Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 16 токтому менен бекитилген
|
1. Чет өлкөлөрдөн берилген философиянын доктору академиялык даражалары (PhD) диссертацияны экспертизалоодон жана дипломдорду нострификациялоодон өткөргөндөн кийин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында илимдин тиешелүү тармактары боюнча илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына эквиваленттүү деп таанылышы мүмкүн.
2. Философиянын доктору (PhD) академиялык даражасы бар изденүүчүлөрдүн диссертацияларын экспертизалоо жана дипломдорун нострификациялоо Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы (ЖАК) тарабынан жүргүзүлөт.
3. PhD дипломдорун нострификациядан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ЖАКынын төрагасынын атына жазылган изденүүчү иштеген мекеменин жетекчисинин өтүнүч каты же изденүүчүнүн жеке арызы Кыргыз Республикасынын ЖАКына жиберилет.
4. Өтүнүч катта диссертация аткарылган илимдин тармагы көрсөтүлөт жана төмөндөгүдөй документтер тиркелет:
- изденүүчүнүн диссертациясы жана анын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу;
- кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы (анкета) сүрөтү менен;
- жогорку же жогорку окуу жайынан кийинки адистик билими жөнүндө, философиянын докторунун (PhD) дипломунун нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөлөрү жана алардын мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу;
- илимий иштеринин тизмеси;
- паспортунун көчүрмөсү.
5. Изденүүчүнүн диссертациясы жана анын аттестациялык делосу Кыргыз Республикасынын ЖАКынын каралып жаткан иштин профили боюнча эксперттик кеңешине кароо үчүн берилет. Эксперттик кеңеш философиянын докторунун (PhD) диссертациясы илимдин тиешелүү тармагы боюнча кандидаттык диссертациянын төмөндөгүдөй талаптарына ылайык келет же ылайык келбейт деген корутундусун берет:
- илимдин кандидатынын окумуштуулук даражасын изденүүгө жазылган диссертация атайын даярдалып, кол жазма түрүндө сунуш кылынган жеке илимий-квалификациялык иш болушу керек, анда билимдин тийиштүү тармагы үчүн олуттуу мааниси бар милдеттер камтылышы же экономиканы, илимий-техникалык прогрессти тездетүү үчүн чоң мааниге ээ болгон илимий жактан негизделген техникалык, экономикалык же технологиялык иштеп чыгуулар берилиши керек;
- автор тарабынан сунуш кылынган жаңы чечимдер өтө так аргументтелиши жана башка чечимдерге салыштырмалуу сын көз менен бааланышы керек;
- прикладдык мааниси бар диссертацияларда автор тарабынан алынган илимий жыйынтыктарды иш жүзүндө колдонуу жөнүндө маалыматтар келтирилип, жыйынтыктардын өндүрүшкө киргизилгендиги, алынган жаңы сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр, сунуш кылынган технологиялардын артыкчылыгы, продукциянын, материалдардын үлгүлөрү документтер менен бекемделет. Ал эми теориялык мааниси бар диссертацияда-илимий жыйынтыктар жана корутундуларды пайдалануу жөнүндө сунуштар келтирилиши керек;
- илимий жарыялоолор диссертациянын негизги натыйжаларын чагылдырууга тийиш.
6. Корутундунун негизинде Кыргыз Республикасынын ЖАКынын эксперттик кеңеши Кыргыз Республикасынын ЖАКынын Президиумуна PhD дипломунун илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин кандидаты даражасына эквиваленттүүлүгүн таануу же тааныбоо жөнүндө сунушун берет.
Философиянын доктору (PhD) диссертациясы ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген учурда, Кыргыз Республикасынын ЖАКынын Президиуму философиянын доктору (PhD) дипломун нострификациялоо жөнүндө оң чечим кабыл алат жана Кыргыз Республикасынын ЖАКы изденүүчүгө илимдин тиешелүү тармагы боюнча илимдин кандидатынын дипломун берет.
Каралып жаткан диссертация ушул Жобонун жогоруда көрсөтүлгөн талаптарына ылайык келбесе, Кыргыз Республикасынын ЖАКынын Президиуму өтүнүч катты четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин, Кыргыз Республикасынын ЖАКынын Президиуму терс чечим кабыл алган учурда, Кыргыз Республикасынын ЖАКынын аттестациялык бөлүмү, изденүүчүнүн жазуу түрүндөгү арызынын негизинде терс чечим кабыл алууга негиз болгон себептер көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын ЖАКынын эксперттик кеңешинин чечимин изденүүчүгө берет. Кыргыз Республикасынын ЖАКы изденүүчүгө көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдогондон кийин ишти кайрадан нострификациялоого берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.
7. PhD дипломдорун нострификациялоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын ЖАКына тиешелүү арыз берилген күндөн баштап 4 айдын ичинде жүргүзүлөт.