукталганы үчүн өндүрүштөн 17 (64) доо 998169 (1624006) сомго кыскартылып, 569142 (439939) сом өз ыктыяры менен төлөнүп берилип, прокурорлордун доолорунун негизинде 650075 (639393) сомдук мамлекеттик алым чегерилген.
Кайрылууларды кароо жана жарандарды кабыл алуу боюнча иш жөнүндө
2014-жылы прокуратура органдарына 33102 (29839) кайрылуу түшкөн, алардын ичинен чечилгени 24071 (22051) же 72% (74%) түзөт. Алардын ичинен 4957 (4852) кайрылуу канааттандырылган.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү 9619 (8238) Башкы прокуратурага, андан соң 6558 (5964) Бишкек шаарынын, 4439 (4103) Чүй, 2966 (2337) Ош областынын, 2879 (2721) Жалал-Абад областынын прокуратура органдарына келип түшөт.
Отчеттук мезгилде республиканын прокуратура органдары тарабынан чечилген кайрылуулар:
- 374 (327) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан келип түшкөн, анын ичинен канааттандырылганы 44 (37) кайрылуу;
- 719 (764) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен келип түшкөн, анын ичинен канааттандырылганы 99 (104);
- 77 (99) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан келип түшкөн, анын ичинен канааттандырылганы 7(18);
- 188 (245) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынан келип түшкөн, анын ичинен 26 (36);
- 62 (59) жергиликтүү өкүлчүлүк органдардын депутаттарынан келип түшкөн, анын ичинен канааттандырылганы 11 (12);
- 109 (109) Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынан келин түшкөн, анын ичинен канааттандырылганы 12 (13).
Кайрылуулардын саны Жогорку Кеңештен 45, Президенттин Администрациясынан 47, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан 22 жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратынан 57 кайрылууга кыскаргандыгы жана жергиликтүү өкүлчүлүк органдардын депутаттарынан 3кө өскөндүгү байкалат.
Белгилей кетүүчү нерсе, отчеттук мезгилде 2013-жылга салыштырганда жарандардын кайрылууларын канааттандыруу 30% өскөндүгү байкалат, бул чечилген 16389 (14914) (дубликатсыз) кайрылуулардын жалпы санынан 4957 (4852) кайрылуу канааттандырылган.
Белгилей кетүүчү нерсе, кайрылуулардын басымдуу көпчүлүгү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тергөө жана ыкчам издөө ишин жүргүзүү учурундагы мыйзамсыз аракеттерине карата түшүүсүн улантууда. Жарандар тергөө аракеттеринин тийиштүү эмес өндүрүшүнө, кылмыш процессинин катышуучуларынын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууга, тергөөчүлөрдүн мыйзамсыз жана негизсиз чечимдерди кабыл алуусуна карата даттануулар менен кайрылууда. Бул ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнүн төмөндүгү, укуктук ченемдерди, кылмыш-процесстик мыйзамдардын талаптарын сактабагандык жана бузуулар менен түздөн-түз байланышып, тергөөнүн сапатына таасир тийгизүүдө.
Ички иштер органдарында тергөө жана алгачкы тергөө маселелери боюнча чечилген даттануулардын жалпы саны 8144 (7693) түздү, б.а. 2013-жылдын ушул мезгилине караганда 451 кайрылууга көп. Канааттандырылган кайрылуулардын жалпы санынан 30% ашыгы негиздүү деп табылгандыгын жана бузуулардын фактылары текшерүүнүн жүрүшүндө өзүнүн далилдөөсүн тапкандыгын белгилей кетүү зарыл.
2014-жылы статистикалык маалыматтарга ылайык кайтадан берилген даттануулардын саны 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4 кайрылууга азайган жана 75 (79) түздү, анын ичинен далилдүү деп табылганы жок (4).
Кайтадан берилген даттануулардын көпчүлүгү негизсиз экендигин белгилебей кетүүгө болбойт. Көпчүлүк жарандар көп жылдардан бери республиканын прокуратура органдарына негизсиз, бир эле дооматтар менен кайрылууда. Алардын кайрылуулары боюнча прокуратура органдары тарабынан бир канча ирет кылдат текшерүүлөр жүргүзүлгөн жана алардын талаптарынын негизсиз экендиги жөнүндө Мыйзамга ылайык жыйынтык жооптор берилген, бирок ошого карабастан алар мамлекеттик бийликтин ар башка органдарына кайрылууну улантууда.
