КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 5117-V
"1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуу принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 16-апрелиндеги № 217 токтому) "1997-жылдын 11-июнунда Алматы шаарында кол коюлган товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акциз салыгын алуу принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |