КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-апрели № 215
"2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салык алуунун принциптери жөнүндө макулдашууну денонсациялоо тууралуу
1-берене.
2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соодада кыйыр салык алуунун принциптери жөнүндө Макулдашуу денонсациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде аталган Макулдашуунун денонсациялангандыгы тууралу Россия Федерациясынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө эл аралык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|