Республиканын прокуратура органдарына келип түшкөн жана чечилген жарандардын даттанууларынын жана арыздарынын мүнөзүн карай турган болсок, талдоо көрсөткөндөй:
- 8144 же 49,7% (7693 же 51,6%) кайрылуу тергөө жана алгачкы тергөө маселелери менен байланышкан;
- 28,5% же 4670 (27% же 4021) кайрылуу мыйзам актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө маселелери боюнча;
- 0,3% же 43 (0,5% же 80) жашы жете электер жөнүндө мыйзамды сактоо маселеси боюнча;
- 1,9% же 304 (2,8% же 414) даттануу жарандык жана административдик иштер боюнча сот актыларынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү маселелерине туура келет;
- 19,6% же 3228 (18,1% же 2706) башка маселелер, анын ичинде кылмыш иштери боюнча сот актыларынын негиздүүлүгү боюнча даттануулар жана арыздар.
2014-жылы республиканын прокуратура органдары тарабынан жеке кабыл алууда 18253 (17965) жаран болгон, анын ичинен 6481 (6381) жаранды прокурорлор жеке өздөрү кабыл алган.
2014-жылы прокуратура органдары тарабынан жеке кабыл алууда 18253 (17965) жаран, анын ичинен прокурорлордун жеке кабыл алуусунда 6481 (6381) жаран болгон.
Республиканын Башкы прокуратурасынын борбордук аппаратында жеке кабыл алууда 5577 (4272) жаран, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Бажы прокурорунун жеке кабыл алуусунда - 202 (84) жаран болгон.
2014-жылы электрондук почта менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 870 кайрылуу келип түшкөн.
Азыркы учурда жарандык коом менен мындан да тыгыз өз ара аракеттенүү үчүн прокуратура органдарында видеоконференцбайланыш (видеокабыл алуу) иштеп жатат, бул республиканын алыскы региондорунда жашаган калк прокуратура органдарынын компетенциясына кирген маселелер менен кайрылууга же кандайдыр бир каалоолорун Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилигине жашаган жеринен чыкпай туруп айтууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында жарандарды кабыл алууну уюштуруу Эрежесине ылайык, республиканын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги тарабынан жарандарды ачык кабыл алуу практикаланып жатат.
Эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук кызматташуу багытында 2014-жылы кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү кызматташуунун укуктук негиздерин кеңейтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын укуктарын жана милдеттенмелерин жүзөгө ашырууда тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазык мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнүн милдеттерин эл аралык маанидеги укуктук көмөк көрсөтүү иштерин тыгыз алып барды.
Эл аралык кызматташууну кеңейтүү боюнча көрүлгөн иш чаралардын алкагында 29.01.2014-ж. Швейцариянын Базель шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Базель (активдер кайтаруу боюнча) башкаруу Институту ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Меморандумдун чегинде Базель башкаруу Институтунун эксперттери Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Швейцариянын юрисдикциясына тиешелүү кылмыш иштер боюнча укуктук көмөк көрсөтүү жөнүндө суроо талаптарды түзүүдө юридикалык консультативдүү жардам көрсөтүүсү каралган.
Ошондой эле, 2014-жылдын 17-июнунан 20-июнуна чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмү StAR Демилгеси менен биргелешип Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банк Офисинин каржылык жардамы аркылуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү үчүн (ТИМ, ИИМ, ФЧМК, ЭККМК, Улуттук банк, УКМК жана Башкы прокуратура) Улуу Британиянын юрисдикциясына тиешелүү уурдалган активдерди аңдуу, тоңдуруу жана кайтаруу маселелер боюнча семинар уюштурулду.
2014-жылдын 28-июнунан 5-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясынын АКШнын Вашингтон шаарында жана Канаданын Оттава шаарында иш-сапары болуп өттү. Делегациянын составына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төрагасынын орун басары Б.Жээнбаева кирди.
