Редакцияот 20.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-майы № 5111-V

"2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салыктарды алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 16-апрелиндеги № 215 токтому) "2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салыктарды алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков