Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-январы №16

Чет өлкөлөрдөн берилген философия доктору академиялык даражаларынын (PhD) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет өлкөлөрдөн берилген философия доктору академиялык даражаларынын (PhD) дипломдорун Кыргыз Республикасында нострификациялоо жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Премьер-министр

 

Ө.Бабанов