2014-жылдын 25-сентябрында Таджикстан Республикасынын Душанбе шаарында КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун кезектеги Координациялык Отурумунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы катышты.
2014-жылдын 8-октябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында ШКУ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун он экинчи Отуруму болуп өттү.
12-отурумдун чегинде он биринчи отурумдун Чечиминин 7-пунктуна ылайык (Бишкек, 26.09.2014 г.) ШКУ мамлекеттеринин кылмыштуу кирешени табуу, конфискациялоо жана келип чыккан мамлекеттерине кайтаруу боюнча мыйзамдарынын жана тажрыйбасын натыйжалары талкууланды.
18.12.2014-ж. республиканын Башкы прокуратурасы имаратында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын демилгеси менен Корея Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана Корея Республикасынын Жогорку прокуратурасынын баңгизаттарга каршы Департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен мамлекет аралык эксперттик жолугушуу болуп өттү.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлерин чет мамлекеттерге кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана эл аралык жыйындарга жөнөтүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлдү. Тактап атканда, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлери Швейцария, АКШ, Иран Ислам Республикасы, Корея, Россия, Түркмөнстан, Улуу Британия, БАЭ, Бельгия, Франция, Казахстан, Таджикистан, Албания, Турция, Австрия, Италия, Белорусь Республикасы, Өзбекистан жана Грузия мамлекеттеринде болуп өткөн эл аралык семинарларда жана конференцияларда 90 (125) кызматкер катышты.
Ошондой эле отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын жетекчилиги менен чет өлкөлүк өкүлдөр жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу 45 (37) болду.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан чет мамлекеттердин тиешелүү органдары жиберген кылмыш иштери боюнча 717 (622) укуктук көмөк көрсөтүү тапшырмасы каралды. Чет мамлекеттердин тиешелүү органдарына - 231 (243) эл аралык тапшырма жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына чет мамлекеттердин тиешелүү органдарынан 462 (351) эл аралык тапшырма түшкөн.
Кыргыз Республикасынын аймагында чет-мамлекеттин жарандары жасаган кылмыштары үчүн, аларды кылмыш жообуна тартуу тууралуу чет мамлекеттердин тийиштүү органдарына, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан чет-мамлекеттердин тийиштүү органдарына 4 (6) кылмыш иш жөнөтүлгөн.
Чет мамлекеттердин аймагында жасаган кылмыштары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жоопко тартуу тууралуу чет мамлекеттердин тийиштүү органдарынан Башкы прокуратурага 15 (11) иш түшүп, тийиштүү тергөө органдарына жөнөтүлгөн.
2014-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргызстандын аймагында жоопко тартуу тууралу чет мамлекеттердин Башкы прокуратураларына 137 талап жөнөтүлгөн.
Алардын ичинен чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына 120 берүү тууралуу талап жөнөтүлүп, алардын ичинен 58 суроо боюнча макулдулук берилип, 50 адамга карата 8 талап боюнча мөөнөтү өткөндүктөн кароодон баш тартылды, 4 суроо боюнча экстрадиция материалдары келип түшүүсү күтүлүүдө.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 30 чет мамлекеттердин жарандарын жоопко тартуу тууралуу суроо каралып чыкты, алардын ичинен 18 суроо боюнча берүү жөнүндө чечим кабыл алынган, 8 суроо боюнча канааттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынган, экстрадициялык текшерүүдө - 4 (РФ-2, ФРГ-2).
2014-жылы соттолгондорду которуу боюнча жалпысынан 234 кайрылуу каралган, алардын ичинен 30 кайрылуу канааттандырылды (РФ-20, РК-10); 105 - кароодон баш тартылган (РФ-47, РК-57, Литва-1); 99 каралууда (РФ-70, РК-24, Тажикстан-4, Польша-1).
Кадрдык иштер жөнүндө
2014-жылы кадрлар тармагында кадрларды бөлүштүрүү, тарбиялоо, кызматтык милдеттерин аткарууда жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлдү.
Прокуратура органдарынын сапаттык курамына токтолсок, штаттык расписание боюнча прокуратура органдарынын прокурордук-тергөө кызматкерлеринин саны 841 (841) адамды түзөт, иш жүзүндө иштегени 831 (820), аялдар - 103 же 12,3% (99 же 12%), башка улуттагы кызматкерлер - 46 же 5,5% (47 же 5,7%), стажерлор - 49 же 5,8% (46 же 5,6%) түзөт.
Жалпы кызматкерлердин ичинен 143 (128) же 17,2% жаш адистер болуп эсептелинет, алардын ичинен: 1 жылга чейин иштеген кызматкерлер 55 (46), 1 жылдан 3 жылга чейин иштеген кызматкерлер - 88 (82). Ал эми, 3 жылдан 5 жылга чейинкилер - 88 (101), 5 жылдан 15 жылга чейин иштегендер - 370 (370) түзөт, 15 жылдан 25 жылга чейинкилер - 174 (172), 25 жылдан жогору иштегендер 56 (49) түзөт.
2014-жылы 59 (51) кызматкерлер прокуратура органдарына кабыл алынып ваканттык кызматка 49 жана убактылуу кызмат орундарга 10 дайындалышкан.
Ишмердүүлүктү өнүктүрүп, тажрыйба алуу максатында 85 (80) кызматкер Башкы прокуратуранын, Аскер прокуратурасынын жана областтардын аппараттарында стажировкадан өтүшкөн.
Аскер прокуратурасы, Бишкек шаардык жана областтык прокуратуралар тарабынан төмөн турган прокуратураларга прокурордук тармактар боюнча 56 методикалык көрсөтмөлөр, жалпылоолор, эскерткичтер, көрсөтмөлөр иштелип чыгып жиберилген.
Белгилей кетүүчү жагдай Башкы прокуратура тарабынан "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жумушка кабыл алуу үчүн кадрлар резервин түзүүгө талапкерлерди тандоо Эрежесинин" талаптарына ылайык өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен кадрлар резервине киргизилген 84 талапкердин 42си стажер катары прокуратура органдарына кабыл алынын иштеп келе жатышат.
Ошол эле учурда 45 (39) прокурор-тергөөчү кызматкерлер, анын ичинен 30 (33) өз каалоолору менен жана пенсия жашына жеткендиктери тууралуу арыздарынын негизинде, бошотулушкан.
Прокуратура катарларынын "таза" болушуна, ал эми прокурордук кызматта моралдык аспекттер боюнча кошумча талаптарды коюу, кесиптик этиканы сактоого өзгөчө көңүл бурулат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгында коюлган талаптарды аткаруу максатында, 2014-жылдын 10-февралындагы № 15 Башкы прокурордун "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жана башка мыйзам бузууларды алдын алуу чаралары жөнүндө" буйругу кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында укук бузуу боюнча профилактикалык иштеринин абалын тууралуу Обзор түзүлүп, жер-жерлерге жөнөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин "2014-жылды мамлекеттүүлүктү бекемдөө Жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында коомдук кабылдамалардын жана ишеним телефондорунун иштөөсү активдештирилип, прокуратура органдарында коррупцияны жоюу жана алдын алуу иштери күчөтүлдү.
Бирок, прокуратура органдарында коррупциялык жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, дагы эле кызматтык милдеттерине кайдыгер караган учурлар орун алууда.
Кызмат абалынан пайдаланып кылмыш жасагандыктары үчүн 13 прокурор кызматкерлерине карата 12 (3) кылмыш иши козголгон.
Кылмыш жоопкерчилигине тартылган кызматкерлердин саны былтыркы жылга салыштырмалуу 4 эсеге өскөн. Эгерде 2013-жылы алардын саны 3 түзсө, аталган мезгилде - 13 болгон.
Күчөтүлгөн талапты жана жоопкерчиликти сезбей, функционалдык милдеттерин так аткарбаган 354 же 42,5% (296 же 36%) кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылышкан. Өткөн жылга салыштырмалуу отчеттук мезгилде тартип жоопкерчилигине тартылгандардын саны 58ге көбөйгөн.
Аны менен бирге кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарып демилгелүү иш алып барган 167 же 20% (105 же 12,8%) прокурор-тергөөчү кызматкерлер сыйланышкан. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 62ге көбөйгөн.
Отчеттук мезгилде которуулардын саны 473 (437) түздү, анын ичинен 145 (227) жогорулатуу негизинде, 83 (98) төмөндөтүү менен которулган, ошондой эле ротация катары 245 (112) кызматкер которулган.
Ошондой эле ишмердүүлүктү өнүктүрүп, тажрыйба алуу максатында 85 (80) кызматкер стажировкадан өтүшкөн.
Отчеттук мезгилде 153 (183) прокурордук-тергөө кызматкерлери, алардын ичинен 42 (41) стажер аттестация тапшырышкан. Аттестациянын жыйынтыгы менен 18 (9) кызматкер квалификацияларынын жетиштүү деңгээлин көрсөтпөгөндүктөн 6 айдан кийин кайрадан тапшырууга калтырылган, алардын ичинен жетекчи кызматтагылар - 10, катардагы кызматкерлер - 7. Мындан тышкары аттестация тапшырууда квалификациялык талаптарга жооп бербеген 2 кызматкер кызмат орундарынан төмөндөтүлсө, 2 стажер прокуратура органдарынан бошотулду.
Башкы прокуратуранын имаратында кызматкерлердин ден соолугун жана дене тарбия даярдыгын чыңдоо максатында машыгуу залы жабдыкталды.
Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин медициналык тейлөөсүн жогорулатуу максатында республикалык госпиталь жана ИИМдин поликлиникасы менен келишим түзүлдү.
Мындан тышкары өткөн жылда прокуратура органдарынын баардык кызматкерлери жаңы формалык кийим менен камсыздандырылды.
Прокурордук кызматкерлерди кесиптик даярдоо Борбору тарабынан 2014-жылы прокуратура кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жана квалификациялык даярдыгын көтөрүү максатында бир топ иш чаралар жүргүзүлдү.
Борбордун окуу-тематикалык планына ылайык 547 кызматкерге 39 семинар-тренинг, 14 кызматкер үчүн 1 тоголок стол өткөрүлгөн. Алардын ичинен 15 семинар Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Талас областтарына чыгуу менен өткөрүлүп, жалпысынан 535 кызматкер же республиканын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин 66,7% катышты.
Өткөрүлгөн семинар жана тренингдерде адамдарды сатуу, мыйзамсыз миграция, баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, коррупция, терроризм жана экстремизмдин пайда болушу, гендердик теңчилик жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо темалары угуучулар тарабынан талкууланды.
Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди үйрөнүү жана мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча курстар уюштурулду. Мамлекеттик тил күнү жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата иш чаралар аткарылып, республиканын жогорку окуу жайларынын жана мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө Ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Прокуратура органдарынын жалпы маалымат каражаттары менен кызматташуусу
2014-жылы Башкы прокуратура тарабынан прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн жалпы маалымат каражаттарына чагылдыруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, баардык деңгээлдеги прокуратуралардын карамагында жана жоопкерчилигинде туруучу аймактагы мыйзамдуулуктун абалын жана прокуратуранын жасаган иштерин жайылтуу (пропагандалоо) иретинде жергиликтүү эл жана мектеп окуучулары, мекемелерде, айылдык жыйындарда 1270 (1234) жолугушуулар өткөрүлдү.
Мындан сырткары жалпы маалымат каражаттарында басма сөз, радио, телевидение жана электрондук ЖМК боюнча - 1576 (1380) чагылдыруу берилген, анын ичинен басма сөз боюнча - 481 (386), радиодо - 164 (140), телевидениеде - 178 (201), электрондук маалымат каражаттарына - 753 (653) пресс-релиз даярдалып жиберилген.
Анын ичинен жарандардын милдеттери жана укуктары жөнүндө - 270 (253), кылмыштуулук менен күрөшүү жана мыйзамдуулуктун абалы тууралуу - 1258 (1099), экономика тармагында мыйзамдуулуктун сакталышы жөнүндө - 68 (96) - 28, жашы жете электердин мыйзамын аткаруу боюнча - 319 (292), наркомания менен күрөшүү - 30 (44), экология чөйрөсүндө мыйзамды аткаруу боюнча - 35 (34), жаңы кабыл алынган мыйзамдар туурасында - 93 (82), гендердик мыйзам жөнүндө - 30 (22), жана башка тематикада - 743 (692) чагылдырылды.
Прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулукту жана ЖМКны маалымдоонун ишенимдүү жана эффективдүү инструменти болуп Башкы прокуратуранын расмий сайты эсептелет. Расмий сайттын контентин аны колдонуучуларга пайдалуу маалыматтар менен толуктоо жана жаңылоо боюнча иш дайыма жүргүзүлүп турат.
Мындан тышкары, сайтка резонанс жараткан кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга өзгөчө көңүл бурулат. Ушул максатта сайтта "Резонанстуу иштер" деген баракча ачылган жана дайыма жаңыланып турат.
Белгилей кетүүчү нерсе, Башкы прокуратура тарабынан басма сөзгө, электрондук ЖМКларга жана маалымат-агенттиктерге дайыма мониторинг жүргүзүлүп турат. Прокуратура органдарынын жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн маселелерин, анын ичинде адам укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин ар намысын жана беделин коргоо маселелерин козгогон көйгөйлөр боюнча жарыяланган материалдардын иргелип алынгандары Башкы прокуратуранын жетекчилигинин кароосуна киргизилет. ЖМКларда жарыяланып көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга өз убагында чара көрүү практикасы прокуратура органдарынын көзөмөлдөө ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Статистикалык маалыматтар 2014-жылы бул багыттагы иш аракеттердин өсүүсүн көрсөтүүдө. Мындан ары да баардык деңгээлдеги прокуратуралардын карамагында жана жоопкерчилигинде туруучу аймактагы мыйзамдуулуктун абалын жана прокуратуранын жасаган иштерин жайылтуу боюнча иш аракеттерди күчөтүү зарыл.
2015-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясынын кеңейтилген отуруму өткөрүлдү жана анда прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттары аныкталып, 2015-жылга карата милдеттер коюлду.
Прокуратура органдарынын ишмердигинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталды:
- коррупция менен чечкиндүү жана тил табышкыс күрөшүү, коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын ишмердигин эффективдүү координациялоо;
- кызмат адамдарынын мыйзамга каршы аракеттеринин фактыларын жоюу, мамлекеттик жана финансылык тартип бузууларга бөгөт коюу, мамлекетке келтирилген зыянды толук өндүрүү;
- мамлекеттик сатып алуу, бюджет, бажы, салык, инвестиция чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту, Өкмөттүн кепилдиги астында тартылган кредиттерди эффективдүү жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу, энергетикалык коопсуздукту, мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу;
- терроризмге жана экстремисттик ишмердикке каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан көзөмөлдөөнү активдештирүү;
- ишкердик ишмердүүлүктүн субъектилеринин укуктарын коргоо жана контролдоо-көзөмөлдөө ыйгарым укуктарына ээ жана уруксат берүү процедураларын жүзөгө ашырган, аткаруу бийлигинин органдары тарабынан мыйзамдарды аткаруу чөйрөсүндө прокурордук көзөмөлдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу;
- социалдык коркунучтуу абалда турган балдарга, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй бүлөдөгү балдарга өз убактысында жардам берүүсүнө (жөлөк пулдардын, компенсациялык төлөмдөрдү ж.б. берүү) көңүл буруу менен жашы жете электерди социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү;
- кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү чечүүнүн мыйзамдуулугуна, кылмыш процессинин катышуучулары - жарандардын конституциялык укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, процесстик талаптарды сактоо менен тергөөнүн толуктугуна, ар тараптуулугуна жана объективдүүлүгүнө таасирдүү көзөмөлдү камсыздоо;
- кылмыш иштери боюнча изин суутпай издөө ишмердигинин жана тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жакшыртууга кечиктирилгис чараларды көрүү;
- мыйзамдуулуктун жана жарандардын укуктарын кандай гана болбосун бузууларга алдын ала чара көрүү максатында мамлекеттик айыптоочулардын сот процесстерине сапаттуу жана профессионалдуу катышуусун камсыз кылуу, сот адилеттигине жөнөтүүдө мыйзамдуулук принцибин камсыз кылууда прокуратуранын ролун жогорулатуу.